1Ошондон кийин эл Хатсейроттон чыгып, Паран чөлүнө келип токтоду.
2Ошондо Теңир Мусага мындай деди:
3«Мен Ысрайыл уулдарына берип жаткан Канаан жерин көрүп келүүгө киши жибер. Ар бир уруудан бирден киши жибер, алар уруу башчыларынан болсун».
4Муса аларды Теңирдин буйругу боюнча Паран чөлүнөн жөнөттү, алардын баары Ысрайыл уулдарынын башчылары эле.
5Алардын аттары мындай: Рубейин уруусунан Закурдун уулу Шамуя,
6Шымон уруусунан Хоринин уулу Шапат,
7Жүйүт уруусунан Жепундун уулу Калеп,
8Исахар уруусунан Жусуптун уулу Игал,
9Эпрайым уруусунан Нундун уулу Ошуя,
10Бенжемин уруусунан Рапанын уулу Палтий,
11Забулун уруусунан Содинин уулу Гадиел,
12Жусуптан тараган Менаше уруусунан Сусинин уулу Гади,
13Дан уруусунан Гемалинин уулу Амиел,
14Ашыр уруусунан Михаелдин уулу Сетур,
15Напталы уруусунан Бопсинин уулу Нахбий,
16Гат уруусунан Махинин уулу Гуел.
17Муса жерди көрүп келүүгө жиберген адамдардын аттары ушулар. Ошондо Муса Нундун уулу Ошуяга Жашыя деген ат койду.
18Муса аларды Канаан жерин көрүп келүүгө жөнөтүп жатып, мындай деди: «Түштүк тараптагы ошол өлкөгө барып, тоосуна чыгып,
19жерин карап көргүлө. Анда жашаган эл күчтүүбү же алсызбы, көппү же азбы, билип келгиле.
20Ал эл жашаган жер жакшыбы же жаманбы, жашаган шаарлары кандай, ал эл чатырларда жашайбы же чептүү жердеби, билип келгиле.
21Ал жердин топурагы семизби, арыкпы, бак-дарак өсөбү же жокпу, билип келгиле. Кайраттуу болгула, ал жердин мөмө-жемиштеринен ала келгиле». Бул убак жүзүм бышкан маал эле.
22Ошентип, алар жолго чыгып, Син чөлүнөн Хаматтын жанындагы Рехопко чейинки жерлерди карап чыгышты.
23Анан түштүктү карай бет алып, Анактын тукумдары Акиман, Шейшай, Талмай жашаган Хебронго чейин барышты. Хеброн болсо Мисирдеги Соан шаарынан жети жыл мурда курулган эле.
24Анан Эшкол өрөөнүнө барып, бир шиңгил жүзүмдү кыйып алып, шыргыйга илип, эки киши көтөрдү. Алар анар, анжыр мөмөлөрүн да алышты.
25Ысрайыл уулдары ошол жерден жүзүм шиңгилин кыйып алгандыктан, ал өрөөндү Эшкол деп аташты.
26Ошентип, алар жерди карап чыгып, кырк күндөн кийин кайтып келишти.
27Алар Паран чөлүнө, Кадешке, Муса менен Арунга жана Ысрайыл уулдарынын жамаатына келип, аларга көргөндөрүн айтып беришти жана ал жердин жемиштерин көрсөтүштү.
28Алар Мусага мындай деп айтып беришти: «Сен бизди жиберген жерге барып келдик, чын эле, ал жер сүт менен бал аккан жер экен, ал жердин жемиштери мына.
29Бирок ал жерде жашаган эл күчтүү экен, шаарлары да өтө чоң, чеп менен курчалган экен. Биз ал жерден Анактын тукумун да көрдүк.
30Ал жердин түштүк жагында амалыктыктар, тоолорунда хеттиктер, жебустуктар жана аморлуктар, деңиз жээги менен Иордан боюнда канаандыктар жашашат экен».
31Бирок Калеп Мусанын алдында турган элди тынчтандырып: «Жүргүлө, ал жерди ээлеп алалы, анткени биз ал жерди оңой эле басып ала алабыз», – деди.
32Аны менен барып келгендер болсо: «Жок, биз ал жердин элдерине каршы бара албайбыз, анткени алар бизден алда канча күчтүү экен», – дешти.
33Ошентип, алар карап келген жерлери жөнүндө Ысрайыл уулдарынын арасына мындай жаман сөз таратышты: «Биз карап чыккан жерлер кызыл кыргын, кара сүргүн кетпеген жерлер экен, биз көргөн кишилердин бардыгы алп кишилер экен.
34Ал жерден биз Анактын алп тукумунан чыккан алптарды көрдүк, алардын жанында биз өзүбүздү чегирткедей сездик, алардын көзүнө да чегирткедей көрүндүк».