Сандар 22:1-41 KYB2004 - Bible AI

1Ысрайыл уулдары жолго чыгышып, Жерихонун каршысындагы Иордан суусунун боюна, Маап түздүгүнө келип токтошту.

2Сипордун уулу Балак Ысрайыл элинин аморлуктарга эмне кылганын көрдү.

3Маап эли бул элден абдан коркту, себеби элдин саны көп эле. Маап эли Ысрайыл уулдарынан абдан коркту.

4Ошондо мааптыктар Мидиан аксакалдарына мындай дешти: «Өгүз талаадагы чөптү кандай кайсаса, эми бул эл да биздин айланабызды ошондой кайсайт». Ошол убакта Сипордун уулу Балак Маап элинин падышасы болчу.

5Ал Эфрат дарыясынын боюндагы Пытордо, өзүнүн элинин жеринде жашаган Бейордун уулу Биламды чакыртып мындай деп айттырыш үчүн элчилерди жиберди: «Мисир жеринен бир эл келип, жердин бетин каптап, менин жанымда жашап калды.

6Келип, ушул элди каргап бер, анткени бул эл менден алда канча күчтүү. Балким, бул элди кыйратып, жеримден кууп чыкканга ошондо күчүм жетер. Сен кимге бата берсең, ал бата аларын, кимди каргасаң, ал каргышка каларын мен билем».

7Анан Маап аксакалдары менен Мидиан аксакалдары сыйкырчылык кылдырыш үчүн, белектерин көтөрүп, Биламга келишип, Балактын айткан сөздөрүн ага айтып беришти.

8Ошондо Билам аларга мындай деди: «Ушул жерге түнөп калгыла. Теңир мага кандай айтса, силерге ошондой жооп берем». Маап аксакалдары Биламдыкында түнөп калышты.

9Кудай Биламга келип, мындай деп сурады: «Сеникинде түнөп калган кайсы кишилер?»

10Билам Кудайга мындай деп жооп берди: «Буларды мааптыктардын падышасы Сипордун уулу Балак мындай деп айттырыш үчүн мага жибериптир:

11“Мисир жеринен бир эл келип, жер бетин каптап калды. Келип, бул элди каргап бер. Балким, мен ошондо булар менен согушууга жарап, жеримден кууп чыгармын”».

12Ошондо Кудай Биламга мындай деди: «Булар менен барба, ал элди каргаба, анткени ал эл – бата алган эл».

13Билам эртең менен туруп, Балактын төрөлөрүнө мындай деди: «Жериңерге кете бергиле, анткени Теңир менин силер менен барышымды каалаган жок».

14Маап төрөлөрү ордуларынан туруп, Балакка келип, мындай дешти: «Билам биз менен келүүгө макул болбой койду».

15Балак алардан да атактуу, кадыр-барктуу төрөлөрдү жиберди.

16Алар Биламга келип, мындай дешти: «Сипордун уулу Балак: “Мага келбей койбо.

17Сага чоң сый көрсөтөм, сен мага эмне айтсаң, ошонун бардыгын жасайм. Келип, бул элди каргап бер”, – деп жатат».

18Балактын кулдарына Билам мындай деп жооп берди: «Балак мага алтын-күмүшкө толгон үйүн берсе да, Кудай-Теңиримдин буйругун аттап, чоң да, кичине да иш кыла албайм.

19Ошентсе да, мында түнөп калгыла. Теңир мага дагы эмне дээр экен, ошону билейин».

20Кудай түн ичинде Биламга келип, мындай деди: «Бул кишилер сени чакырып келсе, ордуңан туруп, булар менен жөнө, бирок Мен айтканды гана кыл».

21Билам эртеси эртең менен туруп, эшегин токуп, Маап төрөлөрү менен жөнөдү.

22Анын кеткенине Кудай каарданды. Ошондо ага тоскоолдук кылыш үчүн, Теңирдин периштеси алдынан чыкты. Билам өзүнүн ургаачы эшегин минип бараткан, жанында эки малайы бар эле.

23Ошондо эшеги колуна кылыч кармап жолунда турган Теңирдин периштесин көрүп, жолдон бурулуп, талаага салды. Билам болсо эшегин жолго кайрыш үчүн сабап кирди.

24Теңирдин периштеси жүзүмзарлардын ортосундагы кууш жолдо туруп калды. Жолдун эки тарабы тең дубал эле.

25Эшек Теңирдин периштесин көргөндө, дубал жакка ыктап, Биламдын бутун кысып салды. Билам дагы сабап кирди.

26Теңирдин периштеси болсо ал жерден жылып, оңго да, солго да бурула алгыс тар жерге туруп алды.

27Билам минип турган эшек Теңирдин периштесин көрүп, жата калды. Биламдын каары кайнап, эшекти таяк менен сабап кирди.

28Ошондо Теңир эшекке тил киргизди. Эшек Биламга мындай деди: «Мени үчүнчү ирет сабап жатасың, мен сага эмне кылдым?»

29Билам эшекке: «Мени келеке кылганың үчүн сабадым. Эгерде колумда кылыч болсо, башыңды азыр эле кыя чапмакмын», – деди.

30Эшек болсо Биламга: «Ушул күнгө чейин өзүң минип жүргөн алдыңдагы эшегиң мен эмес белем, сага ушинте турган өнөкөтүм бар беле?» – деди. Билам: «Жок!» – деди.

31Теңир Биламдын көзүн ачты. Ал колуна жалаңдаган кылыч кармап жолдо турган Теңирдин периштесин көрдү. Ошондо ал ага таазим кылып, жүзтөмөндөп жыгылды.

32Теңирдин периштеси ага мындай деди: «Эмне үчүн эшегиңди үч жолу сабадың? Бараткан жолуң Менин алдымда туура болбогондуктан, Мен сага тоскоолдук кылыш үчүн чыктым.

33Эшегиң Мени көрүп, үч ирет жолдон бурулду. Бурулуп кетпегенде, Мен аны тирүү калтырып, сени өлтүрүп коймокмун».

34Билам Теңирдин периштесине мындай деди: «Мен күнөө кылдым, анткени мен Сенин мага каршы чыгып, жолумда турганыңды билген эмесмин. Бул Сага жакпаса, анда мен кайра тартайын».

35Ошондо Теңирдин периштеси Биламга мындай деди: «Бул кишилер менен бара бер, бирок Мен сага эмне десем, ошону гана сүйлөйсүң». Ошентип, Билам Балактын төрөлөрү менен жөнөп кетти.

36Балак Биламдын келе жатканын угуп, аны Арнондун жанындагы чек арада жайгашкан мааптыктардын шаарынан тосуп чыкты.

37Балак Биламга мындай деди: «Мен сени чакыртканы киши жибербедим беле. Эмне үчүн келбей койдуң? Мен сени кантип эле сыйлай албай калайын?»

38Билам Балакка мындай деди: «Мына, мен сага келдим, бирок мен өзүм бирдеме айта алар бекем? Кудай оозума эмнени салса, мен ошону гана айтам».

39Анан Билам Балак менен кетти. Алар Кирийат-Хутсотко келишти.

40Балак өгүздөрдү, койлорду союп, Биламга жана аны менен бирге келген төрөлөргө берип жиберди.

41Балак эртеси эртең менен Биламды Баал бийиктиктерине чыгарып, ошол жерден Ысрайыл элинин бир бөлүгүн көрсөттү.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>