Сандар 26:1-65 KYB2004 - Bible AI

1Ошол кыйроодон кийин Теңир Мусага жана ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу Элазарга мындай деди:

2«Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатындагы жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактууларын уруусу боюнча санап чыккыла».

3Жерихонун маңдайындагы Иордандын боюнда, Маап түздүгүндө Муса менен ыйык кызмат кылуучу Элазар аларга мындай дешти:

4«Теңир Мусага буйругандай, Мисир жеринен чыккан Ысрайыл уулдарынын жыйырма жана андан жогорку жаштагыларынын бардыгын санап чыккыла.

5Ысрайылдын туну – Рубейин. Рубейиндин уулдарынан тараган уруулар: Ханохтон тараган Ханох уруусу, Палудан тараган Палу уруусу,

6Хесрондон тараган Хесрон уруусу, Кармиден тараган Карми уруусу.

7Мына ушулар – Рубейиндин уруулары. Булардын саны кырк үч миң жети жүз отуз болду.

8Палунун уулу – Элийап.

9Элийаптын уулдары: Немуел, Датан жана Абырам. Теңирге каршы чыккан Корактын таламдаштарына кошулуп, Муса менен Арунга каршы чыккан Датан менен Абырам ушул.

10Ошондо жер араанын ачып, аларды жана Коракты жутуп алган. От эки жүз элүү кишини өрттөп кеткенде, алар менен бирге таламдаштары да өлүшкөн. Бул аларга эскертүү болуп калган.

11Бирок Корактын уулдары өлгөн эмес.

12Шымондун уулдарынан тараган уруулар: Немуелден тараган Немуел уруусу, Жаминден тараган Жамин уруусу, Жахинден тараган Жахин уруусу,

13Зерактан тараган Зерак уруусу, Шабулдан тараган Шабул уруусу.

14Мына ушулар – Шымондун уруулары, алардын саны – жыйырма эки миң эки жүз.

15Гат уулдарынан тараган уруулар: Сепондон тараган Сепон уруусу, Хагиден тараган Хаги уруусу, Шуниден тараган Шуни уруусу,

16Озниден тараган Озни уруусу, Эйриден тараган Эйри уруусу,

17Ароттон тараган Арот уруусу, Арейлиден тараган Арейли уруусу.

18Мына ушулар – Гат уруулары, алардын саны – кырк миң беш жүз.

19Жүйүттүн уулдары: Эйир жана Онан. Бирок Эйир менен Онан Канаан жеринде өлүшкөн.

20Жүйүттүн уулдарынан тараган уруулар: Шейладан тараган Шейла уруусу, Перестен тараган Перес уруусу, Зерактан тараган Зерак уруусу.

21Перестин уруулары: Кесрондон тараган Кесрон уруусу, Хамулдан тараган Хамул уруусу.

22Мына ушулар – Жүйүт уруулары, алардын саны – жетимиш алты миң беш жүз.

23Исахар уулдарынан тараган уруулар: Толадан тараган Тола уруусу, Пубадан тараган Пуба уруусу,

24Жашуптан тараган Жашуп уруусу, Шимрондон тараган Шимрон уруусу.

25Мына ушулар – Исахар уруулары, алардын саны – алтымыш төрт миң үч жүз.

26Забулун уулдарынан тараган уруулар: Сереттен тараган Серет уруусу, Эйлондон тараган Эйлон уруусу, Жахлиелден тараган Жахлиел уруусу.

27Мына ушулар – Забулун уруулары, алардын саны – алтымыш миң беш жүз.

28Жусуптун уулдарынан тараган уруулар: Менаше менен Эпрайым.

29Менашенин уулдары: Махирден тараган Махир уруусу. Махирден Гилат туулган, Гилаттан Гилат уруусу тараган.

30Гилаттын уулдары булар: Жезерден тараган Жезер уруусу, Хейлектен тараган Хейлек уруусу,

31Асриелден тараган Асриел уруусу, Шехемден тараган Шехем уруусу,

32Шемиттен тараган Шемит уруусу, Хейперден тараган Хейпер уруусу.

33Хейпер уулу Салапаттын эркек балдары болгон эмес, кыздары гана болгон. Салапаттын кыздарынын аттары: Махла, Ноя, Хогла, Милка жана Тирса.

34Мына ушулар – Менаше уруулары, алардын саны – элүү эки миң жети жүз.

35Эпрайымдын уулдарынан тараган уруулар: Шутелахтан тараган Шутелах уруусу, Бехерден тараган Бехер уруусу, Тахандан тараган Тахан уруусу.

36Шутелахтын уулдары булар: Эйрондон тараган Эйрон уруусу.

37Мына ушулар – Эпрайым уулдарынан тараган уруулар, алардын саны – отуз эки миң беш жүз. Өз-өз уруулары боюнча Жусуптун уулдары ушулар.

38Бенжеминдин уулдарынан тараган уруулар мына булар: Беладан тараган Бела уруусу, Ашбелден тараган Ашбел уруусу, Акирамдан тараган Акирам уруусу,

39Шепупамдан тараган Шепупам уруусу, Хупамдан тараган Хупам уруусу.

40Беланын уулдары: Арт менен Нааман. Арттан Арт уруусу, Наамандан Нааман уруусу тараган.

41Бенжеминдин уулдарынан тараган уруулар ушулар, алардын саны – кырк беш миң алты жүз.

42Дандын уулдарынан тараган уруулар мына булар: Шухамдан тараган Шухам уруусу. Дандын уулдарынан тараган уруулар ушулар.

43Шухамдын урууларын санап чыкканда, алтымыш төрт миң төрт жүз болду.

44Ашырдын уулдарынан тараган уруулар булар: Имнадан тараган Имна уруусу, Ишпадан тараган Ишпа уруусу, Бириядан тараган Бирия уруусу.

45Бириянын уулдары: Хеберден тараган Хебер уруусу, Малкиелден тараган Малкиел уруусу.

46Ашырдын кызынын аты Сара эле.

47Ашырдын уулдарынан тараган урууларды санап чыкканда, элүү үч миң төрт жүз болду.

48Напталынын уулдарынан тараган уруулар булар: Жахсиелден тараган Жахсиел уруусу, Гуниден тараган Гуни уруусу,

49Жетсерден тараган Жетсер уруусу, Шилемден тараган Шилем уруусу.

50Напталынын уулдарынан тараган урууларды санап чыкканда, кырк беш миң төрт жүз болду.

51Ысрайыл уулдарынын жалпы саны алты жүз бир миң жети жүз отуз болду.

52Анан Теңир Мусага мындай деди:

53«Жер адам санына жараша бөлүнсүн.

54Кайсы уруунун саны көп болсо, ага көбүрөөк жер бер. Кайсы уруунун саны азыраак болсо, ага азыраак жер бер. Жерди ар бир уруунун санына жараша бөлүштүр.

55Жер өкчөмө таш менен бөлүштүрүлсүн, алар ата-бабаларынын урууларынын аттарына жараша үлүш алышсын.

56Жер саны көп урууга да, саны аз урууга да өкчөмө таш менен бөлүштүрүлсүн».

57Өз-өз уруулары боюнча эсепке кирген Леби уруулары булар: Гейиршондон тараган Гейиршон уруусу, Кааттан тараган Каат уруусу, Мерариден тараган Мерари уруусу.

58Лебиден тараган уруулар булар: Либни уруусу, Хеброн уруусу, Махли уруусу, Муши уруусу, Корак уруусу. Кааттан Амрам төрөлгөн.

59Амрамдын аялынын аты – Жохебет, ал – Лебинин кызы. Аны Лебинин аялы Мисирде төрөгөн. Ал Амрамга Арун менен Мусаны жана алардын карындашы Мириямды төрөп берген.

60Арундан Надап менен Абыйут, Элазар менен Итамар төрөлгөн.

61Бирок Надап менен Абыйут Теңирдин алдына башка от алып келгени үчүн өлүшкөн.

62Ошентип, бир айлык жана андан жогорку жаштагы эркек аттуулардын саны жыйырма үч миң болду. Алар Ысрайыл уулдары менен чогуу эсептелген жок, анткени Ысрайыл уулдарынын арасынан аларга жер бөлүнгөн эмес.

63Жерихонун маңдайындагы Иордандын боюнда, Маап түздүгүндө Муса менен ыйык кызмат кылуучу Элазар санап чыккан Ысрайыл уулдарынын эсепке киргендери ушулар.

64Булардын эсебине Муса менен ыйык кызмат кылуучу Арун Синай чөлүндө санап чыккан Ысрайыл уулдарынан бир да киши кирген жок.

65Анткени Теңир алар жөнүндө: «Алар чөлдө өлүшөт», – деп айткан. Жепундун уулу Калеп менен Нундун уулу Жашыядан башка алардан эч ким калган жок.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>