1Биз, ишеними күчтүүлөр, алсыздардын алсыз жагын көтөрүшүбүз керек. Өзүбүзгө жакканды эле ойлобой,
2ар бирибиз жакыныбызга жакканды ойлойлу. Ал үчүн жакшы болуусун, анын ишениминин өсүүсүн көздөйлү.
3Анткени Ыйык Жазууда: «Сага тил тийгизгендердин суук тили Мага тийип жатат», – деп жазылгандай, Машайак да Өзүнө эмес, Атасына жакканды кылган.
4Ал эми буга чейин жазылгандын баары биздин үйрөнүшүбүз үчүн жазылган. Анткени биз Ыйык Жазуу аркылуу чыдамдуулукка жана кайраттуулукка ээ болуп, үмүтүбүздү үзбөйбүз.
5Силер бир ой менен, бир ооздон Теңирибиз Машайак Ыйсанын Кудайын жана Атасын даңкташыңар үчүн,
6чыдамдуулук жана кайраттуулук берүүчү Кудай Өзү Ыйса Машайактын үйрөтүүсү боюнча силерге өз ара бир ой берсин.
7Кудай даңкталышы үчүн, Машайак силерди кабыл алгандай, силер да бири-бириңерди кабыл алгыла.
8Силерге айтамын: Машайак сүннөттүүлөргө Кудайдын ата-бабаларыбызга берген убадасын аткарыш үчүн, Кудайдын чындыгын далилдөө үчүн кызматчы болду.
9Ал эми бутпарастарга Кудайды даңкташсын үчүн, Кудайдын аларга көрсөткөн ырайымы үчүн кызматчы болду. Ыйык Жазууда: «Теңир, Сени бутпарастардын арасында даңктаймын, Сенин ысымыңды даңктап ырдаймын», – деп жазылган.
10Ыйык Жазуунун дагы бир жеринде: «Бутпарастар, Анын эли менен бирге кубангыла», – деп жазылган.
11Ошондой эле: «Бардык бутпарастар, Теңирди мактагыла, бардык элдер, Аны даңктагыла», – деп да жазылган.
12Ышайа пайгамбар да: «Жышайдын тукумунан Бирөө чыгат, Ал бардык элдердин үстүнөн бийлик жүргүзөт. Ага бутпарастар үмүттөнүшөт», – деп айткан.
13Ыйык Рухтун күчү менен үмүткө бай болушуңар үчүн, үмүт берүүчү Кудай силерди ишеним жолунда кубанычка жана тынчтыкка бөлөсүн.
14Бир туугандарым, силер өзүңөр деле ар кандай жакшы нерселерге жана билимге байсыңар, ошондой эле бири-бириңерге акыл-насаат айта аласыңар деп ишенем.
15Ошого карабастан, силердин эсиңерге салуу үчүн, мен кээ бир нерселерди кайраттуулук менен жаздым.
16Кудайдын мага көрсөткөн ырайымы боюнча Ыйса Машайактын кызматчысы болгон мен бутпарастарды Кудайдын алдына Ыйык Рух аркылуу ыйыкталган, жагымдуу тартуу катары алып келиш үчүн, Кудайдын Жакшы Кабарын таратуу ишин ыйык кызмат катары аткарып жатам.
17Ошентип, мен Кудай алдында Ыйса Машайак аркылуу мактана алам.
18Анткени Машайактын мен аркылуу аткаргандарынан башка нерсени айтууга батына албайм. Ал мен аркылуу сөз менен, иш менен, жышаандар жана ажайыптар менен, Ыйык Рухтун күчү менен бутпарастарды ишенимге баш ийдирди.
19Мен Иерусалимден баштап Илирикке чейинки аймактарга Машайактын Жакшы Кабарын толугу менен тараттым.
20Башка бирөө тургузган пайдубалдын үстүнө курбаш үчүн, мен Жакшы Кабарды Машайактын ысымы белгисиз болгон жерлерге таратууга аракеттендим.
21Анткени Ыйык Жазууда: «Ал жөнүндө кабары жоктор көрүшөт, укпагандар түшүнүшөт», – деп жазылган.
22Мына ошондуктан көп тоскоолдуктарга учурап, силерге бара албай жаттым.
23Азыр болсо бул өлкөлөрдө Жакшы Кабар таратылбаган жер калбагандыктан жана көп жылдан бери силерге аябай баргым келгендиктен,
24Испанияга бара жатканда, силерге тие кетем. Бара жатып, силерге жолугам деп үмүттөнөм. Силер менен бир аз болсо да баарлашып, кубаныч алганымдан кийин, мени узатып коёрсуңар.
25Азыр болсо мен ыйыктарга кызмат кылуу үчүн, Иерусалимге бара жатам.
26Анткени македониядагылар менен ахаядагылар Иерусалимдеги ыйыктардын арасындагы жакырларга жардам топтоп берүүнү чечишти.
27Ооба, ошондой чечишти, чынында, алар жүйүттөргө карыздар. Анткени бутпарастар рухий жагынан алар менен үлүштөш болуп калышкандыктан, аларга тиричилик жагынан кызмат көрсөтүүлөрү керек.
28Топтолгон жардамды аларга толугу менен жеткирип берип, бул ишти аягына чыгаргандан кийин, силерге барам да, андан ары Испанияга кетем.
29Мен силерге Машайактын толук батасы менен барарымды билем.
30Бир туугандарым, Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу, Рухтун сүйүүсү аркылуу силерден өтүнөмүн: мен үчүн Кудайга сыйынып, мени менен чогуу күрөшкүлө.
31Жүйүт аймагындагы ишенбегендерден кутулушум үчүн, Иерусалим элине кылган кызматым ыйыктарга жагыш үчүн,
32Кудайдын эрки болсо, силерге кубаныч менен келип, силер менен бирге кубанышым үчүн сыйынып тургула.
33Тынчтыктын булагы болгон Кудай баарыңар менен болсун! Оомийин.