Рут 3:1-18 KYB2004 - Bible AI

1Анан ага кайын энеси Наами мындай деди: «Кызым, өзүңө жакшы болушу үчүн, баш паана тапсаң кантет?

2Сен кызматчы аялдары менен болгон Бууз биздин тууганыбыз. Ал ушул түнү кырманда арпа сапырат.

3Жуунуп, жыпар жыттуу май сүйкөнүп, жакшы кийимиңди кийип, кырманга бар, ал жеп-ичип бүткөнчө, көзүнө көрүнбө.

4Ал уктаганы жатканда, кайсы жерге жатканын бил да, барып, бут жагын ачып, жатып ал. Ал сага эмне кылууну айтат».

5Рут ага: «Мен сенин айтканыңдын баарын кылам», – деп жооп берди.

6Рут кырманга барып, кайын энеси айткандай кылды.

7Бууз ичип-жеп, көңүлүн көтөргөндөн кийин, үймөктүн жанына барып жатты. Ошондо Рут акырын келип, анын бут жагын ачып, жатып алды.

8Түн ортосунда ал чочуп ойгонуп, ордунан туруп караса, бут жагында бир аял жатыптыр.

9Ошондо Бууз андан: «Сен кимсиң?» – деп сурады. Рут ага: «Мен сенин күңүң Рутмун. Күңүңө канатыңды жай, анткени сен туугансың», – деди.

10Бууз мындай деди: «Теңир сага батасын берсин, кызым! Сен жакырлар менен байлардын арасынан жаш адам издеген жоксуң, бул кылганың мурунку ишиңден да жакшы болду.

11Ошондуктан коркпо, кызым, сен айткандын баарын жасайм. Анткени менин шаарымдагы элдин баары сенин жакшы аял экениңди билет.

12Менин тууган экеним ырас, бирок менден да жакын тууганың бар.

13Бул түнү ушул жерде түнө. Эртең эле, эгерде ал тууган сени кабыл алса, анда жакшы болот, кабыл алсын. Эгерде ал сени кабыл алгысы келбесе, анда мен өзүм кабыл алам. Теңир тирүү! Таң атканга чейин жата тур».

14Ошентип, ал таң атканга чейин анын бут жагында жатты. Анан ал бири-биринин өңүн ажырата алган убакка чейин эле туруп кетти. Бууз: «Кырманга аял келгенин билишпесин», – деди.

15Анан Рутка: «Yстүңдөгү сырт кийимиңди бер, аны кармап тур», – деди. Ал кармап турду. Ошондо Бууз ага алты ченем арпа өлчөп, ийнине салып берди. Өзү шаарга кетти.

16Рут болсо кайын энесине келди. Кайын энеси: «Эмне болдуң, кызым?» – деп сурады. Рут ага Бууздун эмне кылганынын бардыгын айтып берди.

17Анан: «Ал мага бул алты ченем арпаны берип: “Кайын энеңе куру кол барба”, – деп айтты», – деди.

18Кайын энеси: «Иш эмне менен бүтөрүн билгиче, күтө тур, кызым. Анткени ал киши ишти бүгүн бүтүрмөйүнчө жай албайт», – деди.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
>