Сандар 12:1-15 KYB2004 - Bible AI

1Муса эфиопиялыктардан аял алды. Эфиопиялыктардан аял алганы үчүн, Мириям менен Арун аны жемеледи.

2Алар мындай деп айтышты: «Теңир Мусага эле сүйлөдү беле? Ал бизге деле сүйлөбөдү беле?» Ошондо бул сөздү Теңир укту.

3Муса жер үстүндөгү бардык адамдардын ичинен эң момун адам болгон.

4Теңир күтүлбөгөн жерден Мусага да, Арунга да, Мириямга да мындай деди: «Yчөөңөр тең жыйын чатырына келгиле». Үчөө тең жыйын чатырына келди.

5Теңир булут мамынын ичинде келип, жыйын чатырынын алдына туруп калды да, Арун менен Мириямды чакырды. Алар келишти.

6Ошондо Теңир мындай деди: «Менин сөзүмө кулак салгыла. Эгерде силердин араңарда Теңирдин пайгамбары бар болсо, анда Мен ага көрүнүштөрдө ачылып, аны менен түштөрүндө сүйлөшөм.

7Бирок Өзүмдүн кулум Мусага андай кылбайм, анткени ал – Менин бүт элимдин ичинен ишенимдүү киши.

8Мен аны менен табышмактатпай, оозмо-ооз, ачык сүйлөшөм, ал Теңирдин бейнесин да көрүп турат. Силер Менин кулум Мусаны жемелегенден кантип корккон жоксуңар?»

9Теңир аларга каарданып, кетип калды.

10Булут мамысы жыйын чатырынан алыстап кетти. Ошондо Мириямды кардай ак пес оорусу каптап калды. Арун Мириямды караса, ал пес оорулуу болуп калыптыр.

11Ошондо Арун Мусага мындай деди: «Муса мырзам! Биздин күнөөбүздү кечир, биз акылсыздыктан күнөө кылдык.

12Аны энесинин ичинен чыга электе эле денесинин жарымы чирип, өлүү төрөлгөн баладай кылба».

13Ошондо Муса Теңирге: «О Кудай, аны айыктыра көр!» – деп жалынып жиберди.

14Теңир Мусага мындай деди: «Эгерде атасы анын бетине түкүрсө, анда ал жети күн уялып жүрмөк. Ошондуктан ал стандын сыртында жети күн камалып, анан кайтып келсин».

15Мириям стандын сыртында жети күн камалды. Мириям кайрылып келгиче, эл жолго чыкпай, ордунда турду.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>