1Мен Ысрайылды дарылап жатканда, Эпрайымдын күнөөсү, Самариянын жаман иштери ачыкка чыкты. Анткени алар жалган иштерге барып жатышат. Үйлөргө уурулар кирип жатышат, көчөлөрдө каракчылар талап-тоноп жатышат.
2Алардын жаман иштеринин баары Менин эсимде экенин алар ойлошпойт. Азыр алар өздөрүнүн иштеринин курчоосунда калышты. Алар Менин көз алдымда.
3Алар өздөрүнүн жаман иштери менен падышаны, жалганчылыктары менен төрөлөрдү кубандырып жатышат.
4Алар өздөрүнүн бузуктугу менен, жууруган камыры ачыганда от жакканды токтотуп койгон наабайчынын алоолонгон мешиндей болуп жалындап күйүп жатышат.
5Биздин падышабыздын күнүндө төрөлөр шарапты мас болгончо ичип, ооруп калышты. Ал болсо шылдыңчылдарга колун сунду.
6Алар буктурмада отуруп алышып, жүрөктөрүн меш сыяктуу даярдап жатышат: алардын наабайчысы түнү бою уктап жатат, ал эми эртең менен меш жалындаган оттой болуп күйөт.
7Алардын бардыгы мештеги оттой жалындап күйүп, өздөрүнүн башкаруучуларын жалмап жатышат. Алардын падышаларынын бардыгы кулап жатышат, алардын арасында Мени чакырган эч ким жок.
8Эпрайым элдер менен аралашып калды, Эпрайым оодарылбаган нанга окшоп калды.
9Анын күч-кубатын башкалар жалмап жатышты, бирок ал байкаган жок. Анын чачын ак басты, бирок ал билген жок.
10Ысрайылдын текебердиги өзүнө каршы күбөлөндүрүп жатат, ошонун бардыгына карабастан, алар өздөрүнүн Кудай-Теңирине кайрылышкан жок, Аны издешкен жок.
11Эпрайым эси жок, акылсыз көгүчкөнгө окшоп калды: мисирликтерди чакырып жатышат, Ашурга бара жатышат.
12Алар бара жатышканда, Мен алардын үстүнө Өзүмдүн торумду ыргытам. Аларды асман канаттууларына окшотуп жерге кулатып түшүрөм. Аларды өздөрүнүн жамаатына айтылгандай жазалайм.
13Кайгы аларга! Анткени алар Менден алыстап кетишти. Алаамат аларга! Анткени алар Мага каршы чыгышты. Мен аларды куткарып турдум, алар болсо Мага каршы жалган сүйлөп жатышты.
14Алар өз төшөгүндө онтоп жатышканда, Мени чын жүрөктөн чакырышкан жок. Алар нан менен шарап үчүн чогулушат, Менден болсо алысташат.
15Мен аларды акылга салып турдум, алардын билегин чыңдап турдум, бирок алар Мага каршы жамандык ойлоп жатышты.
16Алар кайрылышты, бирок Бардыгынан Жогору Турганга эмес. Алар алдамчы жаадай болуп калышты. Алардын төрөлөрү өздөрүнүн тилинин заардыгынан кылычтан кулап жатышат. Мисир жеринде алардын үстүнөн болгон шылдың ушул.