Римдиктерге 3:1-31 KYB2004 - Bible AI

1Анда жүйүт болуунун кандай артыкчылыгы бар? Же сүннөттүн кандай пайдасы бар?

2Бардык жагынан көп артыкчылыгы бар. Баарынан мурда Кудайдын Сөзү жүйүттөргө ишенип тапшырылган.

3Эгерде алардын кээ бирөөлөрү ишенимсиз болушса, эмне экен? Алардын ишенимсиздиги Кудайдын ишенимдүүлүгүн жокко чыгарабы?

4Албетте, жок! Ыйык Жазууда: «Сенин Сөздөрүң адилет, соттошкондо Сен жеңесиң», – деп жазылгандай, Кудай ишенимдүү, ал эми ар бир адам калпычы.

5Эгерде биздин адилетсиздигибиз Кудайдын адилеттүүлүгүн айкын кылып жатса, анда эмне демекчибиз? Каарын төгүп жатканда, Кудайды адилетсиз дегенге болобу? Мен адамдык ой менен айтып жатам.

6Албетте, андай эмес! Андай болсо Кудай дүйнөнү кантип соттомок эле?

7Бирок менин адилетсиздигим аркылуу Кудайдын адилеттүүлүгү артыгы менен далилденип, Кудай даңкталып жатса, анда мен дагы эмне үчүн күнөөкөр катары соттолушум керек?

8Кээ бирөөлөр бизди жамандап: «Булар: “Жакшылык болуш үчүн жамандык кылалы”, – дешет», – деп, кантип айтып жатышат? Мындайлардын соттолгону туура.

9Анда эмне, биз артыкчылыкка ээбизби? Жок, ээ эмеспиз. Анткени биз жогоруда далилдегендей, жүйүттөр сыяктуу эле эллиндер да, бардыгы күнөөнүн бийлиги астында.

10Ыйык Жазууда жазылгандай: «Бир да адил адам жок.

11Түшүнгөн бир да адам жок, эч ким Кудайды издебейт.

12Бардыгы жолдон чыгышты, бирөө да жарактуу эмес. Жакшылык кылган адам жок, бирөө да жок».

13«Алардын кекиртеги – ачык мүрзө. Алар тилдери менен жалган сүйлөшөт. Алардын эриндеринде жыландын уусу бар».

14«Алардын оозунан каргыш жана ачуу сөз гана чыгат».

15«Алардын буттары кан төгүүгө чуркап турат.

16Алар жүргөн жерде кыйроо жана кайгы гана болот.

17Алар тынчтык жолун билишпейт».

18«Алардын көздөрүнөн Кудайдан коркуу дегенди көрбөйсүң».

19Бирок мыйзамда эмне айтылса да, ошонун баары мыйзамдын бийлиги астындагыларга айтыларын билебиз. Ошондуктан бардыгынын оозу жабылат, бүт дүйнө Кудай алдында айыптуу болот.

20Анткени мыйзамды аткаруу менен Анын алдында бир да адам акталбайт. Себеби күнөөнүн күнөө экендиги мыйзам аркылуу билинет.

21Бирок азыр мыйзамга көз карандысыз эле Кудайдын адилеттигине ээ болууга жол ачылды. Бул жөнүндө «Тоорат» жана «Пайгамбарлар» китептеринде күбөлөндүрүлөт.

22Кудайдын бул адилеттиги – бардык ишенгендерге Ыйса Машайакка болгон ишеним аркылуу бериле турган адилеттик. Анткени эч айырма жок.

23Себеби бардыгы күнөө кетирип, Кудай ээ кыла турган даңктан айрылып калышкан.

24Бирок бардыгы Анын ырайымы менен, Машайак Ыйсанын кун төлөп куткаруусу аркылуу бекер акталышты.

25Кудай Өзүнүн чыдамдуулугу убагында мурунку кылынган күнөөлөрдү кечирүү аркылуу Өзүнүн адилеттүүлүгүн көрсөтүү үчүн, Машайактын төгүлгөн канын ырайым курмандыгы катары ишеним аркылуу сунуш кылды.

26Азыркы учурда Өзүнүн адилеттүүлүгүн көрсөтүү үчүн ушундай кылды. Ал Ыйсага ишенген адамга адилеттүү жана актоочу катары таанылсын.

27Анда биздин мактана турган нерсебиз кайда калды? Ал биротоло жок болду. Кайсы мыйзам менен? Иштерди талап кылган мыйзам мененби? Жок, ишенимди талап кылган мыйзам менен.

28Анткени биз мындай деп эсептейбиз: адам мыйзамды аткаруу менен эмес, ишеним менен акталат.

29Же Кудай жүйүттөрдүн эле Кудайы бекен? Бутпарастардын да Кудайы эмеспи? Албетте, бутпарастардын да Кудайы.

30Анткени Кудай бирөө, Ал сүннөткө отургузулгандарды ишениминин негизинде, сүннөткө отургузулбагандарды да ишеним аркылуу актайт.

31Анда эмне, биз мыйзамды ишеним аркылуу жокко чыгарабызбы? Албетте, жок! Биз мыйзамды бекемдейбиз.

le>