Сандар 35:1-34 KYB2004 - Bible AI

1Теңир Мусага Жерихонун каршысындагы Иордандын боюнда, Маап түздүгүндө мындай деди:

2«Ысрайыл уулдарына буйрук бер, алар өздөрүнүн үлүштөрүнөн лебилерге жашай турган шаарларды беришсин. Шаарлардын тегерегиндеги жерлерди да лебилерге бергиле.

3Шаарлар алар үчүн жашай турган жай болот, талаалар болсо алардын малы үчүн жайыт, мал-мүлкү үчүн короо-жай, күндөлүк керектөөлөрү үчүн жер болот.

4Лебилерге бере турган шаарлардын тегерегиндеги талаалар шаардын дубалдарынан эки миң чыканак ары болушу керек.

5Шаардын сыртынан чыгышты карай эки миң чыканак, түштүккө карай эки миң чыканак, батышка карай эки миң чыканак, түндүккө карай эки миң чыканак ченегиле, ортосунда шаар турат: алардын шаардын сыртындагы талаалары ушундай болот.

6Лебилерге бере турган шаарларыңардын ичинен алты шаарды баш калкалоо үчүн бергиле. Ал шаарларга киши өлтүргөн адам качып барат. Мындан тышкары кырк эки шаар бергиле.

7Лебилерге талаалары менен кырк сегиз шаар бергиле.

8Ысрайыл уулдарынын үлүштөрүнөн шаарларды бере баштаганыңарда, саны көп уруудан көбүрөөк үлүш, саны аз уруудан азыраак үлүш бергиле. Ар бир уруу алган үлүшүнө жараша өз шаарларынан лебилерге берүүгө тийиш».

9Теңир Мусага дагы мындай деди:

10«Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Силер Иордан аркылуу Канаан жерине өткөнүңөрдө,

11өзүңөргө баш калкалай турган шаарларды тандап алгыла. Ал шаарга кокусунан киши өлтүрүп алган адам качып кете алгыдай болсун.

12Силердин ушул шаарларыңар киши өлтүргөн адам жамааттын алдына сотко келгенге чейин өч алуучунун колунан өлүп калбаш үчүн баш калкалай турган шаарлар болот.

13Баш калкалоо үчүн алты шаар бергиле.

14Yч шаарды Иордан суусунун берки өйүзүнөн, үч шаарды Канаан жеринен бергиле. Ал шаарлар баш калкалай турган шаарлар болсун.

15Ысрайыл уулдары үчүн да, келгиндер үчүн да, силердин араңарга жер которуп келгендер үчүн да ушул алты шаар баш калкалай турган шаар болот, кокусунан киши өлтүрүп алган адам ошол шаарларга качып кетсин.

16Ким кимдир бирөөнү темир курал менен уруп өлтүрсө, анда ал киши өлтүргөн адам болуп эсептелет. Киши өлтүргөн адам өлүм жазасына тартылсын.

17Ким кимдир бирөөнү таш менен уруп өлтүрсө, анда ал да киши өлтүргөн адам болуп эсептелет. Киши өлтүргөн адам өлүм жазасына тартылсын.

18Же жыгач курал менен уруп өлтүрсө, ал да киши өлтүргөн адам болуп эсептелет. Киши өлтүргөн адам өлүм жазасына тартылсын.

19Кан кууган адам киши өлтүргөн адамды өлтүрүп салса болот. Аны жолуктурары менен эле өлтүрүп салса болот.

20Ким кимдир бирөөнү жек көрүп түртүп жиберип же ага атайы эле бирдеме ыргытып өлтүрсө,

21же болбосо кастык кылып кол менен уруп өлтүрсө, анда урган адам өлүм жазасына тартылсын, анткени ал – киши өлтүргөн адам. Кан кууган адам киши өлтүргөн адамды жолуктурары менен эле өлтүрүп салса болот.

22Эгерде ал аны кастыгы жок эле түртүп алып, же ага эч бир арам ою жок эле бирдеме ыргытып жиберип,

23же ага тийсе өлтүрө турган ташты көрбөй ыргытып жиберип кокусунан өлтүрүп алса, бирок ал анын душманы болбосо, ага жамандык каалабаган болсо,

24анда жамаат киши өлтүргөн адам менен кан кууган адамдын ортосундагы ишти бул мыйзам боюнча карап чыксын:

25Жамаат кокустан киши өлтүрүп алган адамды кан кууган адамдан куткарып алып, аны баш калкалай турган шаарга кайра жөнөтүшү керек. Ал адам майлоочу май менен майланган башкы ыйык кызмат кылуучу өлгөнгө чейин, ошол жерде жашап турсун.

26Эгерде киши өлтүргөн адам качып барып баш калкалап турган шаардын сыртына чыкса,

27кан кууган адам аны баш калкалай турган шаардын сыртынан кармап алып, кан үчүн өлтүрүп салса, анда ал кан төккөндүгү үчүн күнөөлүү болбойт.

28Анткени ал башкы ыйык кызмат кылуучу өлгөнгө чейин, баш калкалай турган шаарда жашап турушу керек эле. Киши өлтүргөн адам өзүнүн жерине башкы ыйык кызмат кылуучу өлгөндөн кийин кайтышы керек болчу.

29Бул силерге, силердин укум-тукумуңарга силер жашаган бардык жерлерде түбөлүккө калган көрсөтмө болсун.

30Ким киши өлтүрсө, анда киши өлтүргөн адамды күбөлөрдүн сөздөрү боюнча өлтүрүш керек, бирок өлүмгө өкүм кылыш үчүн, бир күбө жетишсиз.

31Киши өлтүрүп, өлүм жазасына өкүм кылынган киши үчүн кун албагыла, ал өлүм жазасына тартылсын.

32Баш калкалай турган шаарга качып кеткен кишиден өз жерине кайра кетиши үчүн кун төлөтүп албагыла. Башкы ыйык кызмат кылуучу өлгөнгө чейин, ал ошол жерде жашап турсун.

33Өзүңөр жашаган жерди булгабагыла, анткени жерди кан булгайт, кан төккөн кишинин каны төгүлмөйүнчө, жер төгүлгөн кандан тазаланбайт.

34Өзүңөр жашап жаткан жерди булгабашыңар керек, анткени Мен силердин араңарда жашап жатам. Ысрайыл уулдарынын арасында жашап жаткан Теңир Менмин”».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>