1Ошондуктан, бир туугандарым, Кудайдын боорукердиги менен силерден өтүнөмүн: Кудайга өзүңөрдүн денеңерди тирүү, ыйык жана Ага жага турган курмандык катары бергиле. Бул силердин рухий кызматыңар болот.
2Бул дүйнөгө ылайыкташпагыла, тескерисинче, Кудайдын жакшы, Өзүнө жаккан жана жеткилең эрки эмне экендигин таанып билүү үчүн, акыл-оюңарды жаңылантып туруу аркылуу толугу менен өзгөрүлгүлө.
3Мага көрсөтүлгөн ырайымдын негизинде ар бириңерге айтамын: өзүңөр жөнүндө керектүүдөн артык ойлобогула, тескерисинче, Кудай ар бириңерге бөлүп берген ишенимиңерге жараша туура ой жүгүрткүлө.
4Анткени денебиздин мүчөлөрү көп болгону менен, бардык мүчөлөрдүн кызматы бирдей болбогон сыяктуу эле,
5биз да көп болгонубузга карабастан, Машайактын ичинде бир денени түзөбүз, ал эми өз-өзүнчө алганда, бири-бирибизге мүчөбүз.
6Кудайдын бизге көрсөткөн ырайымынын негизинде ар кандай рухий жөндөмдүүлүктөргө ээбиз. Кимде пайгамбарчылык кылуу жөндөмдүүлүгү бар болсо, анда ал ишенимге ылайык пайгамбарчылык кылсын.
7Кимде кызмат кылуу жөндөмдүүлүгү бар болсо, ал кызмат кылсын. Кимде окутуу жөндөмдүүлүгү бар болсо, ал окутсун.
8Кимде насаат айтуу жөндөмдүүлүгү бар болсо, ал насаат айтсын. Кимде таратуу жөндөмдүүлүгү бар болсо, ал берешендик менен таратсын. Кимде башкаруу жөндөмдүүлүгү бар болсо, ал бүт аракети менен башкарсын. Кимде кайрымдуулук кылуу жөндөмдүүлүгү бар болсо, ал кубаныч менен кайрымдуулук кылсын.
9Сүйүүңөр жалган болбосун: жамандыктан баш тартып, жакшылык кылууга умтулгула.
10Бири-бириңерди бир туугандык сүйүү менен, чын жүрөктөн сүйгүлө; бири-бириңерди озунуп урматтагыла.
11Аракетиңерден жазбагыла, рухуңарды жалындаткыла, Теңирге кызмат кылгыла.
12Үмүт менен кубангыла, кыйынчылыкка туруштук бергиле, туруктуулук менен сыйынгыла.
13Муктаждыгы бар ыйыктарга жардам бергиле, меймандос болууга аракеттенгиле.
14Силерди куугунтуктагандарга бата бергиле. Бата бергиле, каргабагыла.
15Кубангандар менен кубангыла, ыйлагандар менен ыйлагыла.
16Өз ара бир ойдо болгула. Өзүңөр жөнүндө жогору ойлобогула, тескерисинче, момундардын жолун жолдогула. Өзүңөрдү акылдуу эсептебегиле.
17Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле, тескерисинче, бардык адамдардын алдында жакшылык кылууга аракеттенгиле.
18Мүмкүн болушунча, бардык адамдар менен тынчтыкта болгула.
19Сүйүктүүлөр, өзүңөр үчүн өч албагыла, тескерисинче, Кудайдын каарына орун бергиле. Анткени Ыйык Жазууда: «Теңир мындай дейт: Өч Меники, Мен тиешесин берем», – деп жазылган.
20Душманың ачка болсо, аны тойгуз; суусап турса, суусунун кандыр. Анткени ушундай кылуу менен сен анын башына чок үйөсүң.
21Жамандыкка жеңилбе, тескерисинче, жамандыкты жакшылык менен жең.