1Теңир Муса менен Арунга мындай деди:
2«Ысрайыл уулдары өз станын өз туусунун жанына, уруу белгилеринин жанына жайгаштырышсын. Стандарын жыйын чатырынын тегерегине жайгаштырышсын.
3Жыйын чатырынын күн чыгыш тарабында Жүйүт станы туусун көтөрүп, кошуундары менен алдыңкы катарда турсун. Жүйүт уруусунун башчысы – Аминадаптын уулу Нахшон,
4анын санакка кирген жоокерлери – жетимиш төрт миң алты жүз.
5Анын жанына Исахар уруусунун станы жайгашсын. Исахар уруусунун башчысы – Суардын уулу Натанаел,
6анын санакка кирген жоокерлери – элүү төрт миң төрт жүз.
7Анын жанына Забулун уруусунун станы жайгашсын. Забулун уруусунун башчысы – Хейлондун уулу Элийап,
8анын санакка кирген жоокерлери – элүү жети миң төрт жүз.
9Жүйүт станынын кошуундары боюнча санакка киргендери – жүз сексен алты миң төрт жүз. Алар биринчи жөнөшсүн.
10Жыйын чатырынын түштүк тарабында Рубейин станы туусун көтөрүп, кошуундары менен турсун. Рубейин уруусунун башчысы – Шедейурдун уулу Элитсур,
11анын санакка кирген жоокерлери – кырк алты миң беш жүз.
12Анын жанына Шымон уруусунун станы жайгашсын. Шымон уруусунун башчысы – Суришадай уулу Шелумиел,
13анын санакка кирген жоокерлери – элүү тогуз миң үч жүз.
14Андан кийин кошуунун Гат уруусу жайгаштырсын. Гат уруусунун башчысы – Ребуелдин уулу Элийасап,
15анын санакка кирген жоокерлери – кырк беш миң алты жүз элүү.
16Рубейин станынын кошуундары боюнча санакка киргендери – жүз элүү бир миң төрт жүз элүү. Алар экинчи жөнөшү керек.
17Жыйын чатырын алып жөнөгөндө, лебилердин станы стандардын ортосунда болсун. Ар бир стан туусун көтөрүп, өз-өз катары менен, кандай жайгашса, ошол бойдон жөнөшү керек.
18Жыйын чатырынын батыш тарабында Эпрайым станы туусун көтөрүп, кошуундары менен турсун. Эпрайым уруусунун башчысы – Амийуттун уулу Элишама,
19анын санакка кирген жоокерлери – кырк миң беш жүз.
20Анын жанына Менаше уруусу жайгашсын. Менаше уруусунун башчысы – Пыдатсур уулу Гамлиел,
21анын санакка кирген жоокерлери – отуз эки миң эки жүз.
22Андан кийин Бенжемин уруусу жайгашсын. Бенжемин уруусунун башчысы – Гидонинин уулу Абидан,
23анын санакка кирген жоокерлери – отуз беш миң төрт жүз.
24Эпрайым станынын кошуундары боюнча санакка киргендери – жүз сегиз миң бир жүз. Алар үчүнчү жөнөшү керек.
25Жыйын чатырынын түндүк тарабында Дан станы туусун көтөрүп, кошуундары менен турсун. Дан уруусунун башчысы – Амишадайдын уулу Ахиезер,
26анын санакка кирген жоокерлери – алтымыш эки миң жети жүз.
27Анын жанына Ашыр уруусунун станы жайгашсын. Ашыр уруусунун башчысы – Охран уулу Пагиел,
28анын санакка кирген жоокерлери – кырк бир миң беш жүз.
29Андан кийин Напталы уруусу жайгашсын. Напталы уруусунун башчысы – Эйнандын уулу Акира,
30анын санакка кирген жоокерлери – элүү үч миң төрт жүз.
31Дан станынын кошуундары боюнча санакка киргендери – жүз элүү жети миң алты жүз. Алар тууларын көтөрүп, акыркы болуп жөнөшү керек».
32Ысрайыл уулдарынын үй-бүлөлөрү боюнча санакка киргендери ушулар. Стандардагы кошуун-кошуун боюнча санакка киргендердин жалпы саны – алты жүз үч миң беш жүз элүү.
33Ошентип, Теңир Мусага буйругандай, лебилер Ысрайыл уулдары менен кошо санакка кирген жок.
34Ысрайыл уулдары Теңирдин Мусага буйругандарынын бардыгын аткарышты. Алар тууларын көтөрүп, стандары менен ушундай турушту, алар уруулары, үй-бүлөлөрү менен ушундай жол жүрүштү.