1Ысрайыл уулдары, Теңирдин сөзүн уккула! Анткени Теңир бул жердин тургундарын соттойт. Себеби бул жерде акыйкаттык да, боорукердик да, Кудайды таанып билүү да жок.
2«Ант берүү, алдамчылык, киши өлтүрүү, уурулук кылуу, бузуктук кылуу аябай жайылган, кан төгүүнүн артынан кан төгүү.
3Ошон үчүн бул жер ыйлайт, анын үстүндө жашагандын баары – талаадагы айбанаттар да, асмандагы канаттуулар да алсырайт, атүгүл, деңиздеги балыктар да кырылат.
4Бирок бири-бири менен талашып-тартышпасын, бирин-бири ашкерелебесин. Анткени сенин элиң ыйык кызмат кылуучулар менен талашып-тартышкандарга окшош.
5Сен күндүз мүдүрүлүп жыгыласың, сени менен кошо пайгамбар түн ичинде мүдүрүлүп жыгылат, энеңди жок кылам.
6Элим Мени таанып билбегендиктен кырылды. Сен таанып билүүнү четке каккандыктан, Мен да сени Менин алдымда ыйык кызмат кылуудан четтетем. Сен өз Кудайыңдын мыйзамын унуткандыктан, Мен да сенин балдарыңды унутам.
7Алар канчалык көбөйгөн сайын, Мага каршы ошончолук көп күнөө кылып жатышат. Алардын даңкын маскарачылыкка айлантам.
8Алар Менин элимдин күнөөлөрү менен азыктанып жатышат, алардын жаны анын мыйзамсыздыгына умтулуп жатат.
9Элге эмне болсо, ыйык кызмат кылуучуга да ошол болот. Аны өзүнүн жолдоруна жараша жазалайм, ага өзүнүн кылган иштерине жараша тиешесин берем.
10Жешет, бирок тоюшпайт, бузуктук кылышат, бирок көбөйүшпөйт, анткени Теңирге кызмат кылууну таштап коюшкан.
11Бузуктук, шарап жана ичимдиктер алардын жүрөгүн ээлеп алган.
12Менин элим өзүнүн дарагынан сурап жатат, ага өзүнүн таягы жооп берип жатат. Анткени бузуктук руху аларды адаштырды, алар бузуктук кылып, өз Кудайынан баш тартышты.
13Алар тоолордун чокуларында курмандык чалып жатышат, дөңсөөлөрдөгү эмен дарактарынын, кайыңдардын жана кара жыгачтардын түбүндө жыпар жыттуу зат түтөтүп жатышат, анткени алардын көлөкөсү жакшы. Ошондуктан кыздарыңар бузуктук кылып жатышат, келиндериңер ойноштук кылып жатышат.
14Мен бузуктук кылып жаткан кыздарыңарды, ойноштук кылып жаткан келиндериңерди жазалабайм, анткени силер өзүңөр бузулган аялдар менен кошулуп жатасыңар, бузуктук кылгандар менен бирге курмандык чалып жатасыңар, түркөй эл болсо өлүп жатат.
15Ысрайыл, сен бузуктук кылсаң да, Жүйүт күнөө кылбасын. Гилгалга барбагыла, Бейт-Абенге чыкпагыла, “Теңир тирүү!” деп ант бербегиле.
16Анткени Ысрайыл өжөр кунажындай өжөр болуп калды, ошон үчүн Теңир эми аларды кенен жайытта козу кайтаргансып кайтармак беле?
17Эпрайым буркандарга байланып калды. Аны буркандары менен калтыр!
18Алар масы тарагандан кийин бузуктук кылганын улантышат. Алардын төрөлөрү уятсыз иштерди жакшы көрүшөт.
19Шамал аларды канаттары менен курчап алат, алар өздөрү чалган курмандыктары үчүн уят болушат.