1Муса менен Арундун башчылыгы астында Мисир жеринен стандары менен чыккан Ысрайыл уулдары мындай жол жүрүштү:
2Муса Теңирдин буйругу боюнча алардын стандары менен жол жүргөнүн жазып чыкты. Алар басып өткөн жерлер булар:
3Алар биринчи айдын он бешинчи күнү Раамсестен чыгышкан. Ысрайыл уулдары Пасахтын эртеси бүткүл Мисир элинин көз алдында күчтүү колдун астында чыгышты.
4Ошол убакта мисирликтер Теңир өлтүргөн бардык тун уулдарын көмүп жатышкан. Теңир алардын кудайларына өкүм чыгарды.
5Ошентип, Ысрайыл уулдары Раамсестен чыгып, Сукотко жайгашышты.
6Сукоттон чыгып, Эйтамга жайгашышты, ал чөлдүн четиндеги жер эле.
7Эйтамдан чыгып, Баал-Сыпондун жанындагы Пи-Ахиротко жөнөп, Мигдолдун жанына жайгашышты.
8Пи-Акироттон чыгып, деңиздин ортосу менен чөлгө өтүштү. Эйтам чөлүндө үч күн бою жол жүрүштү, анан Марага жайгашышты.
9Марадан чыгып, Эйлимге келишти. Эйлимде болсо он эки булак, жетимиш курма дарагы бар эле, алар ошол жерге жайгашышты.
10Эйлимден чыгып, Кызыл деңиздин жанына жайгашышты.
11Кызыл деңизден чыгып, Син чөлүнө жайгашышты.
12Син чөлүнөн чыгып, Допкага жайгашышты.
13Допкадан чыгып, Алушка жайгашышты.
14Алуштан чыгып, Репидимге жайгашышты, бирок ал жерде эл ичкенге суу жок эле.
15Репидимден чыгып, Синай чөлүнө жайгашышты.
16Синай чөлүнөн чыгып, Киброт-Атаапка жайгашышты.
17Киброт-Атааптан чыгып, Хатсейротко жайгашышты.
18Хатсейроттон чыгып, Ритмага жайгашышты.
19Ритмадан чыгып, Римон-Переске жайгашышты.
20Римон-Перестен чыгып, Либнага жайгашышты.
21Либнадан чыгып, Рисага жайгашышты.
22Рисадан чыгып, Кейлатка жайгашышты.
23Кейлаттан чыгып, Шепер тоосуна жайгашышты.
24Шепер тоосунан чыгып, Харатка жайгашышты.
25Хараттан чыгып, Макейлотко жайгашышты.
26Макейлоттон чыгып, Тахатка жайгашышты.
27Тахаттан чыгып, Тарахка жайгашышты.
28Тарахтан чыгып, Миткага жайгашышты.
29Миткадан чыгып, Хашмонго жайгашышты.
30Хашмондон чыгып, Мосейротко жайгашышты.
31Мосейроттон чыгып, Беней-Жааканга жайгашышты.
32Беней-Жаакандан чыгып, Хор-Агидгатка жайгашышты.
33Хор-Агидгаттан чыгып, Жотпатка жайгашышты.
34Жотпаттан чыгып, Абронго жайгашышты.
35Аброндон чыгып, Этсион-Геберге жайгашышты.
36Этсион-Геберден чыгып, Син чөлүнүн Кадеш деген жерине жайгашышты.
37Кадештен чыгып, Эдом менен чектешкен Ор тоосуна жайгашышты.
38Ошондо ыйык кызмат кылуучу Арун Теңирдин буйругу боюнча Ор тоосуна чыгып, Ысрайыл уулдарынын Мисир жеринен чыкканына кырк жыл болгондо, бешинчи айдын биринчи күнү көз жумду.
39Арун жүз жыйырма үч жашка чыгып, Ор тоосунда көз жумду.
40Канаан жеринин түштүгүндө жашаган Канаан падышасы Аратта Ысрайыл уулдарынын келе жатканын укту.
41Алар Ор тоосунан чыгып, Салмонго жайгашышты.
42Салмондон чыгып, Пунонго жайгашышты.
43Пунондон чыгып, Оботко жайгашышты.
44Оботтон чыгып, Маап менен чектешкен жердеги Жей-Абаримге жайгашышты.
45Ийимден (Жей-Абаримден) чыгып, Дибон-Гатка жайгашышты.
46Дибон-Гаттан чыгып, Алман-Дыблатайымга жайгашышты.
47Алман-Дыблатайымдан чыгып, Ныбонун жанындагы Абарым тоолоруна жайгашышты.
48Абарым тоолорунан чыгып, Жерихонун маңдайындагы Иордандын боюна, Маап түздүгүнө жайгашышты.
49Алар Иордандын жанындагы Бейт-Айешимоттон Абел-Шитимге чейин созулуп жаткан Маап түздүгүнө жайгашышты.
50Теңир Мусага Жерихонун маңдайындагы Иордандын боюнда, Маап түздүгүндө мындай деди:
51«Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Канаан жерине Иордан суусу аркылуу өткөнүңөрдө,
52ал жерде жашагандардын бардыгын кууп чыгып, жасалма кудайларынын сүрөттөрүн, куюлган жасалма кудайларын, бутканаларын талкалагыла.
53Ошол жерди ээлеп, ошол жерге отурукташкыла, анткени ошол жерди Мен силерге мураска бердим.
54Жерди урууларыңарга өкчөмө таш ыргытып бөлүштүргүлө. Саны көп урууларга көбүрөөк үлүш, саны аз урууларга азыраак үлүш бергиле. Өкчөмө таш боюнча кимге кандай жер тийсе, ал ошол жерди алсын. Ар ким өз уруусу менен үлүш алсын.
55Эгерде силер ал жерде жашагандарды кууп чыкпасаңар, анда алардан калып калгандар көзүңөргө кирген, капталыңарга сайылган тикенек болот, силер жашай турган жерде силерди кысымга ала башташат.
56Мына ошондо Мен аларга кылайын дегенимди силерге кылам”».