1Гилаттын уулдарынан тараган уруулардын башчылары (Гилат Махирдин, Махир Менашенин уулу. Бул уруу – Жусуптун уулдарынан тараган уруулардын бири.) Мусанын жана Ысрайыл уулдарынын уруу башчылары болгон төрөлөрдүн алдына келип, мындай дешти:
2«Теңир Ысрайыл уулдарына өкчөмө таш ыргытып жер бөлүштүрүп берүүнү биздин мырзабызга буйруган. Теңир биздин бир тууганыбыз Салапаттын үлүшүн анын кыздарына берүүнү да биздин мырзабызга буйрук кылган.
3Эгерде алар Ысрайыл уулдарынын башка уруусундагы уулдарынын аялдары болуп калса, анда алардын үлүшү биздин ата-бабалардын үлүшүнөн алынып, алар келин болуп барган урууга кошулуп берилет, өкчөмө таш боюнча алган үлүшүбүз да аларга берилет.
4Атүгүл, Ысрайыл уулдары юбилей жылын өткөргөндө да, алардын үлүшү алар келин болуп барган урууга кошулуп, ата-бабаларыбыздын урууларынын үлүшүнөн алардын үлүшү бөлүнүп алынат».
5Ошондо Муса Ысрайыл уулдарына Теңирдин сөзү боюнча мындай деп буйрук берди: «Жусуптун уулдарынан тараган уруулар туура айтып жатышат.
6Теңир Салапаттын кыздары жөнүндө мындай осуят кылат: Алар өздөрүнө жаккан адамга күйөөгө чыгышсын. Бирок алар өз атасынын уруусундагыларга гана чыгышсын.
7Анткени Ысрайыл уулдарынын үлүшү уруудан урууга өтпөшү керек. Ысрайылдын ар бир уруусу өз ата-бабасынын урууларынын үлүшүнө гана байлануу болушу керек.
8Ысрайыл уулдарынын урууларынын үлүштөрүн мурастай турган кыз өз атасынын уруусундагы адамга турмушка чыксын, анткени Ысрайыл уулдары өз ата-бабаларынын үлүштөрүн мурастап калышы керек.
9Yлүш бир уруудан экинчи урууга өтпөсүн, анткени Ысрайыл уулдарынын ар бир уруусу өз үлүштөрүнө байлануу болушу керек».
10Теңир Мусага кандай буйруган болсо, Салапаттын кыздары так ошондой кылышты.
11Салапаттын кыздары Махла, Тирса, Хогла, Милка жана Ноя атасынын бир туугандарынын уулдарына күйөөгө чыгышты.
12Алар Жусуптун уулу Менашеден тараган уруунун уулдарына турмушка чыгышты. Ошентип, алардын үлүшү аталарынын уруусунда калды.
13Теңир Муса аркылуу Ысрайыл уулдарына Жерихонун каршысындагы Иордан боюндагы Маап түздүгүндө берген осуяттары менен көрсөтмөлөрү ушулар.