Римдиктерге 4:1-25 KYB2004 - Bible AI

1Анда атабыз Ыбрайым жөнүндө эмне демекчибиз? Жердеги жашоосунда ал эмнеге ээ болду?

2Эгерде Ыбрайым иштери аркылуу акталса, ал мактоого ээ, бирок Кудай алдында эмес.

3Ыйык Жазууда эмне деп жазылган? «Ыбрайым Кудайга ишенди, ошол ишеними ага адилдик катары эсептелинди», – деп жазылган.

4Иш кылган адамга эмгек акы ырайым катары эмес, тийиштүү эмгек акы катары берилет.

5Ал эми иш кылбаган, бирок мыйзамсыз адамды актай турган Кудайга ишенген адамдын ишеними ага адилеттик катары эсептелинет.

6Кудай иштерине карабастан адил деп эсептеген адамдын бактылуу экендиги жөнүндө Дөөт пайгамбар мындай деп айткан:

7«Мыйзамсыз иштери кечирилип, күнөөлөрү жабылган адам бактылуу.

8Күнөөсүн Теңир мойнуна салбаган адам бактылуу».

9Бул бакыт сүннөткө отургузулгандарга тиешелүүбү же сүннөткө отургузулбагандарга тиешелүүбү? Анткени биз: «Ыбрайымга ишеними адилдик катары эсептелинди», – деп айтып жатабыз.

10Ал качан адил деп эсептелинген? Сүннөткө отургузулгандан кийинби же ага чейин элеби? Сүннөткө отургузулгандан кийин эмес, сүннөткө отургузулганга чейин.

11Сүннөт белгисин ал ишеними аркылуу адилдиктин мөөрү катары алган. Анын бул ишеними сүннөткө отургузула элегинде эле бар болчу. Ошентип, ал сүннөткө отургузулбаган ишенгендердин атасы болуп калды. Ошондуктан алар да адил болуп эсептелинишет.

12Ал – сүннөткө отургузулгандардын атасы, бирок сүннөткө отургузулуу менен эле чектелгендердин эмес, атабыз Ыбрайымдын сүннөткө отургузула элегинде эле ээ болгон ишениминин жолу менен бара жаткандардын да атасы.

13Анткени Кудай Ыбрайымга жана анын тукумуна: «Мен силерге бүт дүйнөнү мураска берем», – деп убада кылган. Бул убада ага мыйзамды аткарганы үчүн эмес, ишениминин негизинде акталгандыгы үчүн берилген.

14Эгерде мыйзамды аткаргандар мурасчы болушса, анда ишенимдин пайдасы жок, убаданын күчү жок.

15Себеби мыйзам каарды келтирет. Ал эми мыйзам жок жерде мыйзамды бузуу да жок.

16Ошентип, убада ишенимдин негизинде, ырайым боюнча берилет. Ошондуктан ал мыйзамдын бийлиги астында жашагандарга гана эмес, баарыбыздын атабыз болгон Ыбрайымдын ишеним менен жашаган тукумуна да тиешелүү.

17Ыбрайым жөнүндө Ыйык Жазууда мындай деп жазылган: «Мен сени көптөгөн элдердин атасы кылып койдум». Ал өлгөндөрдү тирилтүүчү, жок нерсени бар нерсе катары айткан Кудайга ишенген.

18Ыбрайым үмүттөнгүдөй эч нерсеси жок болгон учурда да, «Сенин тукумуң ушунча көп болот» деп айтылган сөзгө үмүт менен ишенгендиктен, көптөгөн элдердин атасы болуп калды.

19Жүз жашка жакындап калган Ыбрайым балалуу болуу курагынан өтүп кеткенин жана Сааранын бала төрөө курагынан өтүп кеткенин көрсө да, ишениминен тайыган эмес.

20Ишенбестик кылып Кудайдын убадасынан шектенген эмес, тескерисинче, бекем ишенип, Кудайды даңктаган.

21Кудайдын Өз убадасын аткарууга кудурети жетерине толук ишенген.

22Ошондуктан ал ишеними аркылуу адил деп эсептелинген.

23«Адил деп эсептелинди» деген сөз бир эле ал үчүн эмес,

24Теңирибиз Ыйсаны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудайга ишенген биз үчүн да жазылган жана бизге да тиешелүү.

25Ыйса биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлүмгө кыйылган жана акталышыбыз үчүн тирилген.

le>