Римдиктерге 5:1-21 KYB2004 - Bible AI

1Ошентип, биз ишеним аркылуу акталып, Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу Кудай менен тынчтыкка ээбиз.

2Ыйсага ишенүү аркылуу бизге бул ырайымга жол ачылды. Ошол ырайымга бөлөнүп, Кудайдын даңкына үмүттөнүү менен мактанып жатабыз.

3Бул нерсе менен гана эмес, кайгылар менен да мактанып жатабыз. Анткени биз кайгы аркылуу чыдамкайлык,

4чыдамкайлык аркылуу тажрыйбалуулук, тажрыйбалуулук аркылуу үмүт келерин билебиз.

5Ал эми үмүт уят кылбайт, анткени Кудайдын сүйүүсү бизге берилген Ыйык Рух аркылуу жүрөгүбүзгө төгүлгөн.

6Анткени биз алсыз кезде эле, белгиленген убакта Машайак кудайсыздар үчүн өлгөн.

7Адил адам үчүн ким өлсүн? Жакшы адам үчүн кимдир бирөө өз жанын кыйса кыяр.

8Машайак болсо биз күнөөкөр кезде биз үчүн өлдү. Бул аркылуу Кудай Өзүнүн бизге болгон сүйүүсүн далилдеди.

9Машайактын каны аркылуу акталгандыктан, Кудайдын каарынан Ал аркылуу куткарыларыбыз да анык.

10Анткени биз Кудайдын душманы болуп туруп, Уулунун өлүмү аркылуу Аны менен элдешип жатсак, анда элдешкенден кийин, Уулунун өмүрү аркылуу куткарыларыбыз да анык.

11Муну менен гана эмес, бизди Кудай менен элдештирген Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу Кудайдын Өзү менен да мактанабыз.

12Дүйнөгө бир адам аркылуу күнөө кирди, күнөө аркылуу өлүм кирди. Ошентип, өлүм бардык адамдарга өттү. Себеби бардыгы күнөө кетиришти.

13Анткени мыйзам берилгенге чейин эле дүйнөдө күнөө бар болчу, бирок мыйзам жок болсо, күнөө эсептелинбейт.

14Бирок өлүм Адам атадан Мусага чейин жашаган адамдардын үстүнөн жана келе турган Кишинин бейнеси болгон Адам атаныкындай күнөө кетирбегендердин үстүнөн бийлик жүргүзүп келген.

15Бирок ырайымдын белегин күнөөнүн жазасына салыштыруу мүмкүн эмес. Бир адамдын күнөөсүнүн айынан көптөр өлүмгө дуушар болушса, Кудайдын ырайымы жана бир Адамдын – Ыйса Машайактын ырайым белеги көп адамдарга артыгы менен берилип жаткандыгы анык.

16Ырайымдын белеги бир адамдын күнөөсүнүн натыйжасы сыяктуу эмес. Анткени бир күнөө үчүн болгон сот айыпталууга, ал эми ырайымдын белеги көп күнөөлөрдөн акталууга алып келет.

17Анткени өлүм бир адамдын күнөөсүнүн айынан ошол адам аркылуу бийлик жүргүзсө, анда молдук менен көрсөтүлгөн ырайымды жана белек кылынган адилдикти кабыл алгандар бир Ыйса Машайак аркылуу өмүргө бийлик жүргүзүшөрү да анык.

18Ошондуктан бир адамдын күнөөсүнүн айынан бардык адамдар сотко тартылгандай эле, бир Адамдын адилдиги аркылуу да бардык адамдар өмүргө ээ болуу үчүн акталышат.

19Анткени бир адамдын тил албастыгынын айынан көп адамдар күнөөкөр болгондой эле, бир Адамдын тил алчаактыгы аркылуу көп адамдар адил болушат.

20Мыйзам болсо кийин келди, ошондо күнөө көбөйдү. Бирок күнөө көбөйгөндө, ырайым андан да мол болду.

21Күнөө бийлик жүргүзүп, өлүмгө дуушар кылгандай эле, ырайым да адилеттик аркылуу бийлик жүргүзүп, Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу түбөлүк өмүргө ээ кылат.

le>