Сандар 15:1-41 KYB2004 - Bible AI

1Теңир Мусага мындай деди:

2«Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Силер Мен берип жаткан жерге киргениңерде,

3Теңирге жыты жаккан курмандык алып келүү үчүн, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка, же убада боюнча, же өз каалоосу боюнча чалынуучу курмандыкка, же майрамдарда чалынуучу курмандыкка бодо жана майда малдан чаласыңар.

4Ошондо Теңирге арнап курмандык чалуучу адам нан курмандыгына гиндин төрттөн бир бөлүгүнчөлүк зайтун майы кошулган эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келиши керек.

5Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка же башка курмандыктарга чалынуучу козуларды алып келгенде, ар бир козу менен кошо куюлуучу курмандыкка гиндин төрттөн бир бөлүгүнчөлүк шарап алып кел.

6Курмандыкка чалынуучу кочкор менен кошо нан курмандыгына гиндин үчтөн бир бөлүгүнчөлүк зайтун майы кошулган эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун алып кел.

7Жыты Теңирге жаккан куюлуучу курмандыкка гиндин үчтөн бир бөлүгүнчөлүк шарап алып кел.

8Эгерде Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка, же убада боюнча чалынуучу курмандыкка, же тынчтык курмандыгына жаш өгүз алып келе турган болсоң,

9анда өгүз менен бирге нан курмандыгына жарым гин зайтун майы кошулган эйфанын ондон үч бөлүгүнчөлүк буудай унун,

10ошондой эле жыты Теңирге жаккан куюлуучу курмандыкка жарым гин шарап алып кел.

11Өгүз, кочкор, козу же улак алып келген сайын ушундай кыл.

12Алып келген ар бир курмандыгыңардын санына жараша ушундай өлчөмдөгү курмандыктарды кошуп алып келгиле.

13Жыты Теңирге жаккан курмандык алып келген Ысрайыл элинин ар бир тургуну мына ушундай кылсын.

14Эгерде силердин араңарда жашаган келгин же силердин урууңарда жашаган ким болбосун, жыты Теңирге жаккан курмандык алып келе турган болсо, ал да силер кылганды кылсын.

15Теңирдин жамааты болгон силер үчүн да, силердин араңарда жашаган келгин үчүн да бирдей мыйзам, бул мыйзам силердин укум-тукумуңарга түбөлүк калсын. Силер Теңирдин алдында кандай болсоңор, келгиндер да ошондой.

16Силерге да, силердин араңарда жашаган келгинге да мыйзам менен укук бирдей”».

17Теңир Мусага мындай деди:

18«Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Мен силерди алып бара жаткан жерге барганыңарда,

19ал жердин нанын жегениңерде, Теңирге арнап курмандык алып келгиле.

20Биринчи камырыңардан жасалган токочту өйдө көтөрүлүүчү курмандыкка алып келгиле. Аны кырмандан алып келген курмандык сыяктуу өйдө көтөргүлө.

21Биринчи камырыңардан жасалган токочту Теңирге арнап өйдө көтөрүп алып келгиле. Укум-тукумуңар да ушундай кылсын.

22Эгерде Теңирдин Мусага айткан осуяттарынын баарын билбестиктен бузсаңар,

23Теңирдин Муса аркылуу осуяттаган күнүнөн тартып, Теңирдин осуяттарынын баарын аткарбасаңар, кийинки тукумуңар аткарбаса,

24эгерде жамааттын байкабастыгынан жаңылыштык кеткен болсо, анда бүт жамаат жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир жаш өгүз, аны менен кошо белгиленген санда нан курмандыгын жана куюлуучу курмандык алып келсин, ошондой эле күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келсин.

25Анан ыйык кызмат кылуучу Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатын күнөөдөн тазаласын, ошондо аларга кечирим болот, анткени алар муну жаңылыштык менен кылышкан, ошондуктан алар өздөрүнүн күнөөсү үчүн, жаңылыштыгы үчүн Теңирге арнап, Теңирдин алдына курмандык алып келишсин.

26Ошондо Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатына жана алардын арасында жашаган келгиндерге кечирим болот, анткени муну жалпы эл жаңылыштык менен кылган.

27Эгерде бир адам билбестиктен күнөө кылса, анда ал күнөөсү үчүн бир жылдык эчкини курмандыкка чалсын.

28Билбестиктен күнөө кылган адамды ыйык кызмат кылуучу Теңирдин алдында тазаласын, ошондо ал тазаланат жана ага кечирим болот.

29Билбестиктен күнөө кылган адам Ысрайыл уулдарынын жергиликтүү тургуну болобу, алардын арасында жашап жаткан келгин болобу, силерде бир мыйзам болсун.

30Жергиликтүү тургун болобу, келгин болобу, билип туруп күнөө кылса, анда ал Теңирге акарат келтирген болот. Ал адам өз элинин арасынан жок кылынсын.

31Анткени ал Теңирдин сөзүн жек көрүп, Анын осуятын бузду. Ал адам жок кылынсын, өз күнөөсү өз мойнунда”».

32Ысрайыл уулдары чөлдө жүргөндө, ишемби күнү отун терип жүргөн кишини көрүп калышты.

33Көрүп калгандар отун терип жүргөн кишини Муса менен Арунга жана бүт жамаат алдына алып келип,

34аны каматып коюшту, анткени аны эмне кылуу керек экени али аныктала элек болчу.

35Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Бул адам өлүм жазасына тартылсын. Аны стандын сыртына алып чыгып, бүт жамаат таш бараңга алсын».

36Теңир Мусага буйругандай, бүт жамаат аны стандын сыртына алып чыгып, таш бараңга алып өлтүрүштү.

37Теңир Мусага мындай деди:

38«Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: Алар укумдан-тукумга кийимдеринин этегине чачыларды жасашсын, кийимдеринин этегиндеги ошол чачыларга көк жүндөн жасалган жип кошушсун.

39Чачылардагы көк жип, силер аны көргөндө Теңирдин бардык осуяттарын эстеп, аткарышыңар үчүн, силерди бузуктукка түрткөн жүрөгүңөр менен көзүңөрдүн каалоосун аткарбашыңар үчүн,

40Менин бардык осуяттарымды аткарышыңар үчүн, Кудайыңардын алдында ыйык болушуңар үчүн кошулат.

41Силердин Кудайыңар болуш үчүн, силерди Мисир жеринен алып чыккан Кудай-Теңириңер Менмин. Силердин Кудай-Теңириңер Менмин».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>