Сандар 18:1-32 KYB2004 - Bible AI

1Теңир Арунга мындай деди: «Сен жана уулдарың, укум-тукумуң ыйык жайга шалаакы мамиле кылгандардын күнөөсү үчүн жооп бересиңер. Сен жана уулдарың ыйык кызматыңарды туура эмес аткаргандыгыңар үчүн жооп бересиңер.

2Ошондой эле Леби уруусундагы бир туугандарыңды, атаңдын уруусун өзүңө кошуп ал. Алар сенин кол алдыңда болуп, сага кызмат кылышсын, сен болсо уулдарың менен бирге жыйын чатырынын алдында бол.

3Алар сага жана жыйын чатырында кызмат кылышсын, бирок алар ыйык жайдын буюмдарына жана курмандык чалынуучу жайга жакындашпасын, болбосо алар да, силер да өлүп каласыңар.

4Алар сенин кол алдыңда болуп, жыйын чатырында кызмат кылышсын, жыйын чатырындагы бардык жумуштар алардын мойнунда, башка бирөө силерге жакын жолобосун.

5Мындан ары Ысрайыл уулдарына Теңирдин каары төгүлбөшү үчүн, ыйык жайда жана курмандык чалынуучу жайда ушундай кызмат аткаргыла.

6Анткени силердин бир туугандарыңар болгон лебилерди Мен Ысрайыл уулдарынын арасынан бөлүп алгам жана жыйын чатырында кызмат кылсын деп, аларды Теңирге тартуу катары силерге бергем.

7Сен жана уулдарың көшөгөнүн ички жагында жана курмандык чалынуучу жайда ыйык кызматыңарды аткаргыла. Мен силерге ыйык кызмат кылуучулук кызматты тартуу катарында бердим. Ал кызматты башка бирөө аткарса, ал өлүм жазасына тартылсын».

8Теңир Арунга дагы мындай деди: «Ысрайыл уулдарынын Мага арнап алып келген курмандыктарына көз салууну Мен сага тапшырдым. Аларды Мен сага жана сенин уулдарыңа ыйык кызматыңар үчүн үлүш кылып бердим. Бул мыйзам силердин укум-тукумуңарга түбөлүккө калсын.

9Өрттөлүүчү эң ыйык курмандыктардын ичинен сага тиешелүү курмандыктар булар: алардын Мага алып келген нан курмандыктары, күнөө үчүн чалынуучу курмандыктары, айып үчүн чалынуучу курмандыктары. Бул – сен үчүн жана сенин уулдарың үчүн эң ыйык курмандык.

10Аларды эң ыйык жерде жегиле, аларды бардык эркектер жесе болот. Бул сен үчүн ыйык нерсе болсун.

11Ысрайыл уулдарынын өйдө көтөрө турган курмандыктарынын баары сага тиешелүү. Аларды Мен сага, сенин уулдарыңа, сенин кыздарыңа бердим. Бул мыйзам сенин укум-тукумуңа түбөлүккө калсын. Аларды сенин үйүңдөгү таза адамдардын бардыгы жесе болот.

12Ысрайыл уулдарынын Теңирге алып келген зайтун майынын, жүзүмү менен нанынын эң жакшысын, биринчи түшүмдөрүн Мен сага бердим.

13Алардын Теңирге алып келген биринчи түшүмү сеники болсун. Сенин үйүңдөгү таза адамдардын бардыгы алардан жесе болот.

14Ысрайыл жериндеги Теңирге арналгандын бардыгы сеники болсун.

15Теңирге алып келинген тунгучтардын бардыгы: адам болобу, мал болобу, сеники болсун. Бирок адамдын тун баласы менен арам малдын биринчи төлүнүн куну төлөнсүн.

16Алар үчүн төлөнө турган кунга: бир айдан жогоркулардан баштап өзүңдүн бааң боюнча беш күмүш шекел ал. Ыйык шекел менен алганда, бир шекел жыйырма герге барабар.

17Бирок өгүздүн, койдун, эчкинин биринчи төлү үчүн кун алба, анткени алар ыйык. Алардын канын курмандык чалынуучу жайга чач, майын жыты Теңирге жаккан курмандык катары өрттө.

18Төш менен оң сан сыяктуу эле, өйдө көтөрүлө турган курмандыктын бардыгы сага тиешелүү.

19Ысрайыл уулдарынын Теңирге арнап өйдө көтөрүп алып келген курмандыктарынын бардыгын сага жана өзүң менен жашаган уулдарың менен кыздарыңа бердим. Бул мыйзам сенин укум-тукумуңа түбөлүккө калсын. Бул – сага жана сенин укум-тукумуңа Теңир алдында берилген түбөлүктүү туз келишими».

20Теңир Арунга дагы мындай деди: «Алардын жеринде өз энчиң болбойт, алардын арасында өз үлүшүң да болбойт. Ысрайыл уулдарынын ичинен сенин үлүшүң да, энчиң да Менмин.

21Бирок Мен Леби уулдарына алардын кызматы үчүн, жыйын чатырында кызмат кылганы үчүн, Ысрайылдын бардык нерсесинин ондон бир бөлүгүн үлүш кылып бердим.

22Ысрайыл уулдары күнөөгө батып өлүп калбашы үчүн, мындан ары жыйын чатырына жакындашпасын.

23Лебилер жыйын чатырында кызмат кылышсын, алардын күнөөсүн көтөрүшсүн. Бул мыйзам силердин укум-тукумуңарга түбөлүк калсын. Ысрайыл уулдарынын ичинен алар үлүш алышпайт,

24себеби Ысрайыл уулдарынын Теңирге алып келген ондуктарынын баарын Мен лебилерге үлүш катары бердим. Ошондуктан Мен аларга: “Ысрайыл уулдарынын ичинен алар үлүш алышпайт”, – деп айткам».

25Анан Теңир Мусага мындай деди:

26«Лебилерге мындай деп айт: “Мен силерге Ысрайыл уулдарынын ондуктарын үлүш кылып бердим, ошол ондуктардын ондугун Теңирге тартуулагыла.

27Ошондо ширени жүзүмдүктөн, данды кырмандан силер алып келген болуп эсептелинесиңер.

28Ысрайыл уулдарынан алган бардык ондугуңардан силер да Теңирге арнап алып келгиле, алардан алган ондуктун ондон бир бөлүгүн ыйык кызмат кылуучу Арунга бергиле.

29Силерге тартуулаган бардык нерселердин ичинен эң жакшысын, ыйыгын Теңирге тартуулагыла”.

30Анан аларга мындай де: “Силер эң жакшысын алып келгенде, ширени жүзүмдүктөн, данды кырмандан лебилер алып келген болуп эсептелинет.

31Буларды силер үй-бүлөңөр менен каалаган жериңерде жесеңер болот, анткени бул – силердин жыйын чатырында кылган кызматыңардын акысы.

32Алардын эң жакшысын алып келгиле, ошондо күнөөлүү болбойсуңар. Ысрайыл уулдарынын тартууларын булгабагыла, ошондо өлбөйсүңөр”».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>