Сандар 16:1-50 KYB2004 - Bible AI

1Лебинин, Кааттын, Итсардын уулу Корак, Рубейин уулдарынан Элийаптын уулдары Датан менен Абырам, Пелеттин уулу Оон Мусага каршы чыгышты.

2Алар менен кошо Ысрайыл уулдарынын ичинен жыйынга чакырылган атактуу жамаат башчылары болгон эки жүз элүү адам каршы чыкты.

3Алар чогулуп келип, Муса менен Арунга каршы мындай дешти: «Силердики жетишет, бүт жамаат ыйык, бардыгы ыйык, Теңир алардын арасында! Эмне үчүн силер өзүңөрдү Теңирдин элинен жогору коёсуңар?»

4Муса муну укканда, жүзтөмөндөп жыгылды.

5Анан ал Коракка жана анын таламдаштарына мындай деди: «Эртең Теңир ким Өзүнүкү экенин, ким ыйык экенин көрсөтөт, ошону Ал Өзүнө жакындатат. Өзү кимди тандаса, ошону Өзүнө жакындатат.

6Мындай кылгыла: Корак жана анын таламдаштары, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идишиңерди алгыла.

7Эртең ага от салып, анын үстүнө Теңир алдында түтөтүлүүчү заттарды салгыла. Ошондо Теңир кимди тандаса, ошол ыйык болот. Леби уулдары, силердики жетишет!»

8Муса Коракка дагы мындай деди: «Леби уулдары, кулак салгыла.

9Кудай силерди Ысрайыл жамаатынан бөлүп алып, Теңирдин жыйын чатырында жамаатка кызмат кылып турушуңар үчүн Өзүнө жакындатканы силерге аздык кылып жатабы?

10Ал сени жана сени менен кошо бардык бир туугандарыңды, Леби уулдарын, Өзүнө жакындатты. Силер болсо ыйык кызмат кылуучулукка да умтулуп жатасыңар.

11Ошон үчүн сен жамаатың менен Теңирге каршы чыгып жатасың. Арунга наалыгыдай, ал ким эле?»

12Анан Муса Элийаптын уулдары Датан менен Абырамды чакырганы киши жиберди. Бирок алар: «Барбайбыз!

13Бизди чөлдө өлтүрүш үчүн, сүт менен бал аккан жерден алып чыкканың аздык кылабы? Эми сен бизге үстөмдүк кылгың барбы?

14Сен бизди сүт менен бал аккан жерге жеткирген жоксуң. Жүзүмзарлар менен эгин талааларын энчибизге берген жоксуң. Сен бул элди алдагың барбы? Барбайбыз!» – дешти.

15Ошондо Муса абдан капаланып, Теңирге кайрылды: «Булардын алып келген курмандыктарына көңүл бурба, мен булардан бир да эшек алган эмесмин, булардын эч бирине жамандык кылган эмесмин».

16Анан Муса Коракка мындай деди: «Эртең сен бүт таламдаштарың менен Теңирдин алдында бол, сени менен кошо таламдаштарың жана Арун болсун.

17Ар бириңер жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идишиңерди алып, ага түтөтүлүүчү зат салып, Теңирдин алдына алып келгиле, бардыгы эки жүз элүү идиш болсун. Арун экөөңөр да өз идишиңерди алып келгиле».

18Ошондо ар бири өз идишин алып, чок салып, жыпар жыттуу зат салып, жыйын чатырынын алдында турушту. Муса менен Арун да турду.

19Анан Корак аларга каршы бүт жамаатты жыйын чатырынын алдына чогултту. Ошондо бүт жамаатка Кудайдын даңкы келди.

20Анан Теңир Муса менен Арунга мындай деди:

21«Бул жамааттан бөлүнгүлө, анткени Мен буларды көз ачып-жумгуча кыйратам».

22Ошондо алар жүзтөмөндөп жыгылып: «Кудай, бардык адамдардын рухтарынын Кудайы! Бир киши күнөө кылса, бүткүл жамаатка каарданасыңбы?» – дешти.

23Ошондо Теңир Мусага мындай деди:

24«Жамаатка: Корактын, Датандын жана Абырамдын чатырларынан алыс тургула», – деп айт.

25Муса ордунан туруп, Датан менен Абырамга барды, анын артынан Ысрайыл аксакалдары да барышты.

26Анан Муса жамаатка мындай деди: «Бул мыйзамсыз адамдардын чатырларынан алыс тургула, буларга тийиштүү нерселердин эч бирине тийбегиле, болбосо булардын күнөөсү үчүн силер да өлүп каласыңар».

27Ошондо алар Корактын, Датандын, Абырамдын чатырларынан алыс турушту. Датан менен Абырам аялдарын, уулдарын, кичинекей балдарын алып, чатырларынан чыгып, эшиктеринин алдында турушту.

28Анан Муса мындай деди: «Бул иштердин баарын мен өз эрким менен эмес, Теңир жибергендиктен жасап жатканымды мындан билесиңер:

29эгерде булар бардык адамдар өлгөн сыяктуу эле өлүшсө, бардык адамдардай эле жазаланышса, анда мени Теңир жиберген эмес болот.

30Эгерде Теңир адаттан тыш нерсе кылып, жер араанын ачып, буларды жана булардын бардык нерселерин жутуп жиберсе, булар өлгөндөр жаткан жайга тирүүлөй кирсе, анда бул адамдардын Кудайга акарат келтиргенин билесиңер».

31Ушул сөздөрдү айтар замат алардын астындагы жер ачылды.

32Жер араанын ачып, аларды үй-жайы менен, Корактын бардык кишилерин мал-мүлкү менен кошо жутту.

33Ошентип, алар бардык мал-мүлкү менен өлгөндөр жаткан жайга тирүүлөй киришти, аларды жер басып калды. Ошентип, алар жамаат арасынан жок болушту.

34Аларды тегеректеп турган бүт ысрайылдыктар алардын боздогон үнүн угуп: «Бизди да жер жутпасын», – деп качып жөнөштү.

35Анан Кудайдан от түшүп, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерди алып келген эки жүз элүү эркекти жалмап кетти.

36Анан Теңир Мусага мындай деди:

37«Арундун уулуна, ыйык кызмат кылуучу Элазарга, айт, ал өрттөнүп кеткендердин жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерин чогултуп алып, ичиндеги чогун сыртка төгүп салсын, анткени алар ыйык болуп калды.

38Бул күнөөкөрлөрдүн жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерин курмандык чалынуучу жайды капташ үчүн, каңылтыр кылып салгыла. Анткени алар жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерди Теңирдин алдына алып келишкендиктен, идиштер ыйыкталып калды. Бул Ысрайыл уулдарына эскертүү болсун».

39Теңир Элазарга Муса аркылуу айткандай, ыйык кызмат кылуучу Элазар өрттөнүп кеткендердин жез идиштерин алды да, курмандык чалынуучу жайды капташ үчүн, каңылтыр кылып салды.

40Теңирдин алдына Арундун тукумунан башка бирөө жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиш алып келбеш үчүн, Ысрайыл уулдары да Корак менен анын таламдаштарындай болбош үчүн, аларды Ысрайыл уулдарына эскертүү кылыш үчүн ошентти.

41Эртеси Ысрайыл уулдарынын бүткүл жамааты Муса менен Арунга: «Силер Теңирдин элин өлтүрдүңөр», – деп нааразы болду.

42Муса менен Арунга каршы бүт жамаат чогулганда, алар жыйын чатырын карашса, жыйын чатырын булут каптап, Кудайдын даңкы келиптир.

43Ошондо Муса менен Арун жыйын чатырына келди.

44Теңир Мусага мындай деди:

45«Бул жамааттан алыс тургула, анткени Мен буларды көз ачып-жумгуча кыйратам». Бирок алар жүзтөмөндөп жыгылышты.

46Ошондо Муса Арунга мындай деди: «Жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идишти алып, ичине курмандык чалынуучу жайдын чогунан салып, үстүнө түтөтүлүүчү зат салып, тезирээк жамаатка барып, аларды куткарып кал, анткени Теңирдин каары төгүлүп, алар кыйрай башташты».

47Муса айткандай, Арун жамааттын ортосуна чуркап барса, эл кыйрай баштаган экен. Ошондо ал идишке түтөтүлүүчү зат салып, элди куткарып калды.

48Ал өлгөндөр менен тирүүлөрдүн ортосуна туруп калды, ошондо кыйроо токтоду.

49Ошентип, Корактын иши боюнча өлгөндөрдөн сырткары кыйроодон он төрт миң жети жүз киши өлдү.

50Кыйроо токтогондон кийин, Арун жыйын чатырынын алдына, Мусага кайтып келди.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>