Сандар 1:1-54 KYB2004 - Bible AI

1Ысрайыл эли Мисир жеринен чыккандан кийин, экинчи жылдын экинчи айынын биринчи күнүндө Синай чөлүндө, жыйын чатырында Теңир Мусага мындай деди:

2«Арун экөөңөр Ысрайылдын бүткүл жамаатындагы ар бир урууну, ар бир үй-бүлөнү санап чыккыла. Эркек аттууларынын бирин да калтырбай, аттарын атап санап чыккыла.

3Ысрайыл элинин жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактууларынын баарын кошуундары боюнча санап чыккыла.

4Ар бир уруунун уруу башчысы силерге жардам берсин.

5Силерге жардамдаша турган эркектердин аттары мындай: Рубейин уруусунан Шедейурдун уулу Элитсур,

6Шымон уруусунан Суришадайдын уулу Шелумиел,

7Жүйүт уруусунан Аминадаптын уулу Нахшон,

8Исахар уруусунан Суардын уулу Натанаел,

9Забулун уруусунан Хейлондун уулу Элийап,

10Жусуптун уулдарынан: Эпрайым уруусунан Амийуттун уулу Элишама, Менаше уруусунан Пыдатсурдун уулу Гамлиел,

11Бенжемин уруусунан Гидонинин уулу Абидан,

12Дан уруусунан Амишадайдын уулу Ахиезер,

13Ашыр уруусунан Охрандын уулу Пагиел,

14Гат уруусунан Ребуелдин уулу Элийасап,

15Напталы уруусунан Эйнандын уулу Акира.

16Булар – жамааттын тандалган уулдары, өз-өз урууларынын уруу башчылары, Ысрайыл миң башылары».

17Муса менен Арун аттары аталган ушул эркектерди алып жөнөштү.

18Алар экинчи айдын биринчи күнү бүткүл жамаатты жыйнашты. Ошондо алар жыйырма жана андан жогорку жаштагы эркек аттуулардын бирин калтырбай, уруусу, үй-бүлөсү боюнча аттарын атап санап чыгышты.

19Муса Теңирдин айтканындай кылып, аларды Синай чөлүндө санап чыкты.

20Ошондо Ысрайылдын тун уулу Рубейинден тараган, жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бири калбай, уруусу, тукуму, үй-бүлөсү боюнча аттары аталды.

21Рубейин уруусундагы эркектердин саны кырк алты миң беш жүз болду.

22Шымондун уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу боюнча, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

23Шымон уруусундагы эркектердин саны элүү тогуз миң үч жүз болду.

24Гаттын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу боюнча, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

25Гат уруусундагы эркектердин саны кырк беш миң алты жүз элүү болду.

26Жүйүттүн уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу боюнча, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

27Жүйүт уруусундагы эркектердин саны жетимиш төрт миң алты жүз болду.

28Исахардын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу боюнча, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

29Исахар уруусундагы эркектердин саны элүү төрт миң төрт жүз болду.

30Забулундун уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу боюнча, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

31Забулун уруусундагы эркектердин саны элүү жети миң төрт жүз болду.

32Жусуптун уулу Эпрайымдын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

33Эпрайым уруусундагы эркектердин саны кырк миң беш жүз болду.

34Жусуптун уулу Менашенин уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

35Менаше уруусундагы эркектердин саны отуз эки миң эки жүз болду.

36Бенжеминдин уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

37Бенжемин уруусундагы эркектердин саны отуз беш миң төрт жүз болду.

38Дандын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

39Дан уруусундагы эркектердин саны алтымыш эки миң жети жүз болду.

40Ашырдын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

41Ашыр уруусундагы эркектердин саны кырк бир миң беш жүз болду.

42Напталынын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

43Напталы уруусундагы эркектердин саны элүү үч миң төрт жүз болду.

44Санакка киргендер мына ушулар. Аларды Муса менен Арун жана Ысрайылдын уруу башчылары – он эки уруу башчы санап чыгышты.

45Алар Ысрайыл уулдарынын согушка жарактуу жыйырма жана андан жогорку жаштагы эркек аттууларынын баарын үй-бүлөсү боюнча санап чыгышты.

46Алардын жалпы саны алты жүз үч миң беш жүз элүү болду.

47Леби уруусу алар менен кошо санакка кирген жок.

48Анткени Теңир Мусага мындай деп айткан:

49«Леби уруусун гана тизмеге киргизбе, Ысрайыл уулдарындай кылып аларды санаба.

50Лебилерге жыйын чатырын жана ага тиешелүү бардык нерселерди тапшырып бер. Алар жыйын чатырын жана ага тиешелүү нерселердин баарын көтөрүп жүрүшсүн, ошол жерде кызмат кылышсын жана анын тегерегине өздөрүнүн станын жайгаштырышсын.

51Жыйын чатырын көчүргөндө, лебилер жыйнаштырсын; жыйын чатырын орноткондо, лебилер орнотсун. Эгерде бул ишке лебилерден бөлөк бирөө жакындаса, ал өлүм жазасына тартылсын.

52Ысрайыл уулдары өз станынын, өз туусунун жанында турушсун.

53Теңирдин каары Ысрайыл уулдарына төгүлбөш үчүн, лебилер өз стандарын жыйын чатырынын тегерегине жайгаштырышсын. Лебилер жыйын чатырынын жанында күзөттө турушсун».

54Теңир Мусага кандай буйруса, Ысрайыл уулдары ошондой кылышты.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>