Сандар 19:1-22 KYB2004 - Bible AI

1Теңир Муса менен Арунга мындай деди:

2«Теңирдин осуят кылган мыйзамы бул: “Ысрайыл уулдарына айт, алар сага кемчиликсиз, майып эмес, моюнтурук салынбаган күрөң кунажын алып келишсин.

3Анан аны стандын сыртына алып чыгып, Элазардын көз алдында союшсун.

4Анан ыйык кызмат кылуучу Элазар анын канына сөөмөйүн малып, жыйын чатырынын алдына жети жолу чачсын.

5Анан кунажынды анын көз алдында өрттөшсүн: терисин да, этин да, канын да, кан-жинин да өрттөшсүн.

6Анан ыйык кызмат кылуучу кедр жыгачын, иссоп жана кочкул кызыл жүндөн жасалган жип алып, күйүп жаткан кунажындын үстүнө таштасын.

7Анан ыйык кызмат кылуучу кийимин жана денесин сууга жууп, станга келсин. Ал кечке чейин таза эмес болот.

8Аны өрттөгөн адам кийимдерин, денесин сууга жуусун, ал кечке чейин таза эмес болот.

9Анан таза адам өрттөлгөн кунажындын күлүн чогултуп, стандын сыртындагы таза жерге койсун. Ал Ысрайыл уулдарынын жамааты үчүн, тазартуучу суу үчүн сакталсын. Бул – күнөө үчүн чалынган курмандык.

10Анан кунажындын күлүн чогулткан киши кийимдерин жуусун, ал кечке чейин таза эмес болот. Бул Ысрайыл уулдары үчүн жана алар менен жашаган келгиндер үчүн түбөлүк мыйзам болсун.

11Ким өлгөн кишинин денесине тийсе, ал жети күн таза эмес болот.

12Бул суу менен ал өзүн үчүнчү жана жетинчи күнү тазаласын, ошондо таза болот. Эгерде ал үчүнчү күнү жана жетинчи күнү тазаланбаса, таза болбойт.

13Өлгөн кишинин денесине колун тийгизип, бирок өзүн тазалабаган адам Теңирдин ыйык жайын булгаган болот, ал Ысрайыл элинин арасынан жок кылынсын, анткени ага тазартуучу суу чачылган эмес, ал таза эмес, анын таза эместиги өзүндө калды.

14Мыйзам мындай: Эгерде адам чатырда өлсө, анда чатырга киргендин баары жана чатырдагылардын баары жети күн бою таза эмес болот.

15Оозу байланбаган жана үстү жабылбаган ачык идиштердин баары таза эмес болот.

16Талаада кылычтан өлгөн адамга же өлгөн адамга, же өлгөн адамдын сөөгүнө, же мүрзөсүнө тийген адам жети күн таза эмес болот.

17Таза эмес адамды тазалаш үчүн, күнөө үчүн өрттөлгөн жанагы курмандыктын күлүн алып, идишке салып, үстүнө агын суудан куйсун.

18Анан таза адам иссоптон бир тутам алып, аны сууга малып, чатырга жана чатырдын ичиндеги идиштерге, кишилерге, өлгөн адамдын сөөгүнө, же өлтүрүлгөн адамга, же өлгөн адамга, же табытка тийген адамга чачсын.

19Таза адам таза эмес адамга үчүнчү жана жетинчи күнү ошентип чачсын, жетинчи күнү аны тазартсын. Анан ал кийимин, денесин суу менен жуусун, ал кечинде таза болот.

20Ким таза эмес болуп туруп өзүн тазартпаса, ал эл ичинен жок кылынсын, анткени ал Теңирдин ыйык жайын булгады, ага тазартуучу суу чачылган эмес, ал таза эмес.

21Бул алар үчүн түбөлүктүү мыйзам болсун. Тазартуучу суу чачкан адам да кийимин жуусун. Тазартуучу сууга тийген адам кечке чейин таза эмес болот.

22Таза эмес адам эмнеге тийсе, ошонун баары таза эмес болот. Таза эмес адамга тийген адам да кечке чейин таза эмес болот”».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>