Сандар 11:1-35 KYB2004 - Bible AI

1Эл Теңирге наалый баштады. Теңир алардын наалыганын угуп, каарданды. Теңирдин оту түшүп, станды четинен жок кыла баштады.

2Ошондо эл Мусаны жардамга чакырды. Муса Теңирге сыйынды, от өчтү.

3Ушул жерде аларга Теңирдин оту түшкөндүктөн, ал жерди Табейра деп аташты.

4Алардын арасындагы бөтөн элдер тамакты эңсей башташты. Аларга кошулуп Ысрайыл уулдары да отуруп алып, мындай деп ыйлай башташты: «Бизди ким этке тойгузат?

5Мисирдеги бекер жеген балык, бадыраң, коон, пияз, көк пияз, сарымсак эсибизден кетпейт.

6Азыр болсо алыбыз кетип баратат, маннадан башка жегенге эч нерсе жок».

7Маннанын сырткы көрүнүшү кориандр дарагынын уругуна, түсү жыпар жыттуу чайырдыкына окшош эле.

8Эл аны терип алып, жаргылчакка тартып же сокуга жанчып, казанга салып, токоч жасачу, анын даамы зайтун майы кошулган токочтун даамындай эле.

9Стан жайгашкан жерге түнкүсүн шүүдүрүм түшкөндө, манна да түшчү.

10Муса ар бир үй-бүлөнүн өз чатырынын алдында ыйлап отурганын укту. Ошондо Теңир катуу каарданды, Муса да буга кайгырды.

11Анан Муса Теңирге мындай деди: «Эмне үчүн Өз кулуңду кыйнап жатасың? Эмне үчүн мен Сенин алдыңда ырайым таппадым? Эмне үчүн бүт элдин түйшүгүн мага жүктөп жатасың?

12Сен бул элдин ата-бабаларына берем деп, ант менен убада кылган жерге мени бала багуучу аял сыяктуу бул элди колуңа көтөрүп алып бар дегидей, бул элди курсагыма мен көтөрүп, мен төрөдүм беле?

13Бул элдин баарына жеткидей этти кайдан табам? Анткени булар мага: “Бизге эт бер”, – деп ыйлап жатышат.

14Мен бүт элди жалгыз көтөрүп жүрө албайм, бул мен үчүн оор.

15Мага ушундай кылганыңдан көрө, мени өлтүрүп салганың артык. Эгер мен Сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, азап тартпайын».

16Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Мага Ысрайыл аксакалдарынын ичинен жетимиш киши чогултуп кел. Алар сен билген уруу аксакалдары менен көзөмөлдөөчүлөрү болсун. Алар сени менен кошо жыйын чатырынын алдында турушсун.

17Ошондо Мен келип, сени менен сүйлөшөм. Элдин түйшүгүн сен жалгыз көтөрбөй, сени менен бирге алар да көтөрүшү үчүн, сенин үстүңдөгү Рухтан алып, аларга салам.

18Элге болсо мындай де: “Эртеңки күнгө даярдангыла, эртең эт жейсиңер. Анткени силер Теңирге: «Бизди ким этке тойгузат? Бизге Мисирде жакшы болчу», – деп ыйлагансыңар. Эми Теңир силерге эт берет, силер эми эт жейсиңер.

19Силер эми этти бир эле күн эмес, эки күн эмес, беш күн эмес, он күн эмес, жыйырма күн эмес,

20толук бир ай жейсиңер. Силердин араңарда турган Теңирди жек көрүп: «Мисирден эмнеге чыктык экен?» – деп, Анын алдында ыйлаганыңар үчүн, этти кекиртегиңерден чыккыча, көңүлүңөр калгыча жейсиңер”».

21Ошондо Муса мындай деди: «Бул элдин саны алты жүз миң, алардын арасында мен да бармын. Сен болсо: “Мен буларга эт берем, бир ай бою эт жешет”, – дейсиң.

22Койлор менен өгүздөрдүн баарын сойсок да, буларга жетмек беле? Деңиздеги балыктардын баарын кармап келсек да, буларга жетмек беле?»

23Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Теңирдин колу кыска эмес. Менин сага айткан сөзүм аткарылабы, жокпу, азыр көрөсүң».

24Муса чыгып, Теңирдин сөзүн элге айтып берди. Анан эл аксакалдарынын ичинен жетимиш кишини чогултуп алып, жыйын чатырынын жанына койду.

25Ошондо Теңир булут ичинде келип, Муса менен сүйлөшүп, анын үстүндөгү Рухтан алып, жетимиш аксакалга салды. Алардын үстүнө Рух түшөр замат пайгамбарчылык кыла башташты, анан кайра токтоп калышты.

26Элдат жана Мейдад деген эки аксакал станда калып калышкан. Бирок аларга да Рух түштү, алар да станда пайгамбарчылык кылып жатышты.

27Ошондо бир улан чуркап келип, Мусага: «Элдат менен Мейдад станда пайгамбарчылык кылып жатышат», – деди.

28Мусанын тандалган кызматчыларынын бири Нундун уулу Жашыя Мусага: «Муса мырзам! Аларды токтот», – деди.

29Бирок Муса ага мындай деди: «Мен үчүн кызганып жатасыңбы? О, Теңиримдин бардык эли пайгамбар болуп калса кана! Теңирим аларга Өз Рухун берсе кана!»

30Анан Муса Ысрайылдын бардык аксакалдары менен станга кайтты.

31Теңир шамал жиберип, деңиз тараптан бөдөнөлөрдү айдап, алардын стандарынын жанына таштады. Бөдөнөлөр стандын бир тарабынан бир күндүк жолго чейин, экинчи тарабынан да бир күндүк жолго чейин, эки чыканак бийиктикте каптап калды.

32Эл ошол күнү кечке, ошол түнү жана эртеси күнү кечке бөдөнө жыйнады. Аз жыйнады дегени он хомерден жыйнады. Алар бөдөнөлөрдү кошуундун тегерегине жыйып алышты.

33Эл этти чайнап жута электе, Теңирдин каары кайнап, өтө катуу оору жиберип, элди кыйратты.

34Ал жерди Киброт-Атаап деп аташты, анткени ал жерде кесирлүү элди көмүштү.

35Эл Киброт-Атааптан чыгып, Хатсейротко келип, ошол жерде токтоп калды.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>