Римдиктерге 9:1-33 KYB2004 - Bible AI

1Мен Машайактын ичинде болуу менен, чындыкты айтып жатам, калп айтпаганымды Ыйык Рух аркылуу ыйыкталган абийирим да күбөлөндүрүп жатат.

2Менин кайгым чоң, жүрөгүм сыздап турат.

3Анткени бир туугандарым, кандаштарым үчүн жалгыз мен каргышка калып, Машайактан ажыратылууну каалар элем.

4Алар – Ысрайылдын урпактары. Кудай аларды бала кылып алды, даңкка бөлөдү, алар менен келишимдерди түздү, аларга мыйзам да, Кудайга табынуу кызматын да, убадаларды да берди.

5Түпкү ата-бабалар да алардыкы, Машайак да алардан чыккан. Ал – бардыгынын үстүнөн башкарып турган Кудай. Ага түбөлүк даңк таандык! Оомийин.

6Кудайдын Сөзү өз күчүн жоготту деп айтпаймын. Бирок Ысрайылдан чыккандардын бардыгы эле ысрайылдыктар эмес.

7Ыбрайымдын тукумунан чыккандардын баары эле анын балдары дегенди билдирбейт. Бирок Ыйык Жазууда: «Сенин тукумуң Ыскактан тарайт», – деп жазылган.

8Башкача айтканда, табигый жол менен төрөлгөн балдардын баары эле Кудайдын балдары эмес, Кудайдын убадасы боюнча төрөлгөн балдар гана чыныгы тукум болуп эсептелет.

9Ал убада болсо мындай: «Мен кийинки жылы ушул убакта кайра келем, ошондо Саара уулдуу болот».

10Саарага гана эмес, Ребекага да убада берилген. Ал атабыз Ыскактан кош бойлуу болуп,

11эгиздерди төрөй элегинде эле, алар жаман же жакшы иш кыла элегинде эле, Кудай ага: «Улуусу кичүүсүнө кул болот», – деп айткан. Кудайдын алдын ала белгилеген максаты жакшы иштердин негизинде эмес, Чакыргандын Өз эрки боюнча ишке ашышы үчүн ушундай болгон.

13Бул жөнүндө Ыйык Жазууда: «Мен Жакыпты жакшы көрүп калдым, Эйсапты болсо жаман көрүп калдым», – деп жазылган.

14Буга эмне дейбиз? Кудай да адилетсизби? Албетте, жок!

15Анткени Ал Муса пайгамбарга: «Ырайым кылгым келгенине ырайым кылам, аягым келгенин аяйм», – деген.

16Демек, Кудайдын ырайым кылуусу адамдын каалоосуна, аракетине байланыштуу эмес, ырайым кылчу Кудайдын Өзүнө байланыштуу.

17Ыйык Жазууда Кудайдын фараонго мындай деп айткан сөзү жазылган: «Сага күчүмдү көрсөтүш үчүн, Менин ысымым бүткүл жер жүзүндө жар салынышы үчүн, Мен сени падыша кылып койдум».

18Демек, Ал каалаган адамына ырайым кылат, каалаган адамынын жүрөгүн катуулантат.

19Эми сен мага: «Андай болсо Кудай эмне үчүн адамдарды айыптайт? Анын эркине ким каршы чыга алат?» – дээрсиң.

20Эй, адам, Кудай менен талашып-тартышкыдай, сен кимсиң? Жасалган нерсе өзүн жасаганга: «Мени эмне үчүн мындай кылып жасадың?» – деп айтабы?

21Же карапачынын бир эле ылайдан сыйга урунула турган да, күндө урунула турган да идиш жасоого укугу жокпу?

22Эгерде Кудай Өзүнүн каарын төгүүнү жана Өзүнүн күчүн көрсөтүүнү каалап, кыйратылууга даяр турган, каар төгүлө турган идиштерди ушунчалык чыдамдуулук менен сактаган болсо, эмне дей алабыз?

23Эгерде Өзүнүн даңкынын байлыгын көрсөтүш үчүн, Өзү даңкка бөлөө үчүн даярдаган, боорукерлик көрсөтүлө турган идиштер үчүн ушундай кылган болсо,

24жүйүттөрдүн арасынан эле эмес, бутпарастардын арасынан да чакырылып алынган ошол идиштер биз болсок, эмне дей алабыз?

25Анткени Кудай Ошуя пайгамбар аркылуу мындай деген: «Менин элим болбогон элди Менин элим дейм, Менин сүйүктүүм болбогон элди Менин сүйүктүүм дейм».

26Аларга: «Силер Менин элим эмессиңер», – деп айтылган жерде алар тирүү Кудайдын уулдары деп аталышат.

27Ал эми Ышайа пайгамбар Ысрайыл эли жөнүндө: «Ысрайыл уулдарынын саны деңиздин кумундай көп болсо да, калдыгы гана куткарылат.

28Анткени Кудай жер үстүндө Өз ишин акыйкаттык менен аягына чейин чыгарат, кечиктирбей аткарат», – деп жар салган.

29Ышайа пайгамбар алдын ала айткандай: «Эгерде Себайот Теңир биздин тукумубузду калтырбаганда, биз Содомдой болуп калмакпыз, Аморго окшоп калмакпыз».

30Анда эмне демекчибиз? Адилдикке умтулбаган бутпарастар ишеним аркылуу адилдикке жетишти.

31Ал эми адилдиктин мыйзамына умтулган ысрайылдыктар адилдиктин мыйзамына жетишкен жок.

32Эмне үчүн? Анткени алар адилдикти ишеним аркылуу издебей, жакшы иштер аркылуу издешти. Алар мүдүрүлтө турган ташка мүдүрүлүштү.

33Анткени Ыйык Жазууда: «Мына, Мен Сионго мүдүрүлтө турган таш жана азгырык боло турган аска коёмун, бирок Ага ишенген адам уятка калбайт», – деп жазылган.

le>