1Ысрайыл уулдары, бүт жамаат, биринчи айда Син чөлүнө келип, Кадешке токтоду. Ошол жерде Мириям каза болуп, ошол жерге коюлду.
2Жамааттын ичер суусу жок болгондуктан, алар Муса менен Арунга каршы чогулушту.
3Эл Мусага мындай деп наалыды: «О, биз ошондо эле, Теңирдин алдында бир туугандарыбыз өлгөндө эле өлүп калсак эмне?
4Эмне үчүн силер Теңирдин элин бул чөлгө алып келдиңер? Бул жерде бизди малыбыз менен кошо кырылып калсын дедиңерби?
5Эмне үчүн силер бизди Мисирден эгин эккенге болбогон, анжыр, жүзүм, анар өспөгөн, атүгүл, иче турган суусу жок бул жаман жерге алып келдиңер?»
6Муса менен Арун элден бөлүнүп, жыйын чатырына келип, жүзтөмөндөп жыгылышты, ошондо аларга Кудайдын даңкы келди.
7Ошондо Теңир Мусага мындай деди:
8«Таякты колуңа алып, бүт жамаатты чогултуп, бир тууганың Арун менен алардын көз алдында аскага айт, ошондо ал өзүнөн суу чыгарып берет. Ошентип, сен аскадан суу чыгарып, жамаатка да, анын малдарына да суу ичиресиң».
9Муса Теңирдин буйругу боюнча Теңирдин алдындагы таягын алды.
10Анан Муса менен Арун элди асканын жанына чогултушту. Ошондо Муса аларга мындай деди: «Кулак салгыла, баш ийбес эл, ушул аскадан силерге суу чыгарып берелиби?»
11Анан Муса колун көтөрүп, таягы менен асканы эки чапты эле, шаркырап суу агып чыкты. Ошондо жамаат да, алардын малы да суу ичти.
12Ошондо Теңир Муса менен Арунга мындай деди: «Мага ишенбей, Ысрайыл уулдарынын көз алдында Менин ыйыктыгымды көрсөтпөгөндүгүңөр үчүн, Мен берип жаткан жерге бул элди силер алып кирбейсиңер».
13Бул – Мериба суусу. Бул суунун жанында Ысрайыл уулдары Теңир менен араздашып кеткен. Ошондо Теңир аларга Өзүнүн ыйыктыгын көрсөткөн.
14Муса Кадештен Эдом падышасына мындай деп айттырганы элчилерди жиберди: «Сенин бир тууганың Ысрайыл мындай дейт: “Сен биздин башыбызга түшкөн кыйынчылыктардын баарын билесиң.
15Биздин ата-бабаларыбыз Мисир жерине көчүп барышкан, ошондуктан биз ал жерде көп убакыт жашадык. Мисирликтер бизге жана биздин ата-бабаларыбызга жаман мамиле кылышты.
16Ошондо биз Теңирди чакырдык. Ал үнүбүздү угуп, периштесин жиберип, бизди Мисирден алып чыкты. Азыр биз сенин чек араңда жайгашкан Кадеш деген шаарда турабыз.
17Бизге сенин жериң аркылуу өтүүгө уруксат эт, биз айдоолор менен жүзүмзарларды аралап өтпөйбүз, сенин кудуктарыңан да суу ичпейбиз, падышанын жолу менен өтөбүз, сенин чек араңдан өтүп кеткенче, оңго да, солго да кыйшайбайбыз».
18Бирок Эдом ага мындай деди: «Менин жерим аркылуу өтпө, болбосо мен сага каршы кылыч менен чыгам».
19Ошондо Ысрайыл уулдары ага мындай дешти: «Биз чоң жол менен өтөбүз, эгерде сенин кудугуңдан суу ичсек же малыбыз ичсе, акысын төлөп беребиз, жериңди бутубуз менен гана басып өтөбүз, ал эч нерсеге турбайт».
20Бирок ал: «Өтпөйсүңөр!» – деди. Анан Эдом Ысрайылга көп сандаган эли менен, күч-кубаттуу колу менен каршы чыкты.
21Ошентип, Эдом Ысрайыл элине өз жеринен өткөнгө макул болбой койду, Ысрайыл эли болсо андан четтеп кетти.
22Ысрайыл уулдары Кадештен чыгышты. Бүт жамаат Ор тоосуна келди.
23Ор тоосунда, Эдом жеринин чек арасында, Теңир Муса менен Арунга мындай деди:
24«Арун өз элине барып кошулсун, Мериба суусунун жанында Менин буйруктарыма баш ийбей койгонуңар үчүн, Мен Ысрайыл уулдарына берген жерге ал кирбейт.
25Арунду уулу Элазар менен кошо Ор тоосуна алып чык.
26Анан Арундун кийимин чечип, уулу Элазарга кийгиз. Анан Арун четке чыгып, ошол жерде көз жумсун».
27Муса Теңир буйругандай кылды. Алар бүт жамааттын көз алдында Ор тоосуна чыгышты.
28Муса Арундун кийимин чечип, аны уулу Элазарга кийгизди. Арун Ор тоосунун чокусунда көз жумду. Муса менен Элазар болсо тоодон түшүп келишти.
29Арундун көз жумганын бүт жамаат билди. Бүткүл Ысрайыл эли Арунду жоктоп, отуз күн ыйлады.