1Ошентип, азыр Машайак Ыйсанын ичинде күнөөкөр табияты боюнча эмес, Рух боюнча жашап жаткандарга эч кандай айып коюлбайт.
2Анткени Машайак Ыйса аркылуу өмүр берүүчү Рухтун мыйзамы мени күнөөнүн жана өлүмдүн мыйзамынан бошотту.
3Анткени мыйзам күнөөкөр табияттын айынан күчсүз болуп калгандыктан, Кудай Өзүнүн Уулун күнөөкөр адамдын денесиндей дене менен күнөө үчүн чалынуучу курмандык катары жиберип, денеде жашаган күнөөнү соттоду.
4Ал күнөөкөр табиятыбыздын каалоосу боюнча эмес, Рухтун каалоосу боюнча жашаган бизде мыйзам талап кылган адилдик болушу үчүн ушундай кылды.
5Анткени күнөөкөр табияттын каалоосу боюнча жашагандар күнөөкөр табияттын каалоосу жөнүндө, ал эми Рухтун каалоосу боюнча жашагандар Рухтун каалоосу жөнүндө ойлошот.
6Күнөөкөр табияттын каалоосу жөнүндө ойлоо өлүмгө дуушар кылат, Рухтун каалоосу жөнүндө ойлоо өмүр жана тынчтык берет.
7Анткени күнөөкөр табияттын каалоосу жөнүндө ойлоо – Кудайга каршы кастык, себеби ал Кудайдын мыйзамына баш ийбейт, баш ие да албайт.
8Ошондуктан күнөөкөр табияттын каалоосу боюнча жашагандар Кудайга жага алышпайт.
9Эгерде силердин ичиңерде, чын эле, Кудайдын Руху жашап жатса, анда силер күнөөкөр табиятыңардын каалоосу боюнча эмес, Рухтун каалоосу боюнча жашап жатасыңар. Кимде Машайактын Руху жок болсо, ал Машайактыкы эмес.
10Эгерде Машайак силердин ичиңерде болсо, анда денеңер күнөө үчүн өлүк, бирок рухуңар адилдик үчүн тирүү.
11Эгерде Машайак Ыйсаны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудайдын Руху силердин ичиңерде жашап жатса, анда Машайак Ыйсаны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудай силердин ичиңерде жашаган Өз Руху менен силердин өлүк денеңерди да тирилтет.
12Ошондуктан, бир туугандар, күнөөкөр табиятыбыздын каалоосу боюнча жашагыдай, күнөөкөр табиятыбызга карыздар эмеспиз.
13Анткени күнөөкөр табиятыңардын каалоосу боюнча жашасаңар, анда өлөсүңөр. Ал эми күнөөкөр табияттын иштерин Рухтун жардамы менен өлтүрсөңөр, анда тирүү болосуңар.
14Анткени Кудайдын Рухунун жетеги менен жүргөндөрдүн баары – Кудайдын балдары.
15Себеби силер кайрадан коркунуч менен жашоо үчүн кулдуктун рухун кабыл алган жоксуңар, тескерисинче, Кудайдын баласы кылган Рухту кабыл алдыңар. Ошол Рух аркылуу: «“Абба!”, Ата!» – деп чакырабыз.
16Ошол Рухтун Өзү биздин рухубузга Кудайдын балдары экенибизди күбөлөндүрүп жатат.
17Эгерде балдары болсок, анда мурасчылары да болобуз. Машайак менен бирге даңкталыш үчүн, Аны менен бирге азап тартып жатсак, анда Кудайдын мурасчыларыбыз, Машайак менен мурасташпыз.
18Анткени келечекте биздин ичибизде ачыла турган даңкка салыштырганда, азыркы учурда тартып жаткан азаптар эч нерсе эмес деп ойлойм.
19Анткени жаратылгандын бардыгы Кудайдын балдарынын айкын болуусун чыдамсыздык менен күтүп жатышат.
20Себеби жаратылгандын бардыгы курулай убаракерчиликке өз каалоолору менен эмес, өздөрүн баш ийдиргендин каалоосу боюнча баш ийишкен.
21Анткени жаратылгандын бардыгынын жок болуу кулдугунан чыгып, Кудайдын балдарынын даңктуу эркиндигине ээ болобуз деген үмүтү бар.
22Анткени жаратылгандын бардыгы ушул убакка чейин чогуу онтоп, толгоо тарткан сыяктуу азап тартып жатканын билебиз.
23Жаратылгандын бардыгы эле эмес, биз да Рухтун баштапкы жемишине ээ болгонубуз менен, ичибизден онтоп, Кудайдын бала кылып алуусун жана күнөөкөр табиятыбыздан куткарылууну күтүп жатабыз.
24Анткени биз үмүт менен куткарылдык. Бирок үмүттөнгөн нерсебизди көрүп турсак, үмүтүбүз үмүт болуудан калат. Үмүттөнгөн нерсесин көргөн адам эмнеге үмүттөнмөк эле?
25Эгерде биз көрүнбөгөн нерсеге үмүттөнүп жатсак, анда чыдамдуулук менен күтөбүз.
26Анын үстүнө, Рух да алсыз болгон кезибизде бизге күч берип турат. Анткени биз эмне жөнүндө жана кантип сыйынышыбыз керектигин билбейбиз, бирок Рух Өзү тил жеткис улутунуулары менен биз үчүн арачылык кылат.
27Ошондо адамдардын жүрөгүн сынаган Кудай Рухтун ою кандай экенин билет. Анткени Рух ыйыктар үчүн Кудайга жаккандай арачылык кылат.
28Анын үстүнө, Кудайды сүйгөндөргө, Анын каалоосу боюнча чакырылгандарга бардык нерсе жакшылыкка болорун билебиз.
29Анткени Кудай мурунтадан билген адамдарын Өзүнүн Уулуна окшош кылууну алдын ала белгилеп койгон. Анткени Ал бир туугандарынын туну болушу керек.
30Кудай кимдерди алдын ала белгилесе, ошолорду чакырды, чакыргандарын актады, актагандарын даңктады.
31Бул жөнүндө эмне демекчибиз? Эгерде Кудай биз тарапта болсо, бизге ким каршы чыга алат?
32Өз Уулун аябастан, Аны баарыбыз үчүн берген Кудай кантип бизге Уулу менен кошо бардыгын бербесин?
33Кудай тандап алгандарды ким айыптайт? Аларды Кудай Өзү актайт.
34Аларды ким соттойт? Өлүп, кайра тирилген, Кудайдын оң жагында отурган Машайак Ыйса биз үчүн арачылык кылат.
35Бизди Машайактын сүйүүсүнөн ким ажырата алат? Кайгыбы, кысымчылыкпы, куугунтукпу, ачкачылыкпы, жылаңачтыкпы, коркунучпу, кылычпы?
36Ыйык Жазууда жазылгандай: «Сен үчүн бизди күн сайын өлтүрүп жатышат. Биз алар үчүн мууздала турган койлор сыяктуубуз».
37Бирок мунун бардыгын бизди сүйгөн Кудайдын күчү менен жеңебиз.
38Анткени Кудайдын Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу көрсөткөн сүйүүсүнөн бизди өлүм да, өмүр да, периштелер да, жогоркулар да, күчтөр да, азыркы учур да, келечек да,
39бийиктик да, тереңдик да, жаратылган эч бир нерсе ажырата албастыгына толук ишенемин.