Рут 2:1-23 KYB2004 - Bible AI

1Нааминин күйөөсү Элимелектин Бууз деген уруулаш тууганы бар эле, ал атактуу адам болчу.

2Мааптык Рут Наамиге: «Мен талаага барайын, кимден ырайым тапсам, ошонун артынан машак терейин», – деди. Наами ага: «Бара кой, кызым», – деди.

3Рут талаага келип, орокчулардын артынан машак терип жүрдү. Ал талаа Элимелектин уруулаш тууганы Буузга таандык эле.

4Ошол учурда Бууз Бейт-Лехемден келип, орокчуларга: «Теңир силер менен болсун!» – деди. Алар ага: «Теңир сага батасын берсин!» – дешти.

5Анан Бууз орокчуларынын башында турган кызматчыдан: «Бул жаш келин кимдин аялы?» – деп сурады.

6Орокчулардын башында турган кызматчы мындай деп жооп берди: «Бул жаш келин – Маап талааларынан Наами менен кошо келген мааптык аял.

7Ал мага: “Мен орокчулардын артынан, боолорду аралап машак терип алайын”, – деп, эртең мененден бери ушул жерде жүрөт. Ал үйүндө аз болот».

8Ошондо Бууз Рутка: «Кулак салчы, кызым, сен башка талаага машак тергени барба, бул жерден кетпе, ушул жерде менин кызматчы аялдарым менен бирге бол.

9Алар оргон талаадан ор, алардын артынан калба. Кызматчыларыма сага тийбөөнү буйрук кылдым. Суу ичкиң келсе, барып, кызматчыларым сузуп алып ичкен идиштерден ич», – деди.

10Рут жүзтөмөндөп жыгылып, жерге чейин ийилип таазим кылды да, ага: «Жат жерлик болгонума карабастан, мени кабыл алгыдай, мен сенин алдыңда эмнем менен ырайым таптым?» – деди.

11Бууз мындай деп жооп берди: «Мага бардыгын айтышты, күйөөң өлгөндөн кийин кайын энең үчүн эмне кылганыңды, өз атаңды, өз энеңди, ата мекениңди таштап, мурун билбеген, чоочун элге келгениңди уктум.

12Бул ишиң үчүн Теңир сага тиешеңди берсин, Ысрайылдын Кудайынан сага толук сыйлык берилсин, анткени сен Анын канатынын астынан тынчтык табуу үчүн келдиң!»

13Ошондо Рут ага: «Сенин алдыңда ырайым тапсам экен, мырзам! Күңдөрүңдүн ичинен бир күңүңдүн кунуна татыбасам да, жүрөгүмө жаккан сөздөрдү айтып, көңүлүмдү көтөрүп койдуң», – деди.

14Бууз түшкү тамак убагында Рутка: «Бери келип нан же, наныңды суусундукка малып же», – деди. Ал орокчулардын жанына отурду. Бууз ага нан алып берди. Ал нандан тойгончо жеди, нанынан дагы артып калды.

15Анан ал машак тергени турду. Бууз кызматчыларына мындай деп буйрук берди: «Бул келин боолордун арасынан машак тере берсин, аны таарынтпагыла.

16Ага боолордон да ыргытып, калтырып тургула, терип алсын, аны урушпагыла».

17Ошентип, ал талаада кечке чейин машак терип жүрдү. Терип алган данын бастырганда, бир эйфага жакын арпа болду.

18Арпасын алып, шаарга кетти. Анын терип келгенин кайын энеси көрдү. Рут өзү тойгондон кийин калтырып койгон нанды койнунан чыгарып, кайын энесине берди.

19Кайын энеси Рутка: «Сен бүгүн кайсы жерден тердиң, кайсы жерде иштедиң? Сени кабыл алган кишиге Кудай батасын берсин!» – деди. Рут кайын энесине кимдикинде иштегенин айтты: «Мен бүгүн Бууз деген кишинин талаасында иштедим».

20Ошондо Наами келинине: «Тирүүлөргө да, өлгөндөргө да ырайым көрсөткөнү үчүн, ага Теңир батасын берсин!» – деди. Анан Наами ага: «Ал биздин жакын тууганыбыз болот», – деди.

21Мааптык Рут: «Атүгүл, ал мага: “Оруу-жыюу бүткөнчө, менин кызматчы аялдарым менен бирге бол”, – деп айтты», – деди.

22Ошондо Наами келини Рутка: «Анын кызматчы аялдары менен чогуу болгонуң жакшы, кызым, сени башка талаадагылар кордошпойт», – деди.

23Ошентип, ал Бууздун кызматчы аялдары менен бирге болуп, арпа оруму менен буудай оруму бүткөнчө, машак терип, кайын энесинин үйүндө жашап турду.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
>