1Теңир Мусага мындай деди:
2«Ысрайыл уулдарына мындай деп буйрук бер: Алар Мага курмандыктарын, нан курмандыктарын жыты Мага жаккан курмандыктар катары өз убагында алып келип турушсун.
3Аларга дагы мындай де: Теңирге мындай курмандыктарды алып келишсин: дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка эч кемчилиги жок бир жылдык эки козу алып келишсин.
4Бир козуну эртең менен, экинчи козуну кечинде алып келишсин.
5Нан курмандыгына сыгылган зайтун майынан гиндин төрттөн бир бөлүгүндөй өлчөмдө кошулган эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келишсин.
6Бул – жыты Теңирге жаккан, Ага арналган дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык. Синай тоосунда ушундай курмандык чалынган.
7Ар бир козу менен кошо гиндин төрттөн бир бөлүгүнчөлүк куюлуучу курмандык алып келишсин. Куюлуучу курмандыкка алып келген шарапты Теңирге арнап ыйык жайда куй.
8Жыты Теңирге жаккан курмандыкка экинчи козуну кечинде алып кел, аны эртең мененки козуну алып келгендей, нан курмандыктары менен, куюлуучу курмандыктары менен алып кел.
9Ишемби күнү болсо эч кемчилиги жок бир жылдык эки козу алып келгиле, аны менен кошо зайтун майы кошулган эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун жана куюлуучу курмандык алып келгиле.
10Бул курмандык – дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен куюлуучу курмандыктан тышкары ар бир ишемби сайын чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык.
11Ай жаңырганда да Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңарды алып келгиле. Бодо малдан эки букачар, кемчилиги жок бир кочкор жана бир жылдык жети козу,
12ар бир букачар менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон үч бөлүгүнчөлүк буудай унун, кочкор менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун,
13ар бир козу менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келгиле. Бул курмандык – жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык.
14Бир букачар менен кошо куюлуучу курмандыкка жарым гин шарап, бир кочкор менен кошо үчтөн бир гин шарап, ар бир козу менен кошо төрттөн бир гин шарап алып келгиле. Бул курмандык – жылдын бардык айларында ай жаңырган сайын бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык.
15Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан тышкары күнөөңөр үчүн чалынуучу курмандыкка Теңирге арнап бир текени куюлуучу курмандык менен кошо алып келгиле.
16Биринчи айдын он төртүнчү күнү – Теңирдин Пасах майрамы.
17Ошол айдын он бешинчи күнү – майрам. Жети күн ачыткысыз нан жегиле.
18Биринчи күнү ыйык чогулуш өткөргүлө, эч кандай жумуш кылбагыла.
19Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка эки букачар, бир кочкор, бир жылдык жети козу чалгыла. Алар эч кемчилиги жок болсун.
20Бир букачар менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон үч бөлүгүнчөлүк буудай унун, бир кочкор менен кошо эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келгиле.
21Ал эми жети козунун ар бири менен кошо эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келгиле.
22Тазаланышыңар үчүн, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке жетелеп келгиле.
23Буларды дайыма эртең менен чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан тышкары алып келгиле.
24Жети күн бою так ушундай кылып алып келгиле. Бул нан курмандыгы – жыты Теңирге жаккан курмандык. Бул курмандыкты дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен куюлуучу курмандыктан тышкары алып келиш керек.
25Жетинчи күнү да ыйык чогулуш өткөргүлө, эч кандай жумуш кылбагыла.
26Биринчи түшүм жыйнаган күнү, Теңирге жаңы дандан нан курмандыгын алып келгениңерде, Жумалар майрамыңарда ыйык чогулуш өткөргүлө, эч кандай жумуш кылбагыла.
27Жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка эки букачар, бир кочкор, бир жылдык жети козу,
28ар бир букачар менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон үч бөлүгүнчөлүк буудай унун, кочкор менен кошо эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун,
29жети козунун ар бири менен кошо эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келгиле.
30Тазаланышыңар үчүн, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.
31Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен нан курмандыгынан тышкары бул курмандыктарды куюлуучу курмандык менен кошо Мага алып келгиле. Алардын эч кемчилиги жок болсун.