1Ысрайыл, башка элдерге окшоп кубанба, шаттанба! Анткени сен өз Кудайыңдан алыстап, бузуктук кылып жатасың. Бардык кырмандарда бузуктук тартууларын алганды сүйөсүң.
2Кырман менен жүзүм сыгылуучу жай аларды бакпайт, алардын жүзүм ширесине болгон үмүтү акталбайт.
3Алар Теңирдин жеринде жашашпайт: Эпрайым Мисирге кайтат, алар Ашурда таза эмес нерсени жешет.
4Алар Теңирге арнап шарап куюшпайт, Теңирге алардын курмандыктары жакпайт. Алардын наны аза күткөндөрдүн нанындай болот: аны жегендердин бардыгы булганышат, анткени алардын наны – өздөрүнүн жаны үчүн, ал Теңир үйүнө киргизилбейт.
5Салтанаттуу жыйын күнү жана Теңирдин майрам күнү эмне кыласыңар?
6Анткени мына, алар кыйроонун айынан качып кетишет. Мисир аларды жыйнайт, Ноп аларды көмөт. Алардын күмүштөн жасалган асыл буюмдарын чалкан басат, алардын чатырларын тикендүү өсүмдүк каптайт.
7Жазалоо күндөрү келди, тиешеңерди бере турган күндөр келди: Ысрайыл муну билет. Мыйзамсыздыгыңардын көптүгүнөн, кастыгыңардын зордугунан улам, пайгамбарчылык кылган адамды акылсыз, Кудайдын руху жетелеген адамды акылынан адашкан дейсиңер.
8Эпрайымдын коргоочусу – пайгамбар менин Кудайымдын жанында, пайгамбардын бардык жолдоруна тузак тартылган. Анын Кудайынын үйүндө да кастык бар.
9Алар Гиба күндөрүндөгүдөй күнөөгө батышты, абдан бузулушту. Теңир алардын мыйзамсыздыгын эстейт, аларды өздөрүнүн күнөөлөрү үчүн жазага тартат.
10«Мен Ысрайылды чөлдөн жүзүм тапкандай таптым. Мен силердин ата-бабаларыңарды көргөндө, анжыр дарагынын биринчи мөмөсүн көргөндөй болдум, бирок алар Баал-Пейорго барып, ыпылас иштерге берилип кетишти, өздөрү да сүйгөндөрүнө окшоп жийиркеничтүү болуп калышты.
11Эпрайымдыктардын атак-даңкы куш сыяктуу учуп кетет: бала төрөлбөйт, бойго бүтпөйт, түйүлдүк түйүлбөйт.
12Алар өз балдарын тарбиялап чоңойтушса да, аларды тартып алам. Анткени Мен алардан четтеп кеткенде, алардын башына кайгы түшөт!
13Мен Эпрайымдын Тирге окшоп эң жакшы жерге отургузулганын көрдүм. Бирок Эпрайым өз балдарын киши өлтүргүчкө чыгарып берет».
14Теңир, аларга бер, аларга Сен эмне бересиң? Аларга төрөбөс жатын, сүтсүз эмчек бер.
15«Алардын бардык мыйзамсыздыгы Гилгалда: ошол жерде Мен аларды жек көрүп калдым, Мен аларды жаман иштери үчүн Өз үйүмдөн кууп чыгарам, аларды мындан ары сүйбөйм. Алардын бардык төрөлөрү – козголоңчулдар.
16Эпрайым кулады, алардын тамыры соолуду, эми алар жемиш беришпейт. Алар төрөсө да, Мен алардын курсагынан чыккан сүйүктүү жемишин өлтүрүп салам».
17Кудайым аларды четке кагат, анткени алар Ага кулак салышкан жок, ошондуктан алар элдердин арасында тентип жүргөн эл болот.