1Билам Ысрайыл элине бата берүү Теңирге жагарын көрүп, мурдагыдай сыйкырчылык кылбай, бурулуп, чөлдү карап туруп калды.
2Анан Билам көз чаптырып, өз-өз уруусу менен турган Ысрайыл элин көрдү. Ошондо анын үстүнө Кудайдын Руху түштү.
3Ошондо ал мындай сөздөрдү айтты: «Бейордун уулу Билам сүйлөп жатат, ачык көргөн адам айтып жатат,
4Кудайдын сөзүн угуп жаткан, Кудуреттүүнүн аянын көрүп жаткан адам айтып жатат. Ал жыгылып бара жатат, бирок ал ачык көрүп турат:
5Жакып, чатырларың, Ысрайыл, үйлөрүң кандай сонун!
6Алар дарыя боюндагы бактардай, Теңир отургузган алой дарактарындай, суу боюндагы кедр дарактарындай, өрөөндөй созулуп жатат.
7Анын чакаларынан суу ашып-ташып төгүлүп турат, анын укум-тукуму чоң суулардай жайылат. Анын падышасы Агактан да өтүп, падышачылыгынын зоболосу артат.
8Аны Мисирден Кудай алып чыккан. Анын күчү буйволдун күчүндөй, ал өзүнө каршы чыккан элди жеп салат, сөөктөрүн талкалап, жебеси менен жексен кылат.
9Ал тизе бүктү, эркек арстандай, ургаачы арстандай жатат, аны ким тургуза алат? Сага бата берген бата алат, сени каргаган каргышка калат!»
10Ошондо Балактын Биламга каары кайнап, колун серпип, ага мындай деди: «Мен сени душманымды каргасын деп чакыргам, бирок сен аларга үч жолу бата бердиң.
11Өз жолуңа түш, мен сени сыйлайын дедим эле, бирок Теңир сени сыйдан ажыратып жатат».
12Ошондо Билам Балакка мындай деди: «Мен сенин мага жиберген элчилериңе:
13“Балак мага алтын-күмүшкө толгон үйүн берсе да, Теңирдин буйругун буза албайм, өз эрким менен жакшылык же жамандык кыла албайм. Теңир эмнени айтса, мен ошону айтам”, – деп айтпадым беле.
14Мен өз элиме кетип бара жатам. Жүр мени менен, мен сага келечекте бул эл сенин элиңди эмне кыларын айтып берем».
15Анан ал мындай сөздөрдү айтты: «Бейордун уулу Билам сүйлөп жатат, ачык көргөн адам айтып жатат.
16Кудайдын сөзүн угуп жаткан, Бардыгынан Жогору Тургандан акылмандуулук алган, Кудуреттүүнүн аянын көрүп жаткан адам айтып жатат. Ал жыгылып бара жатат, бирок ал ачык көрүп турат.
17Аны көрүп турам, бирок ал азырынча жок. Аны көрүп турам, бирок али ал жакын эмес. Жакыптан жылдыз чыгат, Ысрайылдын бийлик таягы көтөрүлөт, ал Мааптын төрөлөрүнө сокку урат, Шет уулдарынын бардыгын кыйратат.
18Эдом бийлик астында болот, Сеир өз душмандарынын бийлиги астында болот, Ысрайыл болсо өз күчүн көрсөтөт.
19Жакыптын тукуму калган шаарларды басып алып талкалайт».
20Анан ал амалыктыктарды көрүп, мындай сөздөрдү айтты: «Амалык – байыркы элдердин бири, бирок ал акырында кыйрап жок болот».
21Анан ал кейниликтерди көрүп, мындай сөздөрдү айтты: «Сенин турагың бекем, сенин уяң аскага салыныптыр.
22Бирок Ашур сени колго түшүрүп, туткундап кетерине аз калганда, Кабыл бүлгүнгө учурайт».
23Анан ал дагы мындай сөздөрдү айтты: «О, кандай кайгы, Кудай муну кылганда ким тирүү калат!
24Китимден кемелер келип, Ашурду багынтып алат, Эйберди да багынтып алат, бирок алар да ойрон болушат!»
25Анан Билам ордунан туруп, келген жагына, өз жерине кетти, Балак да өз жолу менен кетти.