1Ар бир адам жогорку бийликтегилерге баш ийсин. Анткени Кудайдан болбогон бийлик жок, бийликтин баарын Кудай орноткон.
2Мына ошондуктан бийликке каршы чыккан адам Кудайдын тартибине каршы чыккан болот. Каршы чыккандар болсо өздөрүн өздөрү жазага дуушар кылышат.
3Анткени башчылардан жакшы иш кылгандар эмес, жаман иш кылгандар коркушат. Бийликтен корккуң келбесе, жакшы иштерди кыл. Ошондо андан мактоо угасың.
4Анткени башчы – Кудайдын кулу, ал сага жакшы болуш үчүн коюлган. Эгерде жаман иш кылып жатсаң, корк. Себеби ал бекеринен кылыч алып жүрбөйт. Ал – Кудайдын кулу, жаман иш кылгандарды жазалоо үчүн коюлган.
5Ошондуктан жазадан корккондуктан эле эмес, абийириңердин таза болушу үчүн да баш ийишиңер керек.
6Ошон үчүн салык да төлөп жатасыңар. Анткени алар – Кудайдын кызматчылары, ар дайым ошол иш менен алек болушат.
7Ар кимге өз тиешесин бергиле: кимге салык төлөө керек болсо, салык төлөгүлө; кимге бажы акысын берүү керек болсо, бажы акысын бергиле; кимден коркуу керек болсо, корккула; кимге урмат көрсөтүү керек болсо, урмат көрсөткүлө.
8Бири-бириңерди сүйгөндөн башка эч кимге эч нерсе менен карыз болбогула. Анткени жакынын сүйгөн адам мыйзамды аткарган болот.
9Анткени «Ойноштук кылба», «Киши өлтүрбө», «Уурулук кылба», «Башка бирөөнүкүнө көз артпа» деген жана башка осуяттардын бардыгы «Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй» деген сөз менен жыйынтыкталат.
10Сүйүү жакынына жамандык кылбайт. Демек, сүйүү – мыйзамдын аткарылышы.
11Уйкудан ойгоно турган убакыт келгенин билишиңер керек. Анткени биз ишенип калган убакка караганда, азыр бизге куткарылуу жакын.
12Түн өтүп баратат, күн жакындап калды, ошондуктан караңгылыктын иштеринен баш тартып, жарыктын куралдарын асыналы.
13Шапар тебүүнү жана ичкиликти, аял (эркек) жандуулукту жана бузуктукту, уруш-талашты жана көрө албастыкты калтырып, күндүз жүргөн сыяктуу, өзүбүздү жакшы алып жүрөлү.
14Теңирибиз Ыйса Машайак менен тыгыз байланышта болгула. Денеге кам көрүүнү кумарга айландырбагыла.