Ошуя 5:1-15 KYB2004 - Bible AI

1Ыйык кызмат кылуучулар, муну уккула, Ысрайыл тукуму, кулак салгыла, падыша үйү, кулак төшөгүлө, себеби силердин үстүңөрдөн сот болот, анткени силер Миспада сыйыртмак, Табордо жайылган тор болдуңар.

2Алар бузуктукка батып кетишти, бирок Мен алардын бардыгын жазалайм.

3Мен Эпрайымды билем, Ысрайыл да Менден жашыруун эмес, анткени сен, Эпрайым, бузуктук кылып жатасың, Ысрайыл булганды.

4Алардын иштери өз Кудайына кайрылууга жол бербейт, анткени алардын ичинде бузуктук руху бар, алар Теңирди билишпейт.

5Ысрайылдын текебердиги өзүнө каршы күбөлөндүрүп жатат. Ысрайыл менен Эпрайым өздөрүнүн мыйзамсыздыгы үчүн мүдүрүлүшөт, алар менен бирге Жүйүт да мүдүрүлөт.

6Алар өздөрүнүн койлору жана өгүздөрү менен Теңирди издегени чыгышат, бирок Аны табышпайт. Теңир алардан алыстап кеткен.

7Алар Теңирге бейопалык кылышты, анткени алардан чоочун балдар төрөлдү. Эми душман аларды жаңырган айда мал-мүлкү менен кошо жеп жутат.

8Гибада мүйүз тарткыла, Рамада сурнай тарткыла. “Бенжемин, артыңда душман!” деп, Бейт-Абенде кыйкыргыла.

9Жазалоо күнү Эпрайым жери ээн калат. Муну Ысрайыл урууларынын арасында Мен кабарладым.

10Жүйүттүн жол башчылары чек араларды бузуучуларга окшоп калышты: Мен аларга Өз каарымды суудай төгөм.

11Эпрайым эзилди, жазаланып талкаланды, анткени ал жалган кудайлардын артынан жүргүсү келген.

12Мен Эпрайым үчүн күбөдөй болом, Жүйүт үчүн курттай болом.

13Эпрайым өз дартын, Жүйүт өз жараатын көрдү. Эпрайым Ашурга жөнөдү, Жареп падышасына чабарман жөнөттү. Бирок ал силерди сакайта албайт, силердин жараатыңарды айыктыра албайт.

14Анткени Мен Эпрайым үчүн арстандай, Жүйүт үчүн жаш арстандай болом. Мен, Мен тыткылап туруп, кетип калам; алып кетем, эч ким куткара албайт.

15Алар өздөрүнүн күнөөкөр экенин мойнуна алып, Менин жүзүмдү издегенге чейин, кетем, Мен Өз ордума кайтам.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>