Ошуя 6:1-11 KYB2004 - Bible AI

1Алар кайгы тартып жатканда, таң азандан Мени издеп, “Жүргүлө, Теңирге кайра баралы! Анткени бизди Ал тыткылады, бизди Өзү айыктырат; бизди Ал жаралады, биздин жараатыбызды Өзү таңат.

2Бизди эки күндөн кийин тирилтет, үчүнчү күнү бизди тургузат, ошондо биз Анын алдында жашайбыз.

3Ошондуктан таанып билели, Теңирди таанып билүүгө умтулалы. Анын келиши таңкы жарыктай, Ал бизге жамгыр сыяктуу келет, кеч жааган жамгыр сыяктуу жерди сугарат”, – дешет.

4Эпрайым, сага эмне кылайын? Жүйүт, сага эмне кылайын? Силердин адилдигиңер таңкы булуттай, эрте жок болуп кетүүчү шүүдүрүмдөй.

5Ошондуктан Мен аларды пайгамбарлар аркылуу жонуп жылмаладым, оозумдан чыккан сөздөр менен өлтүрдүм, Менин акыйкаттыгым таңкы жарыктай.

6Анткени Мен курмандыктарды эмес, ырайымдуулукту каалайм. Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка караганда Кудайды таанып билүүнү артык көрөм.

7Адамга окшоп алар келишимди бузушту, ошол жерде Мага бейопалык кылышты.

8Гилат – мыйзамсыздардын канга булганган шаары.

9Адамды аңдыган каракчыларга окшоп, ыйык кызмат кылуучулар Шекемге бара жаткан жолдо киши өлтүрүп жатышат, жийиркеничтүү иштерди кылып жатышат.

10Мен Ысрайылдан үрөйдү учурган нерсени көрүп турам: ал жерде Эпрайым бузуктук кылып жатат, Ысрайыл булганды.

11Жүйүт, сен үчүн да оруу-жыюу күнү белгиленген, ал Мен элимди туткундан кайра алып келген мезгилге белгиленген.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>