1Ошондо Билам Балакка: «Мага бул жерге жети курмандык чалынуучу жай орнотуп, жети букачар, жети кочкор даярдап бер», – деди.
2Балак Билам айткандай кылды. Ар бир курмандык чалынуучу жайда Балак менен Билам бирден букачар, бирден кочкор чалышты.
3Анан Билам Балакка: «Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңдын жанында туруп тур, мен барып келейин. Балким, Теңир мага жолугар. Ал мага эмнени айтса, ошону сага айтам», – деп айтып, бийик жерге чыгып кетти.
4Ошондо Кудай Биламга жолукту. Билам Кудайга: «Мен жети курмандык чалынуучу жай орнотуп, ар бир курмандык чалынуучу жайда бирден букачар, бирден кочкор чалдым», – деди.
5Ошондо Теңир Биламдын айтчу сөзүн оозуна салып: «Балакка кайра барып, ушул сөздөрдү айт», – деди.
6Билам Балакка кайтып келсе, ал өзүнүн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгынын жанында Маап төрөлөрү менен туруптур.
7Ошондо Билам мындай деди: «Маап падышасы Балак мени Месопотамиядан, чыгыш тоолорунан алдырып алып: “Кел, Жакыпты каргап бер, кел, Ысрайыл элин каргап бер”, – деди.
8Кудай аны каргабаса, мен аны кантип каргайын? Теңир ага жамандык кылбаса, мен ага кантип жамандык кылайын?
9Мен аны аскалардын чокусунан көрүп турам, адырлардын башынан карап турам: бул өзүнчө жашаган, эсепке кирбеген эл экен.
10Кумдай сансыз Жакыпты ким санап чыгат да, Ысрайылдын төрттөн бир бөлүгүн ким эсептеп чыгат? Ошол адил адамдар өлгөн сыяктуу өлсөм экен, күнүм ошолордуку сыяктуу эле бүтсө экен!»
11Ошондо Балак Биламга: «Бул эмне кылганың? Мен сени кас душмандарымды каргап берсин деп алдырбадым беле, сен болсо бата берип жатасың!» – деди.
12Билам болсо: «Теңир оозума эмнени салса, мен так ошону айтышым керек эмеспи», – деп жооп берди.
13Балак ага: «Жүр мени менен башка жерге, сен ал элди ошол жерден көрөсүң, бирок бүт бойдон көрбөйсүң, бир бөлүгүн гана көрөсүң, ошол жерден каргап бер», – деди.
14Анан аны Пизги тоосунун чокусундагы сакчылар турган жерге алып келип, жети курмандык чалынуучу жай орнотуп, ар бир курмандык чалынуучу жайда бирден букачар, бирден кочкор чалды.
15Ошондо Билам Балакка: «Ушул жерде, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңдын жанында туруп тур, мен болсо тигил жакка Кудай менен жолукканы барып келейин», – деди.
16Теңир Биламга жолугуп, айтар сөзүн оозуна салып: «Балакка кайра барып, ушул сөздөрдү айт», – деди.
17Ал кайра келсе, Балак өзүнүн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгынын жанында Маап төрөлөрү менен туруптур. Ошондо Балак андан: «Теңир эмне деп айтты?» – деп сурады.
18Ал мындай сөздөрдү айтты: «Тур, Балак, мени ук, Сипор уулу, сөзүмө кулак сал.
19Калп айткыдай, Кудай адам эмес, өзгөрүлүп кеткидей, Кудай адам баласы эмес. Ал айтканын аткарбай коймок беле? Ал дегенин кылбай коймок беле?
20Мына, мен бата бере баштадым, анткени Ал Өзү бата берип жатат, ошондуктан мен муну өзгөртө албайм.
21Жакыптын башына мүшкүл түшөрү көрүнбөйт, Ысрайылдын башына бактысыздык келери билинбейт. Кудай, анын Теңири, аны менен, Ысрайылдан падыша сурнайынын үнү чыгат.
22Аларды Мисирден Кудай алып чыккан, алардын күчү буйволдун күчүндөй.
23Жакыпка эч кандай көз байлоочулук таасир этпейт, Ысрайылга сыйкыр таасир этпейт. Өз учурунда Жакып тууралуу, Ысрайыл тууралуу: “Карагылачы, Кудай кандай укмуштарды жаратты!” – деп айтышат.
24Бул эл ургаачы арстандай комдонуп, эркек арстандай турду. Эми ал олжосун басып жемейинче, жайлаганынын канына канмайынча жатпайт».
25Балак Биламга мындай деди: «Аны каргабасаң каргабай эле кой, бата бербесең бербей эле кой».
26Билам Балакка мындай деп жооп берди: «Теңир мага эмнени айтса, ошону аткарам деп, мен сага айтпадым беле?»
27Ошондо Балак Биламга: «Жүр, мен сени башка жерге алып барайын, балким, бул Кудайга жагар, ошол жактан элди каргап берерсиң», – деди.
28Анан Балак Биламды чөлдү караган Пейор тоосунун чокусуна алып чыкты.
29Билам Балакка: «Мага ушул жерге жети курмандык чалынуучу жай орнотуп, жети букачар, жети кочкор даярдап бер», – деди.
30Балак Билам айткандай кылып, ар бир курмандык чалынуучу жайда бирден букачар, бирден кочкор чалды.