1Түштүк тарапта жашаган Канаан падышасы Аратта Ысрайыл элинин Атаримге барчу жол менен келатканын угуп, аларга каршы согуш ачып, алардын бир нече кишисин туткунга алды.
2Ошондо Ысрайыл эли Теңирге мындай деп убада берди: «Эгерде бул элди менин колума салып берсең, анда булардын шаарларын талкалайм».
3Теңир Ысрайыл элинин үнүн угуп, канаандыктарды анын колуна салып берди. Ысрайылдыктар аларды шаарлары менен кошо талкалап жок кылышты. Ошондуктан ал жерди Хорма деп аташты.
4Эдом жерин айланып өтүш үчүн, алар Ор тоосунан Кызыл деңизге карай кеткен жол менен жөнөштү. Жолдо элдин чыдамы кете баштады.
5Алар Кудайга каршы, Мусага каршы мындай деп наалышты: «Бизди Мисир жеринен чөлдө өлсүн деп алып чыктыңар беле? Анткени бул жерде нан да, суу да жок, бул жарыбаган тамак көңүлүбүзгө тийди».
6Ошондо Теңир элге уулуу жыландарды жиберди. Алар Ысрайыл уулдарын чагышты, ошондо алардын бир тобу өлдү.
7Анан эл Мусага келип, мындай деди: «Биз Теңирге жана сага каршы сүйлөп, күнөөгө баттык. Теңирге сыйынчы, Ал жыландарды жоготсун». Ошондо Муса эл үчүн сыйынды.
8Теңир Мусага мындай деди: «Жезден жылан жасап, шыргыйга кадап кой, жылан чаккан киши аны бир караса эле, тирүү калат».
9Муса жезден жылан жасап, шыргыйга кадап койду. Жылан чаккан киши жез жыланды карап, тирүү калып жатты.
10Ысрайыл уулдары жолго чыгып, Оботко келип токтошту.
11Оботтон чыгып, Жей-Абаримге келип токтошту, ал күн чыгышта, Мааптын каршысындагы чөлдө жайгашкан.
12Ал жерден чыгып, Зерет өрөөнүнө келип токтошту.
13Ал жерден чыгып, Арнон суусунун аморлуктардын чек арасына кирбеген жагындагы чөлгө келип токтошту, анткени Арнон суусу Маап менен аморлуктардын ортосунда жаткан Мааптын чек арасы болчу.
14Ошондуктан Теңирдин согуштары китебинде мындай деп айтылган:
15«Кызыл деңиздеги Байеп жана Арнон суулары, алардын Шебет-Арга түшкөн жогорку башаттары Маап менен чектешип турат».
16Ал жерден Бейирге бет алышты. Теңир Мусага «Элиңди чогулт, Мен аларга суу берем» деп айткан кудук ушул.
17Ошондо Ысрайыл мындай деп ырдады: «Тол, тол кудук! Ал жөнүндө ырдагыла!
18Бул – төрөлөр жана эл башчылар өздөрүнүн мыйзам таяктары менен казган кудук». Бул чөлдөн чыгып, Матанга бет алышты.
19Матандан Нахалиелге, Нахалиелден Бамотко жөнөштү.
20Бамоттон чыгып, Маап жериндеги Пизги тоосунун чокусундагы чөлдү караган Айга жөнөштү.
21Ысрайыл аморлуктардын падышасы Сихонго мындай деп айттырганы элчилерин жиберди:
22«Мага сенин жериң аркылуу өтүүгө уруксат эт. Эгин талааларың менен жүзүмзарларыңды аралап өтпөйбүз, кудуктарыңдан да суу ичпейбиз. Жериңден падышанын жолу менен гана өтүп кетебиз».
23Бирок Сихон Ысрайыл уулдарына өз жери аркылуу өтүүгө уруксат бербей койду. Ал өзүнүн элин чогултуп, чөлдө Ысрайыл элине каршы чыгып, Жааска чейин келип, Ысрайыл эли менен салгылашты.
24Ысрайыл аны кылычы менен кыйратып, Арнондон Жабокко чейинки, анын амондуктардын чек арасына чейинки жерлерин басып алды, анткени амондуктардын чек арасы бекем болчу.
25Ошентип, Ысрайыл ушул шаарлардын баарын ээлеп алды. Ысрайыл аморлуктардын бардык шаарларында, Кешпондо жана ага караштуу бардык шаарларда жашап турду.
26Анткени Кешпон аморлуктардын падышасы Сихондун шаары эле. Ал мааптыктардын мурунку падышасы менен согушуп, анын Арнонго чейинки жеринин баарын тартып алган.
27Ошондуктан ырчылар мындай деп ырдашат: «Кешпонго келгиле, Сихондун шаарын кайрадан кургула, тегерете бекемдегиле.
28Анткени Кешпондон чыккан от, Сихондун шаарынан чыккан жалын Ар-Маапты жана Арнондун бийиктиктерин ээлеп жаткандарды жалмады.
29Маап, сага кайгы! Кемош эли, кыйрадың! Уулдарың качып жөнөштү, кыздарың болсо Амор падышасы Сихондун туткуну болуп калышты.
30Биз аларды жебе менен кыйраттык. Кешпон Дибонго чейин кыйрады, биз аларды Мейдебанын жанындагы Нопахка чейин кыйраттык».
31Ошентип, Ысрайыл аморлуктардын жеринде жашап турду.
32Муса Жазерди көрүп келүүгө киши жиберди. Анан алар ага караштуу айыл-кыштактарды басып алышты, ал жерлерде жашаган аморлуктарды кууп чыгышты.
33Анан артка кайрылып, Башанды көздөй жөнөштү. Ошондо Башан падышасы Ог бүт эли менен аларга каршы чыгып, Эдрейдин жанында салгылашты.
34Ошондо Теңир Мусага: «Сен андан коркпо, анткени Мен анын өзүн, бүт элин, бүт жерин сенин колуңа салып берем. Кешпондо жашаган Амор падышасы Сихонду кандай кылсаң, муну да так ошондой кыласың», – деди.
35Ошентип, ысрайылдыктар анын өзүн, уулдарын, бүт элин бирин калтырбай кыйратышты, анын жерлерин ээлеп алышты.