1Теңир Мусага дагы мындай деди:
2«Күмүштөн эки сурнай жаса, аларды чегип жаса. Сурнайларды сен жамаатты чакырыш үчүн, станды ордунан жылдырыш үчүн колдон.
3Сурнайлар тартылганда, бүткүл жамаат жыйын чатырынын алдына чогулат.
4Бир сурнай тартылганда, төрөлөр менен Ысрайылдын миң башылары чогулат.
5Сурнайды үзүп-үзүп тартканда, жыйын чатырынын чыгыш тарабында турган стандар козголот.
6Сурнайды экинчи ирет үзүп-үзүп тартканда, жыйын чатырынын түштүк тарабында турган стандар козголот. Стан жолго чыгарда, сурнайларды үзүп-үзүп тартышсын.
7Элди жыйынга чакырарда, сурнайларды үзбөй тарткыла.
8Сурнайларды Арундун уулдары – ыйык кызмат кылуучулар гана тартышсын. Бул көрсөтмө силердин укум-тукумуңарга түбөлүк калсын.
9Жериңерге кол салган душмандарыңар менен согушарда, сурнайларыңарды үзүп-үзүп тарткыла, ошондо Кудай-Теңириңер силерди эстеп, душмандарыңардан куткарат.
10Көңүл ачкан күндөрүңөрдө, майрамдарыңарда, ай жаңырганда, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалганыңарда, сурнайларыңарды тарткыла. Бул сурнай силерди Кудайыңар эсине алышы үчүн тартылат. Мен силердин Кудай-Теңириңермин».
11Экинчи жылдын экинчи айынын жыйырманчы күнү жыйын чатырынын үстүнөн булут көтөрүлдү.
12Ошондо Ысрайыл уулдары станы менен Синай чөлүнөн чыгышты. Булут болсо Паран чөлүнө келип токтоду.
13Ошентип, алар биринчи жолу Теңирдин Муса аркылуу берген буйругу боюнча жолго чыгышты.
14Биринчи болуп Жүйүт станы туусун көтөрүп, кошуундары менен жолго чыкты. Алардын кошуун башында Аминадаптын уулу Нахшон турду.
15Исахар уруусунун кошуун башында Суардын уулу Натанаел турду.
16Забулун уулдарынын кошуун башында Хейлондун уулу Элийап турду.
17Жыйын чатыры чечилгенден кийин, аны Гейиршон уулдары менен Мерари уулдары көтөрүп жөнөштү.
18Анан Рубейин станы туусун көтөрүп, кошуундары менен жолго чыкты. Алардын кошуун башында Шедейурдун уулу Элитсур турду.
19Шымон уулдарынын кошуун башында Суришадайдын уулу Шелумиел турду.
20Гат уулдарынын кошуун башында Ребуелдин уулу Элийасап турду.
21Андан кийин ыйык жайды көтөргөн Кааттын уулдары жөнөштү. Жыйын чатырын болсо алар келгиче орнотуп коюшчу.
22Анан Эпрайым станы туусун көтөрүп, кошуундары менен жолго чыкты. Алардын кошуун башында Амийуттун уулу Элишама турду.
23Менаше уулдарынын кошуун башында Пыдатсурдун уулу Гамлиел турду.
24Бенжемин уулдарынын кошуун башында Гидонинин уулу Абидан турду.
25Акыркы болуп Дан станы туусун көтөрүп, кошуундары менен жолго чыкты. Алардын кошуун башында Амишадайдын уулу Ахиезер турду.
26Ашыр уулдарынын кошуун башында Охрандын уулу Пагиел турду.
27Напталы уулдарынын кошуун башында Эйнандын уулу Акира турду.
28Ысрайыл уулдарынын кошуундары ушундай тартип менен жолго чыгышты.
29Ошондо Муса мидиандык тууганы Ребуелдин уулу Хобапка мындай деди: «Биз азыр Теңир берем деп убада кылган жерге жөнөйбүз. Биз менен жүр, биз сага жакшылык кылабыз, анткени Теңир Ысрайылга жакшылык убада кылган».
30Бирок ал: «Барбайм, мен өз жериме, өз мекениме барам», – деди.
31Ошондо Муса ага мындай деди: «Бизди таштаба, анткени сен станыбызды чөлдө кантип жайгаштырып жатканыбызды билесиң, бизге жол көрсөтүүчү бол.
32Эгерде биз менен барсаң, Теңирдин бизге кыла турган жакшылыгына үлүштөш болосуң».
33Анан алар Теңирдин тоосунан жолго чыгып, үч күн жол жүрүштү. Теңирдин келишим сандыгын көтөргөндөр кошуун токтой турган жерди табыш үчүн, үч күн бою алдыда жол жүрүштү.
34Алар жолго чыкканда, күндүз Теңирдин булуту аларга жол көрсөтүп турду.
35Келишим сандыгын көтөргөндөр жолго чыкканда, Муса мындай дечү: «Теңир, ордуңан тур! Сен ордуңан турганда, Сенин душмандарың чачырап кетсин, Сени жек көргөндөр Сенин жүзүңдөн качсын!»
36Келишим сандыгын көтөргөндөр токтогондо, Муса мындай дечү: «Теңир, миңдеген, түмөндөгөн Ысрайыл уулдарына кайрылып кел!»