1Кенхирея Жыйынында диакондук кызматты аткарган Пойбе карындашыбызды силерге тааныштырамын.
2Ыйыктарга ылайык келгендей, аны Теңир үчүн кабыл алгыла. Силердин араңарда жүргөндө, ал эмнеге муктаж болсо, жардам бергиле. Анткени ал көптөгөн адамдарга, ошондой эле мага да жардам берди.
3Машайак Ыйсага мени менен бирге кызмат кылган Прискила менен Акилага салам айтып койгула.
4Алар менин өмүрүм үчүн өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салышкан. Аларга бир эле мен эмес, бутпарастардан түзүлгөн Жыйындардын баары ыраазы. Алардын үйүнө чогулган Жыйынга да салам айтып койгула.
5Ахаяда Машайакка биринчи болуп ишенген менин сүйүктүүм Эпейнетке салам айтып койгула.
6Силер үчүн көп кызмат кылган Мариямга салам айтып койгула.
7Мени менен бирге түрмөдө отурган бир туугандарым Андроникке жана Унияга салам айтып койгула. Машайакка менден мурун ишенип калган алар элчилердин арасында кадыр-баркка ээ.
8Теңир жолунда жүргөн менин сүйүктүүм Ампилийге салам айтып койгула.
9Машайакка биз менен бирге кызмат кылган Урбанга жана менин сүйүктүүм Стахиске салам айтып койгула.
10Машайак жолунда сыноодон өткөн Апелеске салам айтып койгула. Аристобулдун үйүндөгүлөрүнүн ишенгендерине да салам айтып койгула.
11Менин тууганым Иродийонго жана Наркистин үйүндөгүлөрүнүн Теңирге ишенгендерине салам айтып койгула.
12Теңирге кызмат кылган Трифайнага жана Трипосага салам айтып койгула. Теңир үчүн көп кызмат кылган менин сүйүктүүм Персидага салам айтып койгула.
13Теңир тандап алган Рутка жана мага да эне сыяктуу болуп калган анын энесине салам айтып койгула.
14Асинкиритке, Пилегонтко, Эрмаска, Патропко, Эрмеске жана алардын жанындагы бир туугандарга салам айтып койгула.
15Филолог менен Улияга, Нерейге жана анын карындашына, Олимпанга жана алардын жанындагы ыйыктардын баарына салам айтып койгула.
16Ыйык өбүшүү менен саламдашкыла. Силерге Машайактын бардык Жыйындары салам айтып жатышат.
17Бир туугандар, силерди бул нерсеге чакырамын: ортого жик салуучулардан жана өзүңөр үйрөнгөн окутууга каршы азгыруучулардан сак болгула, андайлардан алыс болгула.
18Анткени андай адамдар Теңирибиз Ыйса Машайакка эмес, өздөрүнүн курсагына кызмат кылышат. Ишенчээк адамдарды кулакка жагымдуу сөздөр менен, чечендик менен азгырышат.
19Силердин тил алчаактыгыңар баарына белгилүү. Ошондуктан мен силер үчүн кубанамын. Бирок мен силердин жакшы иштерди акылмандык менен кылышыңарды, жаман иштер менен булганбашыңарды каалаймын.
20Тынчтыктын булагы болгон Кудай жакында силердин бутуңардын астында шайтанды тебелеп салат. Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгө берсин! Оомийин.
21Менин кызматташым Тиметей жана туугандарым Лукий, Жасон жана Сосипатыр силерге салам айтып жатышат.
22Бул катты жазган мен – Тертий да Теңир жолунда жүргөн силерге салам айтамын.
23Мага жана бүт Жыйынга меймандостугун көрсөтүп жаткан Гай силерге салам айтып жатат. Шаардын казына башчысы Эраст жана бир тууганыбыз Куарт силерге салам айтып жатышат.
24Теңирибиз Ыйса Машайак баарыңарга ырайымын төгө берсин! Оомийин!