1Бууз шаар дарбазасынын алдына барып отурду. Ошол учурда анын жанынан өзү айткан тууганы өтүп бара жаткан эле. Бууз ага: «Бери кел, бул жерге отур», – деди. Ал келип отурду.
2Бууз шаар аксакалдарынан он кишини чакырып алып, аларга: «Бул жерге отургула», – деди. Алар отурушту.
3Ошондо Бууз жакын тууганына: «Маап талааларынан кайтып келген Наами биздин тууганыбыз Элимелекке таандык жердин бир бөлүгүн сатып жатат.
4Сенин кулагыңа угузайын, айтайын деп чечтим: бул жерде отургандардын жана элимдин аксакалдарынын көзүнчө аны кунун төлөп кайрып ал. Эгерде кунун төлөп кайрып алгың келсе, кайрып ал. Андай кылгың келбесе, мага айт, мен билгидей болоюн. Анткени сенден бөлөк эч ким кунун төлөп кайрып ала албайт. Сенден кийинки эле жакын тууганы менмин», – деди. Ал: «Кунун төлөп кайрып алам», – деди.
5Бууз: «Нааминин жерин кайрып алгың келсе, маркумдун аялы мааптык Руттукун кошо кайрып алышың керек, үлүшү маркумдун наамында калышы үчүн, Рутту аялдыкка алышың керек», – деди.
6Ошондо ал тууганы: «Мен аны ала албайм, үлүшүм бузулуп калат. Аны сен кабыл ал, мен кабыл ала албайм», – деди.
7Мурун Ысрайыл элинде сатып алууда жана алмашууда, ар бир ишти бекемдеш үчүн мындай салт болгон: бири өзүнүн бут кийимин чечип, экинчисине берген, бул Ысрайылда күбөлүк катары болгон.
8Анан тууганы Буузга: «Өзүң сатып ал», – деди да, бут кийимин чечти.
9Ошондо Бууз аксакалдарга жана бүт элге: «Менин Наамиден Элимелектин бүт жерин, Килийон менен Махлондун бүт жерин сатып алып жатканыма силер азыр күбөсүңөр.
10Үлүшү маркумдун наамында калышы үчүн, маркумдун ысымы бир туугандарынын арасында жана жашаган жеринде өчпөшү үчүн, Махлондун аялы мааптык Рутту аялдыкка алып жатам. Силер бүгүн буга күбөсүңөр», – деди.
11Дарбазанын алдында турган бүт эл жана аксакалдар мындай дешти: «Биз күбөбүз, үйүңө кирген аялды Теңир Ысрайылдын тукумун улаган Рахел менен Леядай кылсын. Эфратада байлыкка ээ бол, Бейт-Лехемде ысымың даңазалансын.
12Теңир сага ушул жаш аялдан бере турган тукум Тамар Жүйүткө төрөп берген Перестин тукумундай болсун».
13Ошентип, Бууз Рутту алды, Рут анын аялы болуп калды. Ал Рутка жакындады, Теңир берип, анын боюна бүтүп, уул төрөдү.
14Ошондо аялдар Наамиге мындай дешти: «Теңирге даңк, Ал сени мураскорсуз калтырган жок! Анын ысымы Ысрайылда даңкталсын!
15Ал сага кубаныч тартуулайт, карыганыңда багат, анткени аны сени жакшы көргөн, сен үчүн жети уулдан артык болгон келиниң төрөп берди».
16Наами ал баланы алып, койнуна салып көтөрүп жүрдү, анын бакма энеси болду.
17Кошуна аялдар: «Наами уулдуу болду», – деп, баланын атын Обейт коюшту. Ал – Дөөттүн атасы Жышайдын атасы.
18Перестин санжырасы мындай: Перестен Хесрон төрөлгөн;
19Хесрондон Рам төрөлгөн; Рамдан Аминадап төрөлгөн;
20Аминадаптан Нахшон төрөлгөн; Нахшондон Салмон төрөлгөн;
21Салмондон Бууз төрөлгөн; Бууздан Обейт төрөлгөн;
22Обейттен Жышай төрөлгөн; Жышайдан Дөөт төрөлгөн.