1Жетинчи айдын биринчи күнү ыйык чогулуш өткөргүлө. Эч кандай жумуш кылбагыла. Бул күн силерде сурнай тартчу күн болсун.
2Жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка эч кемчилиги жок бир букачар, бир кочкор, бир жылдык жети козу чалгыла.
3Букачар менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон үч бөлүгүнчөлүк буудай унун, кочкор менен кошо эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун,
4жети козунун ар бири менен кошо эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келгиле.
5Тазаланышыңар үчүн, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.
6Бул курмандыктарды ай жаңырганда чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен нан курмандыгынан тышкары жана дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен нан курмандыгынан тышкары, алар үчүн белгиленген куюлуучу курмандыктардан тышкары жыты Теңирге жаккан курмандык катары алып келгиле.
7Ушул жетинчи айдын онунчу күнү ыйык чогулуш өткөргүлө. Ошол күнү өзүңөрдү орозо менен жоошуткула, эч кандай жумуш кылбагыла.
8Жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка эч кемчилиги жок бир букачар, бир кочкор, бир жылдык жети козу алып келгиле.
9Бир букачар менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон үч бөлүгүнчөлүк буудай унун, кочкор менен кошо эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун,
10жети козунун ар бири менен кошо эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келгиле.
11Күнөөдөн тазаланчу күнү чалынган курмандыктан тышкары, дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан жана нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.
12Жетинчи айдын он бешинчи күнү ыйык чогулуш өткөргүлө, эч кандай жумуш кылбагыла. Теңирдин майрамын жети күн майрамдагыла.
13Жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка он үч букачар, эки кочкор, бир жылдык он төрт козу алып келгиле. Алардын кемчилиги жок болсун.
14Он үч букачардын ар бири менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон үч бөлүгүнчөлүк буудай унун, эки кочкордун ар бири менен кошо эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун,
15он төрт козунун ар бири менен кошо эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келгиле.
16Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.
17Экинчи күнү кемчилиги жок он эки букачар, эки кочкор, бир жылдык он төрт козу,
18алар менен бирге букачарлардын, кочкорлордун, козулардын санына жараша белгиленген нан курмандыгын, куюлуучу курмандыкты алып келгиле.
19Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.
20Yчүнчү күнү кемчилиги жок он бир букачар, эки кочкор, бир жылдык он төрт козу,
21алар менен кошо букачарлардын, кочкорлордун, козулардын санына жараша белгиленген нан курмандыгын, куюлуучу курмандыкты алып келгиле.
22Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.
23Төртүнчү күнү кемчилиги жок он букачар, эки кочкор, бир жылдык он төрт козу,
24алар менен кошо букачарлардын, кочкорлордун, козулардын санына жараша белгиленген нан курмандыгын, куюлуучу курмандыкты алып келгиле.
25Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.
26Бешинчи күнү кемчилиги жок тогуз букачар, эки кочкор, бир жылдык он төрт козу,
27алар менен кошо букачарлардын, кочкорлордун, козулардын санына жараша белгиленген нан курмандыгын, куюлуучу курмандыкты алып келгиле.
28Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.
29Алтынчы күнү кемчилиги жок сегиз букачар, эки кочкор, бир жылдык он төрт козу,
30алар менен кошо букачарлардын, кочкорлордун, козулардын санына жараша белгиленген нан курмандыгын, куюлуучу курмандыкты алып келгиле.
31Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.
32Жетинчи күнү кемчилиги жок жети букачар, эки кочкор, бир жылдык он төрт козу,
33алар менен кошо букачарлардын, кочкорлордун, козулардын санына жараша белгиленген нан курмандыгын, куюлуучу курмандыкты алып келгиле.
34Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.
35Сегизинчи күн силер үчүн майрамдын акыркы күнү болсун, эч кандай жумуш кылбагыла.
36Жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка кемчилиги жок бир букачар, бир кочкор, бир жылдык жети козу алып келгиле.
37Алар менен кошо букачарлардын, кочкорлордун, козулардын санына жараша белгиленген нан курмандыгын, куюлуучу курмандыкты алып келгиле.
38Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.
39Бул курмандыктарды убада боюнча же өз каалооңор боюнча алып келген бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарыңардан, нан курмандыктарыңардан, куюлуучу курмандыктарыңардан жана тынчтык курмандыктарыңардан тышкары майрамдарыңарда Теңирге арнап алып келгиле».