1Ыйса Машайактын кулу, элчи болууга чакырылган, Кудайдын Жакшы Кабарын таратуу үчүн тандалып алынган Пабылдан салам!
2Кудай бул Жакшы Кабарды мурда эле Өзүнүн пайгамбарлары аркылуу Ыйык Жазууларда убада кылган болчу.
3Бул Жакшы Кабарда дене жагынан Дөөттүн тукумунан чыккан Кудай Уулу жөнүндө,
4өлгөндөрдүн арасынан тирилүүсү аркылуу, ыйыктоочу Рух боюнча Кудайдын Уулу болуп Өзүнүн күч-кубаты менен ачылган Теңирибиз Ыйса Машайак жөнүндө айтылат.
5Ыйса Машайактын ысымынын урматына бүт элдерди ишенимге баш ийдирүү үчүн, Кудай бизге Ал аркылуу ырайым көрсөттү жана элчилик кызматты ыйгарды.
6Ошол элдердин арасында Ыйса Машайак аркылуу чакырылган силер да барсыңар.
7Кудайдын Римдеги бардык сүйүктүүлөрү, ыйык болууга чакырылгандар, силерге Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!
8Силердин ишенимиңер жөнүндө бүт дүйнөгө жарыяланып жатат. Ошондуктан мен баарынан мурда бүт бардыгыңар үчүн Кудайыма Ыйса Машайак аркылуу ыраазычылык билдиремин.
9Уулу жөнүндө Жакшы Кабар таратып, жан-дилим менен кызмат кылып жүргөн Кудай Өзү силерди дайыма эстеп сыйынып жатканыма,
10ошондой эле Кудайдын эрки болсо, силерге баруума жол ачылса экен деп, дайыма сыйынып, суранып жатканыма күбө.
11Силерди көрүүгө куштармын, анткени силердин бекемделишиңер үчүн, мен кээ бир рухий жөндөмдүүлүктөр менен бөлүшсөм,
12башкача айтканда, силердин жана менин – баарыбыздын ишенимибиз аркылуу кайраттансак дейм.
13Бир туугандарым, силерге көп жолу келгим келгенин, бирок ушул учурга чейин тоскоолдуктарга учураганымды, башка элдерден көргөнүмдөй эле, силерден да эмгегимдин кандайдыр бир жемишин көргүм келгенин билишиңерди каалайм.
14Мен эллиндерге да, варварларга да, акылдууларга да, акылсыздарга да кызмат кылууга милдеттүүмүн.
15Ошондуктан мен колумдан келишинче Римде турган силерге да Жакшы Кабар таратууга даярмын.
16Себеби мен Жакшы Кабар таратуудан уялбаймын. Анткени Жакшы Кабар – бардык ишенгендерди: алгач жүйүттөрдү, андан кийин эллиндерди да куткара турган Кудайдын күчү.
17Ыйык Жазууда: «Адил адам ишеними менен тирүү болот», – деп жазылгандай, Жакшы Кабарда Кудайдын адилеттиги ишеним аркылуу ачылып, ишенимге жеткирет.
18Анткени чындыкты адилетсиздик менен басып турган адамдардын кудайсыздык менен кылган бардык иштерине жана адилетсиздигине каршы асмандан Кудайдын каары төгүлөт.
19Себеби Кудай жөнүндө эмнени билүү мүмкүн болсо, ошол аларга белгилүү, анткени Кудай аларга билдирген.
20Дүйнө жаратылгандан бери Кудайдын көзгө көрүнбөгөн табияты: түбөлүктүү күчү жана кудайлыгы Анын жараткан нерселерин карап чыгуу аркылуу көрүнөт. Ошондуктан бул адамдар актана алышпайт.
21Анткени алар Кудайды таанып билип туруп, Аны Кудай катары даңкташкан жок, Ага ыраазычылык билдиришкен жок, тескерисинче, куру кыялдарга батышты, алардын эч нерсени түшүнбөгөн жүрөктөрү караңгыланды.
22Өздөрүн акылдуу эсептеп, акылынан ажырашты.
23Өлбөс Кудайдын даңкын жок боло турган адамдын, канаттуулардын, жаныбарлардын жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн бейнелерине алмаштырышты.
24Ошондуктан Кудай алардын өз жүрөктөрүндөгү кумардуу каалоолору менен бузуктукка батуусуна жол берди. Ошентип, алар өз денелерин өздөрү булгашты.
25Алар Кудайдын чындыгын жалганга алмаштырышты, Жаратканга табынуунун, кызмат кылуунун ордуна жаратылган нерсеге табынышты, кызмат кылышты. Ал эми Кудай түбөлүккө даңкталууга татыктуу! Оомийин.
26Ошондуктан Кудай алардын ыпылас кумарга батуусуна жол берип койду, анткени алардын аялдары да табигый жыныстык байланышты табигый эмес байланышка алмаштырышты.
27Ошондой эле эркектер да аялдар менен болгон табигый жыныстык байланышты таштап, бири-бирине кумарын арттырышты. Эркектер бири-бири менен ыпылас ишке барышты. Адашкандыктары үчүн алардын денеси жазаланды.
28Алар Кудайды таанып билүүнүн кажети жок дешкендиктен, ыпылас иштерди жасаган аларды Кудай ыпылас ойлорунун жетегине таштап койду.
29Ошондуктан алардын жүрөгү ар кандай адилетсиздикке, бузуктукка, арамзалыкка, ач көздүккө, ачууга, көрө албастыкка, киши өлтүрүүчүлүккө, чатакташууга, алдамчылыкка, терс кыялдарга толгон.
30Алар – тили заар, жалаа жабуучу, Кудайды жек көрүүчү, таарынтуучу, мактанчаак, текебер, жамандык ойлоп чыгаруучу, ата-энесине тил албас,
31акылсыз, сөзүнө турбаган, мээримсиз, элдешпес, ырайымсыз адамдар.
32Алар Кудайдын адилет сотун, ушундай кылуучулар өлүмгө татыктуу экенин билип туруп, ушуларды жасашат. Жасап эле тим болбостон, ушундай кылгандарды кубатташат.