1Ошондо бүт жамаат боздоп жиберди, эл ошол түнү ыйлап чыкты.
2Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты Муса менен Арунга мындай деп наалыды: «О, ушундан көрө Мисир жеринде же ушул чөлдө эле өлүп калсак эмне.
3Теңир бизди ал жерге кылычтан өлсүн деп алып бара жатабы? Эми аялдарыбыз менен балдарыбыз душманга олжо болот. Андан көрө Мисирге кайтканыбыз оң эмеспи?»
4Анан алар бири-бирине: «Өзүбүзгө башчы шайлап алып, Мисирге кайра кетели», – дешти.
5Ошондо Муса менен Арун Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатынын алдында жүзтөмөндөп жыгылышты.
6Ал жерди көрүп келгендердин ичинен Нундун уулу Жашыя менен Жепундун уулу Калеп да кийимдерин айрып жиберишип,
7Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатына мындай дешти: «Биз көрүп келген жер абдан сонун жер экен.
8Эгерде Теңир бизге ырайым кыла турган болсо, анда бизди ал жерге Өзү алып барат. Сүт менен бал аккан ошол жерди бизге берет.
9Болгону, Теңирге каршы чыкпагыла, ал жердин элинен коркпогула, биз ал элди жеңип алабыз, анткени алардын коргоочусу жок. Ал эми биз менен Теңир бара жатат, ошондуктан алардан коркпогула».
10Ошондо бүт жамаат: «Буларды таш бараңга алыш керек!» – деп кыйкырды. Бирок Теңирдин даңкы жыйын чатырынын үстүнө келип, бүт Ысрайыл уулдарына көрүндү.
11Ошондо Теңир Мусага: «Бул эл Мени качанкыга чейин каардантат? Мен аларга кереметтерди көрсөткөндөн кийин да, Мага ишенбей жүрө беришеби?
12Мен аларды жугуштуу оору каптатып жок кылам да, сенден алардан көбүрөөк, күчтүүрөөк эл жаратам», – деди.
13Бирок Муса Теңирге мындай деди: «Бул элди Өз кубатың менен өздөрүнүн арасынан алып чыккан Сен экениңди билген мисирликтер бул жөнүндө угуп,
14бул жердин тургундарына айтышат. Алар Сенин Теңир экениңди, бул элдин арасында жүргөнүңдү, Өзүңдүн жүзүңдү аларга көрсөткөнүңдү, алардын үстүндө Сенин булутуң турганын жана Сен алардын алдында күндүз булут мамынын ичинде, түнкүсүн от мамынын ичинде баратканыңды уккан ошол жердин элине айтышат.
15Эгерде Сен бул элди бир кишини жок кылгандай кырып салсаң, анда Сенин даңкыңды угушкан ошол элдер:
16“Теңир бул элди Өзү ант менен убада кылган жерге алып бара албай, чөлдө кырып салды”, – деп айтышат.
17Ошондуктан Теңирдин күчүнүн даңкы чыксын, анткени Сен минтип айткансың:
18“Теңир чыдамдуу, абдан боорукер, мыйзамсыздыкты да, кылмышты да кечирет, жазасыз да калтырбайт, ата-бабаларынын мыйзамсыздыгы үчүн балдарын үчүнчү, төртүнчү тукумуна чейин жазалайт”.
19Сен бул элдин күнөөсүн Мисирден чыккандан баштап ушул күнгө чейин улуу ырайымың менен кечирип келе жатканыңдай, эми да кечир».
20Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Сенин сөзүң боюнча кечирейин.
21Мен тирүүмүн, ошондуктан бүт жер жүзү Теңирдин даңкына толуп турат.
22Менин Мисирде жана чөлдө көрсөткөн даңкым менен кереметтеримди көргөндөрдүн бардыгы Мени он жолу сынашты, Менин үнүмдү укпай коюшту.
23Алардын ата-бабаларына берем деп, ант менен убада кылган жерди алар көрүшпөйт. Мени каарданткандардын бардыгы ал жерди көрбөйт.
24Бирок Менин кулум Калепте башка рух болгондуктан, ал Мага толук баш ийгендиктен, Мен аны өзү барып келген жерге алып барам, анын тукуму да ал жерди мурастайт.
25Амалыктыктар менен канаандыктар өрөөндө жашашат. Эртең артка кайтып, Кызыл деңизге барчу жол менен чөлгө кеткиле».
26Анан Теңир Муса менен Арунга мындай деди:
27«Бул ниети жаман эл Мага качанкыга чейин наалыйт? Ысрайыл уулдарынын Мага наалыганын угуп жатам.
28Аларга мындай деп айтып кой: “Мен тирүүмүн, – дейт Теңир, – Мага кандай айтсаңар, так ошондой кылам.
29Өлүгүңөр ушул чөлдө калат, Мага наалыганыңар үчүн эсепке кирген жыйырма жана андан жогорку жаштагыларыңардын баары өлүп, ушул чөлдө каласыңар.
30Жепундун уулу Калеп менен Нундун уулу Жашыядан башкаңар Мен колумду көтөрүп, алып барам деп ант берген жерге кирбейсиңер.
31Душмандын колуна түшүп олжо болот деген балдарыңарды Мен ошол жерге алып барам, алар силер жек көргөн жерди көрүшөт.
32Ал эми силердин өлүгүңөр ушул чөлдө калат.
33Балдарыңар чөлдө кырк жыл көчүп-конуп жүрүшөт. Баарыңар чөлдө өлүп бүткөнгө чейин, алар силердин ишенимсиздигиңер үчүн азап тартышат.
34Силер жерди кырк күн карап чыктыңар. Өзүңөрдүн күнөөлөрүңөр үчүн ошол күндөрдүн санына жараша кырк жыл жазаланасыңар, бир күн үчүн бир жыл. Мен таштап койгондо кандай болорун ошондо билесиңер.
35Мен, Теңир, Мага каршы чыккан ушул ниети жаман элге айтканымды аткарам: алардын бардыгы мына ушул чөлдө кырылып жок болушат”».
36Муса жерди карап келгени жиберген адамдар кайра кайтып келип, бүт жамаатты Мусага каршы тукуруп, жер жөнүндө жаман сөз таратышты.
37Жер жөнүндө жаман сөз тараткан бул адамдар Теңирдин алдында жазаланып өлүштү.
38Жерди карап келгендердин ичинен Нундун уулу Жашыя менен Жепундун уулу Калеп гана тирүү калды.
39Анан Муса ушул сөздөрдү Ысрайыл уулдарына айтып берди. Ошондо эл кайгыга батты.
40Анан эртең менен эрте туруп, тоонун башына чыгып, мындай деп айтышты: «Эми биз Теңир айткан жерге барабыз, биз, чын эле, күнөөгө баттык».
41Ошондо Муса аларга мындай деди: «Эмне үчүн силер Кудайдын буйругун укпай жатасыңар? Мунуңар ийгилик алып келбейт.
42Барбагыла, анткени араңарда Теңир жок, душманыңардан жеңилип каласыңар.
43Ал жерден силерге амалыктыктар менен канаандыктар каршы чыгышат, алардын кылычынан өлөсүңөр, анткени силер Теңирди таштап койдуңар, ошондуктан Теңир силер менен болбойт».
44Бирок алар болбой эле тоого чыга башташты. Ал эми Теңирдин келишим сандыгы менен Муса станда калды.
45Ошондо ошол тоодо жашаган амалыктыктар менен канаандыктар аларды талкалап, Хормага чейин кууп барышты.