1Теңир Муса менен Синай тоосунда сүйлөшкөн убактагы Арун менен Мусанын санжырасы.
2Арундун уулдарынын аттары: туну Надап, Абыйут, Элазар жана Итамар.
3Арундун ыйык кызматка майланган, Муса дайындаган ыйык кызмат кылуучу уулдары ушулар.
4Бирок Надап менен Абыйут Синай чөлүндө Теңирдин алдына башка от алып келип, Теңирдин алдында өлүшкөн, алардан бала калган эмес. Элазар менен Итамар атасы Арундун жанында ыйык кызмат кылуучу болуп калды.
5Теңир Мусага мындай деди:
6«Ыйык кызмат кылуучу Арундун алдына Леби уруусун алып кел. Алар Арунга кызмат кылышсын.
7Алардын жыйын чатырында кыла турган кызматы – Арунга жана жыйын чатырынын алдындагы бүт жамаатка кызмат кылуу.
8Алардын жыйын чатырында кыла турган кызматы – жыйын чатырынын бардык буюмдарын сактоо, Ысрайыл уулдарына кызмат кылуу.
9Лебилерди Арундун жана анын уулдарынын карамагына бер. Алар Ысрайыл уулдарынын ичинен Арундун жана анын уулдарынын карамагына берилсин.
10Арунду жана анын уулдарын өздөрүнүн ыйык кызмат кылуучулук милдетин аткарууга дайында. Эгерде ыйык кызматка алардан бөлөк бирөө жакындаса, ал өлүм жазасына тартылсын».
11Теңир Мусага дагы мындай деди:
12«Мен Ысрайыл уулдарынын жатынды жарып чыккан тундарынын ордуна лебилерди алдым. Лебилер Меники.
13Анткени бардык тунгучтар Меники. Мен Мисир жеринде тунгучтардын баарын өлтүргөн күнү Ысрайылдын бардык тун уулдарын, малдарынын биринчи төлүн Өзүмө бөлүп алгам, алар Меники болсун, Мен Теңирмин».
14Теңир Синай чөлүндө Мусага мындай деди:
15«Леби уулдарын уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чык. Бир айлык жана андан жогорку жаштагы эркектеринин баарын санап чык».
16Теңир кандай буйруса, Муса ошондой кылып санап чыкты.
17«Леби уулдарынын аттары мындай: Гейиршон, Каат жана Мерари.
18Гейиршондун уулдарынан тараган уруулардын аттары: Либни жана Шимей.
19Кааттын уулдарынан тараган уруулардын аттары: Амрам жана Итсар, Хеброн жана Узиел.
20Мераринин уулдарынан тараган уруулардын аттары: Махли жана Муши. Булар – Леби тукумунан тараган уруулар.
21Гейиршондон Либни жана Шимей уруулары тараган. Булар – Гейиршон уруулары.
22Гейиршон урууларындагы бир айлык жана андан жогорку жаштагы эркектердин саны жети миң беш жүз болду.
23Гейиршон урууларынын станы жыйын чатырынын артына, батыш тарабына жайгашсын.
24Гейиршон урууларынын башчысы –Лаелдин уулу Элийасап.
25Гейиршон уулдарына жыйын чатырын, анын жабууларын, анын кире беришиндеги көшөгөсүн,
26короонун жабууларын, жыйын чатырынын жана курмандык чалынуучу жайдын тегерегиндеги, короонун кире беришиндеги көшөгөнү, анын жиптерин, аларга тиешелүү бардык нерселерди сактоо тапшырылсын.
27Кааттан Амрам, Итсар, Хеброн, Узиел уруулары тараган. Булар – Каат уруулары.
28Бир айлык жана андан жогорку жаштагы, жыйын чатырын кайтарган Каат урууларындагы бардык эркектердин саны – сегиз миң алты жүз.
29Каат уулдарынын станы жыйын чатырынын түштүк тарабына жайгашсын.
30Каат урууларынын башчысы – Узиелдин уулу Элсапан.
31Алар келишим сандыгын, үстөлдү, чырактанды, курмандык чалынуучу жайларды, кызматка колдонула турган ыйык идиштерди, ыйык жайдын жабуусун жана ага тиешелүү бардык нерселерди сакташсын.
32Лебилердин башчыларынын башчысы – ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу Элазар. Ал ыйык жайды кайтаргандарды көзөмөлдөсүн.
33Мерари уруусунан Махли жана Муши уруулары тараган. Булар – Мерари уруулары.
34Мерари урууларындагы бир айлык жана андан жогорку жаштагы эркектердин саны – алты миң эки жүз.
35Мерари урууларынын башчысы – Абыкайылдын уулу Суриел. Алардын станы жыйын чатырынын түндүк тарабына жайгашсын.
36Мерари уулдарына жыйын чатырынын устундарын, шыргыйларын, мамыларын, таканычтарын, аларга тиешелүү нерселерди,
37короонун бардык тарабындагы мамыларын, таканычтарын, казыктарын, аркандарын сактоо тапшырылсын.
38Муса, Арун жана анын уулдарынын станы жыйын чатырынын чыгыш тарабына, жыйын чатырынын алдына жайгашсын. Ысрайыл уулдарын сактоо үчүн, аларга ыйык жайды кайтаруу тапшырылсын. Эгерде ыйык жайга алардан бөлөк бирөө жакындаса, ал өлүм жазасына тартылсын».
39Муса менен Арун Теңирдин буйругу боюнча санап чыккан леби урууларынын бир айлык жана андан жогорку жаштагы эркектеринин саны – жыйырма эки миң.
40Теңир Мусага дагы мындай деди: «Ысрайыл уулдарынын бир айлык жана андан жогорку жаштагы тун эркек балдарынын аттарын атап санап чык.
41Мен үчүн (Мен Теңирмин) Ысрайыл уулдарынын бардык тун уулдарынын ордуна лебилерди ал, ал эми Ысрайыл уулдарынын бардык малынын биринчи төлүнүн ордуна лебилердин малын ал».
42Теңир буйругандай, Муса Ысрайыл уулдарынын бардык тун уулдарын санап чыкты.
43Бир айлык жана андан жогорку жаштагы тун эркек балдарынын аттарын атап санап чыкканда, алардын саны жыйырма эки миң эки жүз жетимиш үч болду.
44Ошондо Теңир Мусага мындай деди:
45«Ысрайыл уулдарынын тун уулдарынын ордуна лебилерди ал, ал эми алардын малынын ордуна лебилердин малын ал. Лебилер Меники болсун, Мен Теңирмин.
46Ысрайылдын тун эркек балдарынын лебилердин санынан ашып кеткен эки жүз жетимиш үч адамы үчүн кун төлөнсүн.
47Киши башына ыйык шекелден беш шекел ал, бир шекелде жыйырма гер бар.
48Алардын санынан ашып кеткендердин куну үчүн төлөнүүчү күмүштү Арунга жана анын уулдарына бер».
49Муса лебилерге айырбашталган тун балдардын куну үчүн төлөнгөн күмүштү алды.
50Ал Ысрайылдын тун уулдары үчүн ыйык шекелден бир миң үч жүз алтымыш беш шекел күмүш алды.
51Муса Теңирдин айтканындай кылып, кун үчүн алган күмүштү Арунга жана анын уулдарына берди.