1Ошондо Салапаттын кыздары келишти. Салапат Хейпердин, Хейпер Гилаттын, Гилат Махирдин, Махир Менашенин, Менаше Жусуптун уулу. Салапаттын кыздарынын аттары Махла, Ноя, Хогла, Милка жана Тирса эле.
2Алар Муса менен ыйык кызмат кылуучу Элазардын, төрөлөр менен бардык жамааттын алдына келип, жыйын чатырынын оозунда туруп, мындай дешти:
3«Биздин атабыз чөлдө өлгөн, ал Теңирге каршы чыккан Корактын таламдаштарынын арасында болгон эмес, ал өз күнөөсү үчүн өлгөн, анын эркек балдары болгон эмес.
4Эркек баласы жок болсо эле, атабыздын аты өз уруусунун арасынан өчүп калышы керекпи? Атабыздын бир туугандарынын арасынан бизге да жер бергиле».
5Муса бул ишти Теңирдин алдына койду.
6Ошондо Теңир Мусага мындай деди:
7«Салапаттын кыздары туура айтып жатат, аларга атасынын бир туугандарынын арасынан мураска жер бер, аларга атасынын үлүшүн бер.
8Анан Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Ким эркек бала көрбөй өлсө, анда анын энчисин кыздарына өткөрүп бергиле.
9Эгерде кыздары жок болсо, анда анын энчисин бир туугандарына бергиле.
10Эгерде бир туугандары жок болсо, анда анын үлүшүн атасынын бир туугандарына бергиле.
11Эгерде атасынын бир туугандары жок болсо, анда анын үлүшүн мураска калтыруу үчүн, өз уруусундагы жакын туугандарынын бирине бергиле. Теңир Мусага буйругандай, бул мыйзам Ысрайыл уулдарына түбөлүккө калсын”».
12Теңир Мусага дагы мындай деди: «Мына бул Абарым тоосуна чыгып, Мен Ысрайыл уулдарына берип жаткан жерди кара.
13Ал жерди карап чыккандан кийин, бир тууганың Арун өз элине кошулгандай, сен да өз элиңе кошул.
14Анткени силер Син чөлүндө Менин буйругумду аткарбай койгонсуңар, бүт жамаат наалып жатканда, Мериба суусунун боюнда аларга Менин ыйыктыгымды көрсөткөн эмессиңер».
15Муса Теңирге мындай деди:
16«Теңир, бардык адамдардын рухунун Кудайы, ушул жамаатты башкара турган адамды дайындап койсо экен.
17Теңирдин жамааты кайтаруучусу жок койлордой болбошу үчүн, алардын алдында кирип-чыга турган, аларды алып чыгып, алып кире турган адам болсо экен».
18Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Ичинде Рух бар Нундун уулу Жашыяны өзүңө чакырып, башына колуңду кой,
19аны ыйык кызмат кылуучу Элазардын алдына, бүт жамааттын алдына тургузуп, алардын көз алдында ага акыл-насаат айт.
20Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты ага баш ийиши үчүн, өз даңкыңдан бер.
21Ал ыйык кызмат кылуучу Элазарга кайрылып турсун. Элазар болсо Теңирдин чечимин урим аркылуу сурасын. Ысрайылдын бардык уулдары менен бүткүл жамааты аны менен бирге болуп, анын айтканы боюнча кирип-чыгып турууга тийиш».
22Теңир буйругандай, Муса Жашыяны чакырып, ыйык кызмат кылуучу Элазардын жана бүт жамааттын алдына койду.
23Анан ал Жашыянын башына колун коюп, Теңир кандай айтса, ошондой кылып, ага акыл-насаат айтты.