1Рубейиндин уулдары менен Гаттын уулдарынын малы өтө көп эле. Алар Жазер жеринде да, Гилат жеринде да малга ылайыктуу жерлер бар экенин көрүштү.
2Анан Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдары Муса менен ыйык кызмат кылуучу Элазарга жана жамааттын төрөлөрүнө келип, мындай деп айтышты:
3«Атарот, Дибон, Жазер, Нимра, Кешпон, Элалей, Сыбам, Небо жана Быйон жерлерин
4Теңир Ысрайыл жамаатынын алдында кыйратып салган. Бул жерлер – малдын жайытына ылайыктуу жерлер. Кулдарыңдын болсо малы көп.
5Эгерде биз сенин алдыңда ырайым тапкан болсок, бул жерлерди өз кулдарыңдын карамагына бер. Бизди Иордан суусунан ары өткөрбө».
6Ошондо Муса Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдарына мындай деди: «Бир туугандарыңар согушка бара жатышса, силер бул жерде каласыңарбы?
7Эмне үчүн силер Ысрайыл уулдарын Теңир берип жаткан жерге өткөрбөй айнытып жатасыңар?
8Мен силердин ата-бабаларыңарды жерди көрүп келиш үчүн Кадеш-Барнейиден жөнөткөндө, алар да ушундай кылышкан.
9Алар Эшкол өрөөнүнө чейин барып, ошол жерди көрүп келишкенден кийин, Теңир берип жаткан жерге Ысрайыл уулдары барбашы үчүн, аларды айнытышкан.
10Ошол күнү Теңирдин каары кайнап, мындай деп ант берген:
11“Мисирден чыккан бул элдин жыйырма жана андан жогорку жаштагылары Мен Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка берем деп убада кылган жерди көрүшпөйт, себеби алар Мага баш ийбей коюшту.
12Ал жерди Кеназдык Жепундун уулу Калеп менен Нундун уулу Жашыя гана көрөт, анткени булар Теңирге баш ийишкен”.
13Ысрайылга Теңирдин каары кайнап, аларды чөлдө кырк жыл алып жүрдү. Алар Теңирдин алдында күнөө кылган бүт уруусу өлүп жок болгуча тентишти.
14Мына азыр да, силер, күнөөкөрлөрдүн тукуму, ата-бабаңарга окшоп көтөрүлүп чыгып, Ысрайылга Теңирдин каарын дагы кайнаттыңар.
15Эгерде силер Теңирден баш тартсаңар, анда Ал элди дагы чөлгө калтырат, силер бул элди ушинтип курутасыңар».
16Ошондо алар Мусага келип, мындай дешти: «Биз бул жерге малыбызга короо-сарайларды салабыз, балдарыбызга шаар курабыз.
17Өзүбүз болсо биринчи болуп куралданып алып, Ысрайыл уулдарын өз жерине жеткирмейинче, алардын алдында барабыз. Ал жердин тургундары балдарыбызга коркунуч туудурбашы үчүн, аларды чептүү шаарларда калтырабыз.
18Ысрайыл уулдарынын ар бири өз үлүшүн алмайынча, биз үйүбүзгө кайтып келбейбиз.
19Эгерде бизге Иордандын берки өйүзүнөн, чыгыш тараптан үлүш тийсе, анда биз Иордандын аркы өйүзүнөн жана андан аркы жерлерден алар менен бирге үлүш албайбыз».
20Ошондо Муса аларга мындай деди: «Эгерде силер мындай кылсаңар, эгерде Теңирдин алдында куралданып чыксаңар,
21силердин куралданган ар бир жоокериңер, Теңир Өзүнүн алдындагы душмандарын жок кылып бүтмөйүнчө, Теңирдин алдында Иордандын аркы өйүзүнө өтсө,
22Теңирдин алдында жер багынып берсе, ошондон кийин кайрылып келсеңер, анда Теңирдин жана Ысрайыл элинин алдында күнөөлүү болбойсуңар, ошондо бул жер Теңирдин алдында силердин энчиңер болот.
23Эгерде мындай кылбасаңар, анда Теңирдин алдында күнөөгө баткан болосуңар, бул күнөөңөр үчүн жазаланасыңар.
24Балдарыңарга шаар, койлоруңарга короо-жай кургула, оозуңардан эмне чыкса, ошону жасагыла».
25Ошондо Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдары Мусага мындай дешти: «Мырзабыз кандай буйруса, кулдарың ошондой кылышат.
26Балдарыбыз, аялдарыбыз, бардык малыбыз ушул жерде, Гилат шаарларында калат.
27Кулдарың болсо, мырзабыз айткандай, жоокерлердей куралданып, Теңирдин алдында согушка барат».
28Ошондо Муса алар тууралуу ыйык кызмат кылуучу Элазарга, Нундун уулу Жашыяга жана Ысрайыл уулдарынын уруу башчыларына мындай деп буйрук берди:
29«Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдарынын бардыгы куралданып, Теңирдин алдында силер менен бирге Иордандын аркы өйүзүнө өтсө, силердин алдыңарда жер багынып берсе, анда Гилат жерин алардын карамагына бергиле.
30Эгерде алар силер менен бирге куралданып барышпаса, анда силер менен бирге Канаан жеринен үлүш алышат».
31Ошондо Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдары мындай деп жооп беришти: «Теңир сенин кулдарыңа кандай айтса, так ошондой кылабыз.
32Биз Теңирдин алдында куралданып, Канаан жерине барабыз, биздин үлүшүбүз Иордандын бул өйүзү болсун».
33Муса Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдарына, Жусуптун уулу Менашенин жарым уруусуна Амор падышасы Сихон падышачылык кылып турган жерлерди, Башан падышасы Ог падышачылык кылып турган жерлерди шаарлары менен, чет жакаларындагы айыл-кыштактары менен берди.
34Гаттын уулдары Дибон, Атарот, Аройер,
35Атрот-Шопан, Жазер, Жокпея,
36Бейт-Нимра, Бейт-Аран деген бекем коргондуу шаарларды, койлорго короо-сарайларды курушту.
37Рубейиндин уулдары Кешпон, Элалей, Кирийатайим деген шаарларды курушту.
38Аттары өзгөртүлгөн Небо менен Баал-Мейонду, ошондой эле Сыбманы курушту. Алар өздөрү курган шаарларга ат коюшту.
39Менашенин уулу Махирдин уулдары Гилатка барып, аны басып алып, ал жерде жашаган аморлуктарды кууп чыгышты.
40Муса Менашенин уулу Махирге Гилатты берди, ал ошол шаарга отурукташты.
41Менашенин уулу Жайыр барып, айыл-кыштактарын басып алып, аларды Жайырдын айыл-кыштактары деп атады.
42Нобах да барып, Кенатты жана ага караштуу шаарларды басып алып, аларды өз атынан Нобах деп атады.