Римдиктерге 14:1-26 KYB2004 - Bible AI

1Ишеними алсыз адамды кабыл алгыла, анын көз караштары жөнүндө талашып-тартышпагыла.

2Бир адам баарын жей берсе болот деп ишенет, ал эми алсыз адам жашылчаларды гана жейт.

3Баарын жеген адам жебеген адамды басынтпасын. Кээ бир нерселерди жебеген адам жеген адамды соттобосун, анткени аны Кудай кабыл алган.

4Бирөөнүн кулун соттогудай, сен кимсиң? Ал туруп турабы же жыгылабы, кожоюнунун көзөмөлү астында. Ал кайрадан тургузулат, анткени аны тургузууга Кудайдын кудурети жетет.

5Бир адам бир күндү бир күндөн айырмалайт, башка бир адам болсо бардык күндөрдү бирдей көрөт. Ар бир адам өзүнүн көз карашына бекем болсун.

6Күндөрдү айырмалаган адам Теңир үчүн айырмалайт, күндөрдү айырмалабаган адам Теңир үчүн айырмалабайт. Баарын жеген адам Теңир үчүн жейт, анткени Кудайга ыраазычылык билдирет. Кээ бир нерселерди жебеген адам Теңир үчүн жебейт жана Кудайга ыраазычылык билдирет.

7Анткени эч кимибиз өзүбүз үчүн жашабайбыз жана эч кимибиз өзүбүз үчүн өлбөйбүз.

8Жашасак, Теңир үчүн жашайбыз. Өлсөк, Теңир үчүн өлөбүз. Ошондуктан жашасак да, өлсөк да Теңирдикибиз.

9Машайак өлгөндөрдүн да, тирүүлөрдүн да Теңири болуш үчүн, өлүп кайра тирилген.

10Эмне үчүн сен өзүңдүн бир тууганыңды соттоп жатасың? А сен эмне үчүн бир тууганыңды басынтып жатасың? Баарыбыз Кудайдын сотуна келебиз.

11Анткени Ыйык Жазууда мындай деп жазылган: «Мен тирүүмүн, – дейт Теңир, – Менин алдымда ар бир адам тизе бүгөт, ар бир тил Кудай экенимди ачык тааныйт».

12Демек, Кудайдын алдында ар бирибиз өзүбүз үчүн жооп беребиз.

13Ошондуктан бири-бирибизди соттобойлу, андан көрө бир тууганыбыздын жыгылуусуна же азгырылуусуна түрткү болбоо жөнүндө ойлонолу.

14Мен Теңир Ыйсага ишенген адам катары муну билемин: өзүнөн өзү арам нерсе жок. Бирок арам деп эсептеген адам үчүн ал нерсе арам болот.

15Эгерде бир тууганың сенин жеп жаткан тамагың үчүн кыйналып жатса, анда сен ага сүйүү менен мамиле кылып жаткан жоксуң. Сен аны жеген тамагың менен өлтүрбө, анткени Машайак ал үчүн да өлгөн.

16Силердин жакшы нерселериңерге тил тийбесин.

17Анткени Кудайдын Падышачылыгы тамак же суусундук эмес, тескерисинче, Ыйык Рух берген адилеттик, тынчтык жана кубаныч.

18Машайакка ушундай кызмат кылган адам Кудайга жагат, аны адамдар да кадырлайт.

19Ошондуктан тынчтыкка жана бири-бирибизди бекемдөөгө умтулалы.

20Тамак үчүн Кудайдын ишин бузба! Тамактын баары таза, бирок жеген тамагы менен башка бирөөнүн азгырылуусуна түрткү болгон адамга жаман.

21Эт жеп, шарап ичүү же башка бир нерселер бир тууганыңдын мүдүрүлүүсүнө, азгырылуусуна, рухий жактан алсыроосуна түрткү болсо, андай нерселерди кылбай эле койгонуң жакшы.

22Ушул нерсе боюнча ишенимиң бар болсо, анда аны Кудай алдында, өз ичиңде сакта! Өзү туура көргөн нерсе үчүн абийири айыптабаган адам бактылуу.

23Ал эми күмөн саноо менен жеген адам айыпталынат, анткени ал ишеним менен жеген жок. Ал эми ишеним менен кылынбаган ар бир нерсе – күнөө.

24Мен тараткан Жакшы Кабар боюнча жана Ыйса Машайактын сөзү боюнча, байыркы замандан бери айтылбай келе жаткан жашыруун сырдын ачылышы боюнча силерди бекемдөөгө Кудайдын кудурети жетет.

25Бул сыр азыр айкын болду жана түбөлүктүү Кудайдын буйругу боюнча пайгамбарчылык жазуулар аркылуу бардык элдерди ишенимге баш ийдирүү үчүн жарыя кылынган.

26Жалгыз акылман Кудай Ыйса Машайак аркылуу түбөлүккө даңктала берсин! Оомийин.

cle>