Сандар 31:1-54 KYB2004 - Bible AI

1Теңир Мусага мындай деди:

2«Ысрайыл уулдары үчүн мидиандыктардан өч ал, ошондон кийин өз элиңе кошуласың».

3Ошондо Муса элге кайрылып, мындай деди: «Мидиандыктардан Теңирдин өчүн алыш үчүн, мидиандыктарга каршы чыгууга өзүңөрдүн араңардан адамдарды куралдандырып, согушка камдагыла.

4Ысрайыл урууларынын ар биринен миңден киши чыгарып, согушка жөнөткүлө».

5Ошондо миңдеген Ысрайыл элинин ар бир уруусунан миңден – он эки миң куралдуу жоокер согушка бөлүндү.

6Муса ар бир уруудан миңден алып, аларды согушка жөнөттү, алар менен кошо ыйык кызмат кылуучу Элазардын уулу Пинехасты да согушка жөнөттү. Анын колунда ыйык идиштер жана белги берүүчү сурнай бар эле.

7Ошентип, Теңир Мусага буйругандай, алар мидиандыктарга каршы согуш ачып, алардын бардык эркек аттууларын кырып салышты.

8Өлтүрүлгөндөр менен кошо Мидиандын беш падышасын: Эби, Рекем, Сур, Хур, Ребаны кошо өлтүрүштү, Бейордун уулу Биламды да кылыч менен өлтүрүштү.

9Ал эми мидиандыктардын аялдары менен балдарын Ысрайыл уулдары туткундап алышты, алардын бодо малын, короо-короо койлорун, мүлкүн олжолоп алышты.

10Алардын карамагындагы шаарларды, айыл-кыштактарды өрттөп жиберишти.

11Тартып алгандарынын баарын: бүт олжону, малды, туткундап алган адамдарды алып кетишти.

12Алар туткундарын, олжолорун, тартып алгандарын Жерихонун маңдайындагы Иордандын боюнда, Маап түздүгүндө жайгашкан Ысрайыл уулдарынын жамаатына жана Муса менен ыйык кызмат кылуучу Элазарга жеткиришти.

13Муса менен ыйык кызмат кылуучу Элазар, жамааттын бүт төрөлөрү алардын алдынан тосуп чыгышты.

14Ошондо согуштан кайткан аскер башчыларына, миң башыларына, жүз башыларына Мусанын ачуусу келип, мындай деди:

15«Аялдарын эмне үчүн тирүү калтырдыңар?

16Биламдын кеңеши менен Пейорго жагынып, Ысрайыл уулдарынын Теңирден баш тартуусуна себепкер болгондор ушулар. Ошон үчүн Теңирдин жамааты кыйраган.

17Ошондуктан бардык эркек балдарын, эркек менен жаткан аялдарын өлтүргүлө.

18Ал эми эркек көрө элек кыздарын өзүңөр үчүн тирүү калтыргыла.

19Ошондон кийин жети күн стандын сыртында туруп тургула. Киши өлтүргөн же өлүккө тийген адамдарыңардын баары, туткундарыңар да үчүнчү жана жетинчи күнү тазалангыла.

20Бүт кийимиңерди, бүт булгаары буюмдарыңарды, эчкинин жүнүнөн жасалган бүт нерселериңерди, бүт жыгач идиштериңерди тазалап чыккыла».

21Ыйык кызмат кылуучу Элазар согушка барып келген жоокерлерге мындай деди: «Теңирдин Мусага осуяттаган мыйзамы мындай:

22“Алтынды, күмүштү, жезди, темирди, калайды жана коргошунду,

23отко салына тургандардын бардыгын тазалаш үчүн отко салгыла, андан кийин тазартуучу сууга салгыла, ошондо таза болот, ал эми отко салынбай тургандардын бардыгын сууга салгыла.

24Кийимиңерди болсо жетинчи күнү жуугула, ошондо таза болосуңар, ошондон кийин гана станга кирсеңер болот”».

25Теңир Мусага мындай деди:

26«Ыйык кызмат кылуучу Элазар жана жамааттын уруу башчылары менен олжого түшкөн адамдарды, малды санап чык.

27Анан олжону согушка барып келген жоокерлерге жана бүт жамаатка тең бөлүп бер.

28Согушка барып келген ар бир жоокерден Теңир үчүн алым ал, адамдардан да, бодо малдан да, эшектерден да, майда малдан да ал: беш жүз баштан бир баш ал.

29Аларга тийген олжонун жарымынан алым ал. Муну өйдө көтөрүп Теңирге алып келген курмандык катары ыйык кызмат кылуучу Элазарга бер.

30Ысрайыл уулдарына тийген олжонун жарымынан Теңирдин жыйын чатырында кызмат кылган лебилерге бер. Адамдардан да, бодо малдан да, эшектерден да, майда малдан да ал: элүү баштан бир баш ал».

31Муса менен ыйык кызмат кылуучу Элазар Теңирдин Мусага айтканындай кылышты.

32Согушка барып келген жоокерлер тартып алган олжонун саны: алты жүз жетимиш беш миң майда мал,

33жетимиш эки миң бодо мал,

34алтымыш бир миң эшек,

35отуз эки миң эркек көрө элек кыз.

36Согушка катышкандардын жарым үлүшүн эсептегенде, үч жүз отуз жети миң беш жүз майда мал болду.

37Теңир үчүн алынган алымдын саны алты жүз жетимиш беш майда мал болду.

38Бодо малдын саны – отуз алты миң, анын жетимиш экиси – Теңир үчүн алынган алым.

39Эшектин саны – отуз миң беш жүз, анын алтымыш бири – Теңир үчүн алынган алым.

40Адамдардын саны – он алты миң, анын отуз экиси – Теңир үчүн алынган алым.

41Муса Теңир үчүн алынган алымды, Теңир буйругандай, ыйык кызмат кылуучу Элазарга тапшырды.

42Муса согушка катышкандар алып келген олжонун жарымын Ысрайыл уулдарына бөлүп берди.

43Жамааттын энчисине тийген олжонун жарымы мынча: үч жүз отуз жети миң беш жүз майда мал,

44отуз алты миң бодо мал,

45отуз миң беш жүз эшек,

46он алты миң адам.

47Ысрайыл уулдарына тийген жарым олжонун: адамдардын, малдын элүүдөн бир бөлүгүн Муса алып, Теңир буйругандай, Теңирдин жыйын чатырында кызмат кылган лебилерге берди.

48Мусага миңдеген жоокерлердин аскер башчылары, миң башылары, жүз башылары келип, мындай дешти:

49«Кулдарың өздөрүнө тапшырылган жоокерлерди санап чыгышты, алардын бири да кемибептир.

50Мына, Теңирдин алдында тазаланышыбыз үчүн, ар кимибиз өзүбүз тапкан алтындан жасалган буюмдарды: моюнга тагылчу чынжырларды, билериктерди, шакектерди, сөйкөлөрдү, чачпактарды Теңирге арнап алып келдик».

51Муса менен ыйык кызмат кылуучу Элазар алтындан жасалган ушул буюмдарды алардан алышты.

52Миң башылар менен жүз башылардын Теңирге арнап алып келген алтын буюмдарынын салмагы он алты миң жети жүз элүү шекел болду.

53Жоокерлердин ар бири өзү үчүн талап-тоногон.

54Ошентип, Муса менен ыйык кызмат кылуучу Элазар миң башылар менен жүз башылардан алтындарды алып, Теңир Ысрайыл уулдарын эсине алышы үчүн, жыйын чатырына алып келишти.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>