Сандар 30:1-17 KYB2004 - Bible AI

1Теңир Мусага эмнени буйруса, ошонун баарын Муса Ысрайыл уулдарына айтып берди.

2Ысрайыл уулдарынын уруу башчыларына Муса мындай деди: «Теңир мындай буйрук берди:

3“Ким Теңирге убада берсе же өзүн өзү тыюуга сөз берип карганса, анда ал айткан сөздөрүн бузбасын, оозунан чыккандын бардыгын аткарсын.

4Эгерде Теңирге аял убада берсе же жаш чагында, атасынын төрүндө жүргөндө өзүн өзү тыюуга сөз берсе,

5атасы кызынын убадасын же өзүн өзү тыюуга сөз бергенин угуп, макул болсо, анда кызы бардык убадасын орундатсын, өзүн өзү тыюуга берген сөзүн аткарсын.

6Эгерде атасы аны угуп, бирок тыйып койсо, анда кызы убадасын, өзүн өзү тыюуга берген сөзүн аткарбай эле койсун, Теңир кызды кечирет, анткени аны атасы тыйып койгон.

7Эгерде ал кыз күйөөгө чыгып кетип, анын мойнунда өзүн байлаган убадасы же оозунан чыккан сөзү калса,

8аны күйөөсү билип, макул болсо, анда аял убадасын орундатсын, өзүн өзү тыюуга берген сөзүн аткарсын.

9Эгерде күйөөсү билип, ага тыюу салса, анда анын мойнундагы убадасын же өзүн байлаган оозунан чыккан сөзүн жокко чыгарган болот. Ошондо аялды Теңир кечирет.

10Жесир аял же күйөөсү менен ажырашып кеткен аял кандай гана убада бербесин, өзүн өзү тыюуга кандай гана сөз бербесин, бардыгын аткарсын.

11Эгерде аял күйөөсүнүн үйүндө убада берсе же өзүн өзү тыюуга сөз берсе,

12аны күйөөсү угуп, макул болуп, тыюу салбаса, анда аял бардык убадасын орундатсын, өзүн өзү тыюуга берген сөздөрүнүн баарын аткарсын.

13Эгерде күйөөсү угуп, аларды жокко чыгарса, анда аял оозунан чыккан бардык убадаларын жана өзүн өзү тыюуга берген сөздөрүн аткарбай эле койсо болот. Аны күйөөсү жокко чыгаргандыктан, Теңир аны кечирет.

14Бардык убаданы жана өзүн өзү тыюуга берген бардык сөздү аялдын күйөөсү беките алат жана жокко чыгара алат.

15Эгерде күйөөсү ал тууралуу уккандан кийин көп күн өтсө да унчукпай койсо, анда ошонусу менен аялынын убадасын жана анын мойнундагы өзүн өзү тыюуга берген сөзүн бекиткен болот, анткени ал тууралуу уккандан кийин да унчуккан жок.

16Эгерде аларды уккандан кийин жокко чыгарса, анда ал аялынын күнөөсүн өз мойнуна алган болот”».

17Күйөөсү менен аялынын ортосундагы, жаш чагында атасынын үйүндө жүргөн кыз менен атасынын ортосундагы мамиле тууралуу Теңирлин Мусага осуяттаган мыйзамы ушундай.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>