1Теңир Мусага мындай деди:
2«Ысрайыл уулдарына мындай деп буйрук бер: “Канаан жерине киргениңерде, силердин энчиңерге тие турган Канаан жери жана анын чек аралары бул:
3силердин түштүк чек араңар Эдомдун жанындагы Син чөлү болот, түштүк чек араңар чыгыш тараптагы Туздуу деңиздин аягынан башталат.
4Чек араңар түштүк тараптагы Акрабым дөңсөөсүнө бурулуп, Син чөлүнөн өтөт, анан Кадеш-Барнейинин түштүгүнө келип такалат, андан Гатсар-Адарга жетип, Асмон аркылуу өтөт.
5Чек ара Асмондон Мисир суусуна бурулуп, деңизге барып такалат.
6Ал эми батыштагы чек араңар улуу деңиз болот. Бул силердин батыш тарабыңардагы чек араңар.
7Түндүк тарабыңардагы чек араңар улуу деңизден Ор тоосуна чейин созулат.
8Ор тоосунан Хаматка жетет да, андан ары Седатка барып такалат.
9Андан ары Зиброндон Хатсар-Эйнанга чейин кетет. Бул силердин түндүк чек араңар.
10Чыгыш чек араңар Хатсар-Эйнандан Шепамга чейин болсун.
11Шепамдан чек ара Айындын чыгыш тарабы менен Риблага жетет, анан Кинерет деңизинин чыгыш жээктерине тийип өтөт.
12Чек ара Иорданга жетип, Туздуу деңизге такалат. Бул силердин бардык тарабынан чек ара менен чектелген жериңер болот”».
13Анан Муса Ысрайыл уулдарына мындай деп буйрук берди: «Мынакей, өкчөмө таш ыргытып бөлүп алчу жериңер ушул, ушул жерди Теңир тогуз урууңарга жана жарым урууңарга берүүгө буйруду.
14Анткени Рубейин уулдарынын уруулары, Гат уулдарынын уруулары жана Менаше уулдарынын жарым уруусу өз энчилерине тийген үлүштөрүн алышкан.
15Иордандын аркы өйүзүндөгү, чыгыш жактагы, Жерихонун маңдайындагы жерди ушул эки уруу менен жарым уруу бөлүп алышкан».
16Теңир Мусага мындай деди:
17«Силерге жер бөлүп бере турган адамдар булар: ыйык кызмат кылуучу Элазар жана Нундун уулу Жашыя.
18Жер бөлүштүргөнгө ар бир уруудан бирден төрө алгыла.
19Ал төрөлөр булар: Жүйүт уруусунан Жепундун уулу Калеп,
20Шымон уруусунан Амийуттун уулу Шемуел,
21Бенжемин уруусунан Кислондун уулу Элидат,
22Дан уруусунан мырза Жогланын уулу Буки төрө,
23Жусуптун уулдарынан Менашенин уруусунан Эйпоттун уулу Ханиел төрө,
24Эпрайым уруусунан Шиптандын уулу Кемуел төрө,
25Забулун уруусунан Парнактын уулу Элитсапан төрө,
26Исахар уруусунан Азандын уулу Палтиел төрө,
27Ашыр уруусунан Шеломинин уулу Акийут төрө,
28Напталы уруусунан Амийуттун уулу Педаел төрө».
29Теңирдин буйругу боюнча Ысрайыл уулдарынын энчисине Канаан жерин бөлүштүрө тургандар ушулар.