1Бир туугандарым, менин чын жүрөгүмдөн каалаганым жана Кудайдан сыйынып суранарым – Ысрайыл элинин куткарылышы.
2Анткени мен аларга Кудай үчүн тырышчаактык көрсөтүшөрүн, бирок алардын тырышчаактыгы туура эмес түшүнүк боюнча экенин күбөлөндүрөмүн.
3Анткени алар Кудайдын адилдигин түшүнбөй, өздөрүнүн адилдигин орнотууга аракеттенип, Кудайдын адилдигине моюн сунушкан жок.
4Анткени Машайак – мыйзамдын аягы, Ага ишенген адам адилдикке жетет.
5Анткени Муса пайгамбар мыйзамды аткаруу аркылуу келген адилдик жөнүндө: «Мыйзамды аткарган адам ал аркылуу тирүү болот», – деп жазган.
6Ишеним аркылуу келген адилдик болсо мындай дейт: «Өз ичиңден: “Машайакты жерге түшүрүш үчүн, асманга ким чыгат?”
7же “Машайакты өлгөндөрдүн арасынан алып чыгуу үчүн, түпсүз туңгуюкка ким түшөт?” – деп айтпа».
8А Ыйык Жазууда эмне деп айтылат? «Ал сөз сага жакын, ал сенин оозуңда жана жүрөгүңдө», – деп айтылат. Ал сөз – биз жар салып жаткан ишеним жөнүндөгү сөз.
9Эгерде сен өз оозуң менен Ыйсаны Теңирим деп ачык таанысаң, Кудайдын Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилткенине чын жүрөгүң менен ишенсең, анда куткарыласың.
10Себеби адам чын жүрөгү менен ишенүү аркылуу акталат, оозу менен ачык таануу аркылуу куткарылат.
11Ыйык Жазууда болсо: «Ага ишенген адам уятка калбайт», – деп айтылат.
12Жүйүт менен эллиндин ортосунда эч кандай айырма жок, анткени бардыгынын Теңири бир, Ал Өзүнүн ысымын чакыргандардын бардыгы үчүн бай.
13Анткени Теңирдин ысымын чакырган ар бир адам куткарылат.
14Бирок Ага ишенбей туруп, Аны кантип чакырышат? Ал жөнүндө укпай туруп, Ага кантип ишенишет? Жакшы Кабарды таратуучулар жок болсо, кантип угушат?
15Жакшы Кабарды таратуу үчүн жиберилишпесе, кантип таратышат? Анткени Ыйык Жазууда: «Тынчтык тууралуу Жакшы Кабарды таратуучулардын буттары кандай сонун!» – деп жазылган эмеспи.
16Бирок Жакшы Кабарга бардыгы эле кулак салган жок. Бул жөнүндө Ышайа пайгамбар: «Теңир, биз айткан кабарга ким ишенди?» – дейт.
17Демек, ишеним уккан сөз аркылуу пайда болот, ал эми уга турган сөз – Кудайдын сөзү.
18Бирок мен: «Эмне, алар угушкан жокпу?» – деп сурагым келет. Тескерисинче, алардын үнү бүт жер жүзүнө, алардын сөзү дүйнөнүн төрт бурчуна жетти.
19Мен дагы сурагым келет: «Эмне, Ысрайыл эли билчү эмес беле?» Алгач Муса пайгамбар: «Эл катары эсептелбегендер аркылуу Мен силерди кызгандырамын, акылсыз эл аркылуу силерди ачууландырамын», – дейт.
20Ышайа пайгамбар болсо тайманбастан: «Мени издебегендер Мени табышты, Мени сурабагандарга Өзүм ачылдым», – дейт.
21Ысрайыл эли жөнүндө болсо мындай дейт: «Мен тил албас, кежир элге бир күн бою колумду сунуп турдум».