1Сурнайды оозуңа ал! Алар Менин келишимимди бузуп, Менин мыйзамымдын чегинен чыкканы үчүн, душман Теңир үйүнө бүркүттөй болуп кол салат.
2Алар Мага: “Кудайым! Биз, Ысрайыл, Сени таанып билдик!” – деп кыйкырышат.
3Ысрайыл жакшы нерсени четке какты, аны душман куугунтукка алат.
4Алар Менсиз эле падышаларды коюп жатышты. Төрөлөрдү коюп жатышты, бирок Мага билдиришкен жок. Күмүштөрү менен алтындарынан өздөрүнө буркандарды жасашты: алардын өлүмү ошондон болду.
5Самария, сени өзүңдүн музооң таштады! Аларга Менин каарым жалындады. Качанга чейин алар тазалана алышпайт?
6Анткени ал да – Ысрайылдын иши. Аны сүрөтчү жасады, ошондуктан ал кудай эмес. Самариянын музоосу сыныкка айланат!
7Алар шамал себишкендиктен, бороон оруп алышат: алардын эгини дан байлабайт, даны ун бербейт, берсе да, аны башкалар жутат.
8Ысрайыл жутулду. Азыр алар элдер арасында жараксыз идиштей болуп калышты.
9Алар жалгыз тентип жүргөн жапайы эшектей болуп, Ашурга жөнөштү. Эпрайым белектер менен жагынды.
10Алар башка элдерге белек жиберишкенине карабастан, Мен аларды жакында чогултам, ошондо алар төрөлөрдүн падышасынын эзүүсү астында жабыр тарта башташат.
11Анткени Эпрайым күнөөгө батыш үчүн, курмандык чалынуучу жайларды көбөйттү, ошол курмандык чалынуучу жайлар анын күнөө кылуусуна түрткү болду.
12Мен аларга Өзүмдүн мыйзамдарымдын негиздерин жазып бердим, бирок алар аны бөтөн мыйзам катары эсептешти.
13Алар курмандыкка Мага арнап эт алып келишет да, аны жешет. Бирок алардын курмандыктары Теңирге жакпайт. Азыр Ал алардын кылмыштарын эстейт, аларды өздөрүнүн күнөөсү үчүн жазалайт: алар Мисирге кайтышат.
14Анткени Ысрайыл өз Жаратканын унутту, бутканаларды курду, Жүйүт болсо чептүү шаарларды көбөйттү. Бирок Мен анын шаарларына от жиберем, ал анын падыша сарайларын жалмайт».