Сандар 25:1-18 KYB2004 - Bible AI

1Ысрайыл Шитимде жашап турду. Ошондо Ысрайыл эли Маап кыздары менен ойноштук кылып бузула баштады.

2Алар Ысрайыл элин өз кудайларына курмандык чалганда чакырып турушту. Эл алардын курмандыгынан жеп, алардын кудайларына табына баштады.

3Ошентип, Ысрайыл Баал-Пейор деген жасалма кудайга табына баштады. Ошондо Теңир Ысрайылга каарданды.

4Теңир Мусага мындай деди: «Бардык эл башчыларды алып, күн астында, Теңирдин алдында асып сал, ошондо Теңирдин Ысрайылга болгон жалындаган каары кайтат».

5Муса Ысрайыл башкаруучуларына: «Ар бириңер Баал-Пейорго жабышкан адамдарыңарды өлтүргүлө», – деди.

6Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты жыйын чатырынын алдында ыйлап жатканда, Ысрайыл уулдарынан бирөө Мусанын жана жамааттын көз алдында бир мидиандык кызды өз бир туугандарына алып келди.

7Ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу, Элазардын уулу Пинехас муну көрүп, жамааттын ортосунан тура калып, найзасын колуна алып,

8жанагы ысрайылдыктын артынан кирди да, экөө жаткан жеринен ысрайылдыкты да, аялды да ичке сайды. Ошондон кийин Ысрайыл уулдарынын кырылганы токтоду.

9Кырылган ысрайылдыктардын саны жыйырма төрт миң эле.

10Теңир Мусага мындай деди:

11«Ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу, Элазардын уулу Пинехас Ысрайыл уулдарынын арасында Мага болгон кызганычын көрсөтүп, Менин аларга болгон каарымды кайттырды, ошондуктан Мен кызганычым менен аларды толук жок кылып салган жокмун.

12Ошондуктан ага мындай деп айт: “Мына, Мен ага Өзүмдүн тынчтык келишимимди берип жатам.

13Ал келишим ага жана анын укум-тукумуна ыйык кызмат кылуучулукту түбөлүккө калтыруу келишими болот, анткени ал өз Кудайына болгон кызганычын көрсөтүп, Ысрайыл уулдарын куткарып калды”».

14Мидиандык аял менен бирге өлтүрүлгөн ысрайылдыктын аты Шымон уруусунун башчысы Саланын уулу Зимри болчу.

15Ал эми өлтүрүлгөн мидиандык аялдын аты Козби эле. Ал Мидиандагы Омот уруусунун башчысы Сурдун кызы болчу.

16Теңир Мусага дагы мындай деди:

17«Мидиандыктарга каршы согуш ачып, аларды талкалагыла.

18Анткени алар силерге жаман ой менен кастык кылып, силерди Пейор менен, мидиандык башчынын кызы – өздөрүнүн бир тууган карындашы Козби менен азгырды. Козби Пейор үчүн кыргын болгон күнү өлтүрүлдү».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>